17-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Тахажжуд намазынын маанилүүлүгү

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

Йанзилу Раббунаа табаарака ва таъаалаа кулла лайлатин илас-самааид-дуня хийна йабка солосул-лайлил-аахиру йакуулу ман йадъуний фа-астажийба лаху. Ман йасʹалуний фа-уътияху. Ман йастагфируний фа-агфира лаху. (Бухарий, Китаабул-Жумуъати, Баабуд-Дуъааи вас-Салаати мин аахирил-лайли, 1145-хадис)

Йанзилу Раббунаа табаарака ва таъаалаа кулла лайлатин илас-самааид-дуня хийна йабка солосул-лайлил-аахиру йакуулу ман йадъуний фа-астажийба лаху. Ман йасʹалуний фа-уътияху. Ман йастагфируний фа-агфира лаху. (Бухарий, Китаабул-Жумуъати, Баабуд-Дуъааи вас-Салаати мин аахирил-лайли, 1145-хадис)

Өтө көп берекелер Ээси жана өтө Бийик Алла ар бир түндө түндүн үчүнчү бөлүгү калганда ылдыйкы асманга түшүп келет жана мындай деп айтат: Менден дуба сурай турган бирөө барбы, Мен анын дубасын кабыл кылайын, Менден сурай турган бирөө барбы, Мен ага берйин, Менден кечирим сурай турган бирөө барбы, Мен аны кечирип коёюн.

Ушул хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өтө жагымдуу жана таасирдүү ыкмада түндүн акыркы бөлүгүндө Тахажжуд деп аталуучу Нафлдарды окууга жана дуба суроого чакырган. Алла таалага ыйман келтирген ар бир адам өзүнүн дубасынын кабыл болушун каалайт, Алла Таала андан ыраазы болушун тилейт жана дүйнө менен акыреттеги кыйынчылыктардан аны сактоосун каалайт. Албетте, адам күндүзү же түндүн каалаган бөлүгүндө ошол дубаларды сураса болот жана алар кабыл да болот, бирок Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандарынан маалым болгондой, түн бир убакта, айрыкча жарым түндөн кийин окулуучу Нафлдар жана кылынуучу дубалар Алла Тааланын алдында өзгөчө кабыл болот жана ал убакыт өзгөчө берекелүү убакыт болот. Аны кудум Алла Тааланын Өзү ылдый түшүп келгендей эле түшүнүү керек. Ал убакытта Алла Тааладан дуба сурай турган жана Андан кечирим сурай турган пенделерине кандайдыр бир казынанын эшигин ачып коёт жана пенде Андан талап кылганын ага тартуулайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) түн бир убакта он бир (11) рекетти аткарчу, а дегенде төрт (4) рекет окучу. Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп айтат:

лаа тас’ал ан хуснихинна ва туулихинна

лаа тас’ал ан хуснихинна ва туулихинна

ал төрт рекет канчалык көркөм жана канчалык узун экендиги жөнүндө сурабай эле койгула. Андан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы төрт рекетти аткарчу. Ал төрт рекет канчалык көркөм жана канчалык узун экендиги жөнүндө сурабай эле койгула. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үч рекетти аткарчу.(Бухарий, Китаабул-Мунаакиб, Баабун каанан-Набиййу (саллаллааху алайхи ва саллам) танааму айнуху валаа йанааму калбуху, 3569-бет)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, Тахажжуд намазын аткарууга Алла Таала бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)