Төртүнчү Байъат шарты
«Ал жалпысынан, Алланын жалпы пенделерине, өзгөчө мусулмандарга өзүнүн кызуу кандуулугу маалында, тили, колу жана башка жолдор менен эч кандай зыян келтирбейт»
Ушул шарттан айкын болгондой, ачууланып, текеберленген бойдон куру намыстанып, өзүнүн колу менен дагы, тили менен дагы эч кимге зыян келтирбөө керек. «Эч бир мусулманга зыян келтирбеймин» деген шарт абдан олуттуу. Бул – бизге парыз. Ага биз өзгөчө амал кылышыбыз керек. Себеби, мусулмандар биздин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га таандык болгондуктары үчүн аларга чагымчылык кылууну ойго да келтире албайбыз. Исламдын жаман аттуу болушуна себепкер болгон, атынан эле аалым деп аталгандар болсо, буга кирбейт. Ушул доордогу Масийхи Мавъуд жана Махдийге каршы алар өз кастыгын чокусуна чыгарышкан. Аларга каршы дагы биз өз Кудайыбыздан, бардык кубаттарга ээ болгон Кудуреттүү Кудайдан ошол сыяктуу жаманчыларга каршы жардам сураган бойдон Ага кайрылып: «Эй, Алла! Сен Өзүң аларды туткун!» – деп айтабыз. Мунун себеби дагы, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) буларды: «Эң жаман жаратылыш», – деп атаган. Болбосо, биз эч кимге каршы кек сактабайбыз жана ачууланбайбыз. Биз Алла Тааланын таалимине амал кылуучубуз. Алла Таала бизге ачуубузду басууга насаат кылып, мындай дейт:الَّذِیۡنَ یُنۡفِقُوۡنَ فِی السَّرَّآءِ وَ الضَّرَّآءِ وَ الۡکٰظِمِیۡنَ الۡغَیۡظَ وَ الۡعَافِیۡنَ عَنِ النَّاسِ ؕ وَ اللّٰہُ یُحِبُّ الۡمُحۡسِنِیۡنَКотормосу: Алар токчулукта да, жокчулукта да сарп кылышат. Алар ачуусун ичине жута турган жана адамдарды кечире турган заттар. Алла марттык кылуучуларды сүйөт.(«Аали Имраан» сүрөөсү: 135)
Ушул аят менен эле Азирети Имам Хусайин (алайхиссалам)дын кулу азаттыкка чыккан эле. Мындай айтылат: кул жаңылыштык менен кандайдыр бир ысык нерсени – суу же ичиле турган башка нерсе болчу – ага төгүп жиберди. Ал (алайхиссалам) ачууланып ага карады. Ал акылдуу киши болчу. Курани Каримди да билчү, сөзмөр да болчу. Ал дароо: «Вал каазимийнал-гайза», – деп айтты. Ал (алайхиссалам): «Болуптур», – деди жана ачуусун басты. Ал: «Ачуусун басты, бирок ичине кек сактап, башка бир жаңылыштык айынан жазалашы мүмкүн», – деп ойлоп: «Вал аафийна аниннааси», – деп айтты. Ал: «Болуптур, мен кечирдим», – деди. Анын билими жана сөзгө чечендиги дагы жардам берди, ал: «Валлааху йухиббул мухсинийна», – деп айтты. Ал: «Болуптур, мен сени азаттыкка чыгардым», – деди. Ошол доордо кулдар сатылып алынчу, ошондуктан ошончолук оңой менен азаттык берилбейт эле. Бирок, кулдун сөзгө чечендиги, билими жана кожосунун такыбасы жардам берди, ал азаттыкка чыкты. Мына бул – Исламдын таалими.