Сапарда окулуучу намаз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Сапарда окулуучу намаз

Эгер киши унаада кетип баратып, ордунан турууга же жерге түшүүгө мүмкүндүк таппаса, намазды отуруп окуса да болот. Ошондой жагдайда жүзүн Кыбыла тарапка каратуу зарыл эмес. Мүмкүн болсо, жүзүн ат, кеме, самолёт – унаа жөнөп бара жаткан багытка каратат. Исламдын алгачкы доорунда Зухр, Аср жана Ъиша намазынын Парыз рекеттери азыркы Багымдат намазы сыяктуу эки рекеттен турган. Бирок, кийинчерээк тек сапардагы кишилер үчүн гана эки рекетти окуу улантылган. Ыңгайлуу шартта рекеттер саны экиге көбөйтүлгөн. Ыңгайлуу шарттарда бир адам Пешин, Дигер жана Куптан намазынын Парызын төрт рекеттен окуусу керек. Ал эми мусапыр киши жогорудагы бардык намаздарды кыскартып, эки рекеттен окушу керек.

Эгер сапардагы киши барган жеринде он беш күндөн кем калмакчы болсо, жогоруда аталган намаздардын төрт рекет Парызынын эки рекетин гана окуйт.

Бирок, Багымдат жана Шам намазында жогорудагы жеңилдиктер жок. Эгер мусапыр киши жакын тууган-уруктарынын үйүн өз үйүндөй билсе, мисалы, ата-энеси, кайната-кайненесинин үйүндө же Мекке, Медина, Кадиян жана Рабвах сыяктуу диний борборлор ж. б. ларда ал намазды жогорудагы ыкма боюнча кыскартып окуса да болот, бирок толук төрт рекетти аткаруусу жакшыраак.

Сапардагы киши Куптандын үч рекет Витр менен Багымдаттын эки рекет Сүннөтүнөн башка намаздардын Сүннөттөрүн окубайт.

Сапарда Нафл намазын окуп-окубастыгы кишинин өз эркине таандык. Мындан тышкары сапардагы киши эки намазды кошуп окуса да болот. Пешин намазын Дигер намазына, кааласа Пешин маалында, кааласа Дигер маалында кошуп окуу мүмкүн. Дал ошондой Куптан намазын Шам намазына, кааласа Шам маалында, кааласа Куптан маалында кошуп окуса болот.

Эгер сапардагы кишилер намазды жергиликтүү имамдын башчылыгында жамаат болуп окуса, алар имамга ээрчишип, Пешин, Дигер жана Куптан намазынын төрт рекет Парызын толук окуулары керек. Мындай учурда кыскартып, окууга болбойт. Бирок, эгер имам дагы мусапыр киши болсо, ал намазды эрежедей кыскартып окуусу лаазым. Жамаат кишилери да ага ээрчүүлөрү керек. Ал эми жергиликтүү кишилер имамдын намазды бүтөөрү менен Кыямга барып, намаз окууну улантып, калган рекеттерди окуп бүтүрүшөт.

Share via