Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
Азирети Анас (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бир мүрзөнүн жанында отуруп, ыйлап жаткан бир аялдын жанынан өттү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алладан корккун жана сабыр кылгын», – деп айтты. Ал аял: «Бул жерден жогол, жолуң менен кете бер. Мага келген кырсык сага келе элек», – деп жооп кылды. Чынында, ал аял Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды тааныган эмес болчу (ошол үчүн анын оозунан ушул сыяктуу адепсиз сөздөр чыкты). Бул – Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) экени ага айтылганда, ал коркуп кетип, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эшигине келди. Ал жерде тосуп туруучу кароол болбогондуктан, ал түз эле ичине кирип барды жана: «Эй, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)! Мен сизди тааныбай калдым», – деп айтты. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Кырсыктын башталышында эле кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот», – деп айтты (болбосо ыйлап-сыктап, акырында бардык адамдар сабыр кылышат го). («Сахих Бухарий», Китаабул-Жанааиз, Баабу Зыяратил-Кубуур)
Бешинчи шартта төмөнкүдөй абдан маанилүү нерсе баяндалган: кандай гана жагдай болбосун, мейли оорчулук жана тартыш күндөрү созулуп жаткан болсун, мейли дүйнө өзүнүн кызыкчылыктары менен өзүнө тартып турсун, ошондой эле «эгер баланча иш кылсам, белгилүү жакка ооп кетсем, чоң-чоң пайдаларга ээ болуп каламын» деген ой да келбесин, туруктуулугуңарды көрсөткүлө. Дүйнөлүк күч-кубаттар дагы: «Эч нерсе эмес, сиз Ахмадий катары Жамаатка байланышкан бойдон да ушул ишти жасасаңыз болот. Ушул бизнести кылсаңыз, сиз ал-ахвалыңызды жакшыртып аласыз, анан Чанда[1] берип, Жамаатка кызмат да кыла аласыз», – деп кызыктырып жаткан болот. Булардын баарысы – Жамааттан жана Алла Тааладан алыстата турган «дажжалдык» айла-амалдар. Ошол үчүн Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам): «Эгер силер Байъат кылган болсоңор, ошондой тузактарга илинбегиле. Ошол алдамчылыктан оолак болгула. Алла Таалага чын болгула. Ага гана кайрылсаңар, анда силер меникисиңер жана бүт баары силерге берилет», – деп айтты. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааты – абдан көркөм.
Азирети ибни Аббаас (разияллааху анху) мындай рабаят эткен: бир ирет мен Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га учкашып бараткан элем. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, сүйүктүүм! Мен сага бир нече насаат айтамын: биринчиден, сен Аллага көңүл бургун, Алла сага көңүл бурат. Сен Аллага карагын, сен Аны өз жаныңда табасың. Бир нерсе сурамакчы болсоң, Алла Тааладан сурагын. Жардам сурамакчы болсоң, Алла Тааладан жардам сурагын жана билгин: эгер баардык адамдар биргелешип, сага пайда келтирмекчи болушса да, сага кенедей да пайда келтире алышпайт, ооба, Алла каалаган жана сенин үлүшүңө жазып койгон пайда болсо, анда башка кеп. Ошондой эле эгер алар сага зыян келтирүүгө биргелешип алышса да, сага такыр зыян келтире алышпайт, туура Алла таала сенин бешенеңе жазып койгон зыян болсо, анда бул башка кеп. Калемдер ташталды жана тагдыр баракчасы кургап калды», – деп айтты. («Сунан Тирмезий», Китааб сифатул-Кыяма, 59-бет)
Дагы бир рабаятта баяндалгандай, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Аллага карагын, сен Аны алдыңан табасың. Сен Алланы молчулукта тааныгын, Алла Таала сени оорчулукта тааныйт жана билгин: сага тийбеген жана сага жетпеген нерсе сенин насибиңде жок болчу, ошондой эле сага насип болгон нерсе сага берилбей калбайт, анткени тагдырдын жазмышы ошондой. Алла Тааланын жардамы сабыр кылуучулар менен бирге экенин, кубаныч менен кайгы жанаша экенин жана ар бир кыйынчылыктан кийин жеңилдик менен токчулук бар экенин билгин». (Ушул рабаят мазмуну жагынан «Муснад Ахмад бин Ханбал», 1-том, 307-бет, Бейрутта кезигет. Мындан тышкары бул жана андан мурунку рабаят «Хадийкатус-Саалихийн», автору: Азирети Малик Сайфур-Рахмаан мырзанын 101-хадисинде баяндалган.) («Рыязус-Саалихийн» лил-Имам ан-Нававий, Баабул-Мараакаба, 62-хадис)
Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир дагы амалы Алла Тааланын ыраазычылыгысыз болгон эмес, буга карабастан Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын ыраазчылыгына татыктуу болууга ушунчалык муңкануу менен дуба сурачу эле.
Мухаммад бин Ибраахийм Азирети Айша (разияллааху анхаа)нын мындай деп айтканын рабаят этет: «Мен Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жамбашында уктап жаткан элем. Анан түндүн бир бөлүгүндө аны ордунан таппадым. Сыйпалап издесем, кокустан менин колум Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык бутуна тийди. Ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Алла! Мен Сенин нааразычылыгыңдан Сенин ыраазычылыгыңдын паанасын сураймын жана Сенин жазаңдан Сенин кечиримдүүлүгүңдүн паанасына киремин. Мен Сенин мактоо-алкоолоруңду санай албаймын. Сен дал Өзүңдү мактап айткан мактоолоруңдайсың», – деп дуба сурап жаткан эле. («Сунан Тирмезий», Китаабуд-Даъваат, Баабу маа жаа,а фий акдит-Тасбийх бил-Йади)
Дагы бир рабаят боюнча Азирети Абдул-Ваххааб бин Вурд мединалык бир адамдан мындай деп рабаят этет: «Азирети Муъаавия: «Мага жазуу түрүндө кандайдыр бир насаат кылыңыз», – деп Азирети Айша (разияллааху анхаа)га кат жолдогон. Ошондо Азирети Айша (разияллааху анхаа) ага мындай деп жазган: Ассалааму Алайкум! Мен Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккам: «Кимде-ким адамдарды капа кылып, Алла Тааланын ыраазычылыгын кааласа, Алла Таала адамдардын каршысында ал үчүн Өзү жетиштүү болуп калат. Ошондой эле ким адамдардын ыраазычылыгын тилеп, Алла Тааланы нааразы кылса, Алла Таала аны адамдарга тапшырып коёт». («Сунан Тирмезий», Китаабуз-Зухуд, Баабу маа жаа’а фий хифзил-Лисаани, 2414-хадис)
[1] Ислам динин өнүктүрүү жана дүйнөгө жайылтуу максатында Ахмадий мусулмандар Жамаатка берип жаткан акча жана мал-мүлк.