Кийим

Намаз убагында кишинин денеси, айрыкча авраттары жана аларга жакын жерлери талапка ылайык жабык болушу керек. Өзгөчө эркек кишинин карындан тизе аралыгындагы мүчөлөрү жакшы жабылганы дурус. Ал эми аялзатынын буттарынан жана колдорунан бөлөк бүтүн денеси жабылуу болушу шарт.
Эгер аялдар намазды үйдө же башка аялдар ичинде окуса, анда жүздөрүн жашырбаса да болот.
Эркектердин баш кийими
Көптөгөн Фикх аалымдарынын пикиринче, намаз окуп жатканда эркек кишилердин баш кийим кийгени лаазым. Бирок, Маликий жана башка бир нече мазхабдагы Фикх аалымдары баш кийим кийүүнү зарыл деп эсептешпейт.