Коомат

Намаз баштаардан мурун коомат айтылат. Бул – имам өз ордуна барып, жүзүн Кааба тарапка каратып, намаз окууну баштоого ишаарат болот. Коомат азан сөздөрүнүн кыскартылган формасы. Азан менен кооматтын айырмасы төмөндөгүчө:
- Азан бийик үн менен, коомат болсо, пасыраак үн менен айтылат.
- Кооматта бармактар азандагыдай кулактарга тийгизбестен, колдор эки жакта бош турат.
- Кооматта Ассалаату Хайрум-Минаннауум сөздөрү айтылбайт.
- Коомат бат-бат айтылат. Ал эми Маликий мазхабдагылар азан кандай айтылса, кооматты дал ошондой айтышат. Алар кооматты да, азан сөздөрүн да тыныгып айтышат.
- Кооматта Хаййа Алал Фалаахтан кийин Кад Кааматис-Салаах (намаз башталды) эки жолу айтылат.
- Кооматта азандагыдай Хаййа Алассалаах жана Хаййа Алал Фалаах айтылганда, баш оң жана сол тарапка бурулбайт.
Коомат сөздөрү төмөнкүчө:
Окулушу:
Аллааху Акбар, Аллааху Акбар; Ашхаду аллаа илааха иллаллаах; Ашхаду анна Мухаммадар Расуулуллаах; Хаййа алассалаах; Хаййа алал фалаах; Кад кааматиссалаах, Кад кааматиссалаах; Аллааху Акбар, Аллааху Акбар; Лаа илааха иллаллаах.
Котормосу:
Алла баарынан улук, Алла баарынан улук; Алладан башка кудай жок экенине мен күбөлүк берем, Мухаммад Алланын Элчиси экенине мен күбөлүк берем; Намазга келгиле; Ийгиликке келгиле; Намаз башталды, Намаз башталды; Алла баарынан улук, Алла баарынан улук; Алладан башка кудай жок.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деген:
«Азан айткан киши кооматты да айтуусу керек». («Термизий», Абваабус-Салаат, Бааб ма жаа ан ман аззана фа хува укийм)
Бирок кээде өзгөчө жагдайларда Муаззин же имамдын уруксаты менен кооматты башка киши окуса да болот.