Азандан кийинки дуба

Азирети Жаабир (разияллааху анху) бин Абдулла (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет: «Азанды угуп төмөндөгүдөй дубаны сураган адам кыямат күнү менин шапаатыма татыктуу болот:
اللَّهُمَّ رَبَّ هَذِهِ الدَّعْوَةِ التَّامَّةِ، وَالصَّلاَةِ القَائِمَةِ، آتِ مُحَمَّدًا الوَسِيْلَةَ وَالفَضِيْلَةَ، وَابْعَثْهُ مَقَامًا مَحْمُوْدًا الَّذِيْ وَعَدْتَهُ، إِنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيْعَادَ
Окулушу: Аллаа–хумма Рабба хаа–зи–хид–даъ–ва–тит–тааамма–ти вас–салаа–тил каааи–мах. Ааа–ти Мухаммада–нил ва–сий–лата вал–фазий–лата, ваб–ъас–ху макаа–мам мах–мууда–нилла–зий ваъат–та–хуу, иннака лаа тух–ли–фул–мий-ъаад. («Бухарий», Китаабул-Азаан жана «Бехкий», Китаабус-Салаат)
Котормосу: Эй, Алла! Ушул жеткиликтүү чакыруу (азан) жана жамаат намазынын Ээси жана Кожоюуну! Өзүңө (мээримиңе) жетишүү үчүн Мухаммадды бизге ортомчу-курал кылгын, ага абзелдик бергин, аны Өзүң ага убада кылган эң жакшы орунга жеткизгин. Албетте, Сен убадаңа кыянат кылбайсың.