Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
Ушул хадисте ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: динге тиешеси жок, динден алыстата турган, Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын амирлери жана көрсөтмөлөрүн кемсинте турган каада-салттардын баарысы четке кагылуучу каада-салттар. Баарысы маанисиз. Аларды четке кагуу керек. Ошондуктан, алардан абайлагыла, себеби кийинчерээк булар динге жаңы-жаңы Бидъаттарды киргизет жана дин бузулуп кетет. Мисалга, байкап көрсөңөр, каада-салттар башка диндерден жайылып, динди бузуп салды. Ырас, ушундай болмок, себеби жападан-жалгыз тирүү дин Ислам гана болушу керек болчу. Бирок, эгер силер талдап көрсөңөр, башка диндер, өзгөчө христиан дини ар кайсы өлкөлөрдө жана мамлекеттерде өзүнүн каада-салттарына жараша өз салттарын дагы динге айландырып алгандыгына күбө болосуңар. (Африкада дагы муну кезиктирүүгө болот. Анан Бидъаттарга жол ачылып калганда, жаңы-жаңы Бидъаттар динден жол алат. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Бидъаттарды жаратуучу адамдарга катуу эскертүү жасады жана аларды коркутту. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) ошого абдан кабатыр болчу. Хадисте мындай кезигет: мен силердин мына ушул Бидъаттарыңар айынан, силердин напсилерге кабылышыңар себебинен кабатырмын. Ошол себептен, дин бузулбасын, силер адашып калбагыла деп мен коркуп жатамын.
Бүгүнкү күндө силер ушул жерде Батыш чөйрөсүндө жашап жатасыңар, бул жерде эбегейсиз көп каада-салттар бар. Алар силерди динден алыстатуучу жана Исламдын абдан көркөм таалимин бүлбүлдөтүүчү каада-салттар жана жол-жоболор. Анткени, жалт-жалт эткен дүйнө кызыкчылыктары өзүнүн таасирин тийгизет. Ошондуктан, ушул чөйрөдө абайлап, сактык менен кадам шилтөө керек. Ошентип, алардын туура эмес каада-салттарына кабылуудан көрө Исламдын көркөм таалимин сунуш кылуу керек. Ар бир Ахмадийдин характери жана мүнөзү ушунчалык күчтүү болушу керек: Батыш айлана-чөйрөсү ага таасирин тийгизе албасын. Маселен: Ислам аялдарды Парда[1] кылууга буюрат. Парда айынан алардын өзгөчөлөнүп көрүнүүсүндө аялдардын абийирдүүлүгү бар. Ушул чөйрөдө эркектердин Парданын пайдалары жана өзгөчөлүктөрүн баян кылуусунан көрө, аял өзү Парда кылып, ушул чөйрөдө Парданын өзгөчөлүктөрүн баяндаганда, баарыбир анын сөзү таасирдүүрөөк болот. Парда кыла турган аялдар өзүнүн өзгөчөлүгү айынан көпчүлүк даъват кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Ушул жак да көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат. Мындан тышкары да батыштык чөйрөнүн бир топ жаманчылыктары бар. Аларды: «Биз ушул айлана-чөйрөдө жашоодобуз, биз аргасызбыз», – деп кабыл алуу абдан коркунучтуу нерсе. Маселен: силер арак иче турган бирөөгө доссуңар, силер: «Мейли ал иче берсин, мен кофе же кандайдыр бир башка суусундукту ичип аламын», – деп аны менен бирге ресторан же кафеге барсаңар, бул да туура эмес. Абдан абайлоо керек. Кудай сактасын, бир күнү өзүңөр да, алгач бир ууртам ичип, анан ага адаттанып кетишиңер мүмкүн. Ошол үчүн Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) абдан кабатыр болгон төмөнкүдөй хадисти дайыма эске алгыла.
Азирети Абу Барза (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят эткен: «Мен силердин курсактарыңар жана уяттуу жерлериңерде пайда боло турган талаптар айынан силер жөнүндө кабатырмын. Ошондой эле напсилердин каалоолорунун натыйжасында боло турган адашуулар жөнүндө дагы кабатырмын». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 4-том, 423-бет, Бейрут)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Адамзат чыныгы аракет жана эмгек кылмайынча, ал Ислам дининде бар илим-билим казынасын алалбай калат, аны алган соң күнөөкөр жашоосуна өлүм келет, адам Алла Тааланы көрөт жана Анын үндөрүн угат. Алла Таала ачык-айкын айтат:وَاَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّہٖ وَنَہَی النَّفۡسَ عَنِ الۡہَوٰیفَاِنَّ الۡجَنَّۃَ ہِیَ الۡمَاۡوٰیБир адамдын текеберленип: «Мен Аллага ыйман келтиремин», – деп айтуусу өтө эле оңой нерсе. Эгер ошондой айтуусунан кийин анда ыйман белгилери жана жемиштеринен эч нерсе болбосо, анда бул – болгону кесирленүү. Ошондой адамдар Алла Таалага такыр көңүл бурушпайт, Алла Таала да аларга көңүл бурбайт». («Ал-Хакам» газетасы, 9-том, 29-сан, 1905 ж., 17-Август, 6-бет)
Дагы мындай деп айтат:
«Кимде-ким өзүнүн Раббисинин маңдайында туруудан кооптонсо жана өзүнүн напсисин тыйса, анын жери бейиш болот. Өз напсисин тыюу Алла Таалага берилүү дегендик. Андан адам Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуп, ушул дүйнөдө эле бейиш даражасына ээ болуп калат». («Бадр» газетасы, 1-сан, 1905-ж., 3-август, 2-бет)
[1] «Хижаб» дегенди билдирет.