Күндүн тутулуусу жана Кусуф намазын окуунун ыкмасы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Күндүн тутулуусу жана Кусуф намазын окуунун ыкмасы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу күн тутулуу

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) күн тутулганда, жамаат болуп, Кусуф намазын аткарган.

2020-жылдын 21-июнунда базар күнү күн тутулат. Эсиңерде болсун, ай айланып жатканда жер менен күндүн ортосуна келип калган учурда күн тутулат. Күн тутулуусунун ар кандай түрлөрү бар, алардын ичинде жалпы, жарым-жартылай, тегерек жана аралаш тутулуу. Эртең боло турган тутулуу шакектелген күн тутулуу деп аталат. Бул тутулуунун өзгөчөлүгү – ал толугу менен көрүнбөйт, жок күндүн бурчтары айдын артында көрүнүп турат. Ушул себептен ал «оттун шакеги» деп да аталат.

Тутулуу кайда пайда болот?

Тутулуу биринчи жолу Африкада күн чыкканда пайда болот. Андан кийин Кытай жана Тынч океанына барат.

Күндүн тегерек тутулуусу чыгыш жарым шарында көрүнөт, ал Борбордук Африканы, Араб жарым аралынын түштүк бөлүгүн, Пакистанды, Индиянын түндүгүн, түштүктү жана борбордук Кытайды камтыйт.

Тутулуусу жарым-жартылай Европанын түштүк жана чыгыш өлкөлөрүндө, Азия жана Африкада байкалат.

Күн жана ай тутулганда окулуучу намаз

 Күн тутулуусу «Кусуф» деп да аталат. Рабаяттарда жазылышынча, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу жашоосунда күн тутулганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) салыштырмалуу узак жана жалынып-жалбарып, намаз окуган.

Азирети Мугира бин Шуъба (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын уулу) Азирети Ибрахим (разияллааху анху) көзү өткөн күнү тутулуу болгондо, адамдар: «Ибрахим (разияллааху анху)нун өлүмүнөн улам тутулуу болду», – деп айтышкан. Азирети Айша (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин айткан:

إِنَّ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ آيَتَانِ مِنْ آيَاتِ اللَّهِ لَا يَخْسِفَانِ لِمَوْتِ أَحَدٍ وَلَا لِحَيَاتِهِ فَإِذَا رَأَيْتُمُوهَا فَافْزَعُوا لِلصَّلَاةِ- صحيح مسلم, كتاب الكسوف

«Чындыгында, күн жана ай – бул Аллахтын белгилеринин эки жышааны, алар бирөөнүн тирүү болгондугуна же өлгөнүнө байланыштуу тутулбайт. Ошондуктан, силер ушул белгилерди көргөнүңөрдө, намаз окугула». (Сахих Муслим, Китаабул-Кусуф, Баабу салаатил-Кусуфи)

Ушул эле сүннөттү ээрчишип, мусулмандар күн тутулганда, бир атайын намазды окушат, ал «Кусуф» намазы деп аталат. Ал намаздын акылдуулугу жана ыкмасы тууралуу «Ахмадия фиқхи» аттуу китепте мындай деп жазылат:

Күндүн тутулушун «Кусуф» жана айдын тутулушун «Хусуф» деп атышат. Асман телосунда болгон ушул табигый өзгөрүү адамдын көңүлүн бул жакка бурат: асман телосундагы өзгөрүү ай менен күндүн жарыгын азайтып жибергендей эле ар кандай оорулар менен адамдын жүрөгүндөгү нур дагы «тутулушу» мүмкүн жана андан Алла Тааланын берешендиги гана сактап кала алат, андыктан ошол берешендикке жетишүү жана руханий баскычтар боюнча өсүп-өнүгүүгө көңүл буруу үчүн күн менен айдын тутулуу учурунда эки рекет намаз белгиленген.

Эгер шаардын бардык тургундары мечитке же ачык майданга чогулуп, ушул намаздарды окушса, көбүрөөк сооп болот. Жамаат болуп, намаз аткарылган болсо, кыраатты катуураак жана узунураак кылуу керек. Туш болгон жагдайга ылайык ар бир рекетте кеминде эки жолу руку болот (кээ бир рабаяттарда үч руку деп дагы кезигет). Тактап айтканда, кырааттан кийин руку кылынат, андан кийин дагы Курандын бир бөлүгүн окуш керек, андан кийин дагы бир жолу руку кылынат, андан кийин сажда кылынат. Аталган намаздын рукулары жана саждалары да узун болушу керек. Намаздан кийин имам кутба окуп, анда тообо, кечиримдүүлүк жана өз жан дүйнөсүн тазалоого насаат кылышы керек». (Ахмадия фикхи, Ибадаттар бөлүгү, 210-211-бет)

٭…٭…٭

Share via