Сужуудус-сахв • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Сужуудус-сахв

(Катаны оңдоо үчүн жасалган саждалар)

Эгер киши намазды буза турган каталыкка жол берсе, рекеттерди толук аткардымбы же аткарбадымбы, деп күмөн кылса, анда катасын оңдоо максатында Сужуудус-Сахв кылуусу керек.

Сужуудус-Сахв намаздын акыркы Каъдасында Ташаххуд, Дурууд жана башка дубалар окулгандан кийин кылынат. Имам Аллааху Акбар, – деп эки жолу Саждага барып, Субхаана Рабби Ял Аълаа, – деп айтат. Андан соң Каъдага кайтып, жүзүн алгач оң, кийин сол тарапка буруп, Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – дейт. Калгандары имамды ээрчип окуйт. Ошону менен намаз аткарылып бүтөт.

Эгер имам Сужуудус-Сахвты талап кыла турган катага жол койсо, анда ага ээрчиген бардык кишилер катаны түзөтүү үчүн эки жолу Саждага барышат. Эгер имамга кошулган кишилердин бирөөсү жаңылышса, ал катасын түзөтүү үчүн Саждага барбайт.

Эгер канча рекет окуганына шектенсе, анда киши кайсы рекет көбүрөөк көңүлүндө турса, ошол рекет эсепке алынат. Эгер үч же төрт рекет окулганына күмөн кылса, анда үч рекет окулган, деп эсептеп, төртүнчү рекетти окуйт.

Share via