Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
Муктаждык же оор ахвалга кабылган адам ушул намазды окуйт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деген:
«Кимде-ким бир нерсеге муктаж болуп калса, ал даарат алып, эки рекет намаз окуусу керек. Намаздан кийин Алла Тааланы даңктаган Санааны окуп, Дурууд окуусу керек, андан кийин астыңкы саптарда берилген дубаны окуусу лаазым. Алла Таала анын суранычын кабыл кылып, максатына жеткизет деген үмүт кылынат».
Окулушу:
Лаа илааха иллаллаахул халиймул карийм, субхааналлаахи Раббил аршил азийм. Алхамдулиллаахи Раббил ааламийн. Ас’алука муужибаати рахматика, ва азааима магфиратика, вал ганиймата мин кулли биррин вассалаамата мин кулли исмин, лаа тадаъ лий замбан иллаа гафартахуу валаа хамман иллаа фарражтахуу валаа хаажатан хия лака ризан иллаа казайтахаа йаа архамарраахиймин.
Котормосу:
Алладан башка эч бир кудай жок. Ал жумшак жана ардактуу. Бийик Арш Ээси болгон Алла – ыйык. Бардык мактоо бүткүл ааламдар Кожоюну Аллага гана таандык. Эй, Алла! Мен Сенден рахматыңды тартуучу нерселерге жана кечирүүңдүн бекем куралдарына ээ болууга суранам. Ар бир жакшылыкты олжо деп билип, ар бир күнөөдөн сактанууга күч-кубат сурайм. Менин бир дагы күнөөмдү калтырбай, бардык күнөөлөрүмдү кечиргин. Менин бир дагы сар-санаамды калтырбай, аны Өзүң алыстаткын. Ошондой эле Сенин ыраазычылыгыңа ылайыктуу келген ар бир муктаждыгымды Өзүң камсыз кылгын. Эй, бардык ырайым кылуучулардын эң жакшысы! (Өзүң ырайым кылгын!)