Даарат
Даарат (тахаарат) – бул намаз окуурдан мурда дененин айрым бир мүчөлөрүн жууп тазалоо. Намазга киришүүдөн мурда аткарыла турган эрежелерди орундатуу зарыл. Буларды так аткарбаса, намаз окулганга эсептелбейт. Хадисте даана көрсөтүлгөндөй, эки кол үч жолу суу менен жуулат, кийин ооз үч мерте чайкалат.
Андан соң мурун көңдөйүнө бир аз суу алып, ал үч жолу жакшылап чайкалат.
Андан кийин үч ирет жүзүбүздү жууйбуз.
Анан эки кол чыканактарга чейин үч жолу жуулат (биринчи оң, анан сол кол).
Андан кийин колдун манжаларын суулап, маңдай тараптан баштап, баштын чач бөлүктөрүнүн баарына Масх тартылат. Андан кийин оң колунун сөөмөйү менен оң кулактын ички, баш бармак менен кулактын сырткы бөлүгүнө Масх жана сол колунун сөөмөйү менен сол кулактын ички, баш бармак менен кулактын сырткы бөлүгүнө Масх кылынат.
Андан кийин манжаларды бириктирип, эки колдун аркасы менен моюнга Масх тартылат.
Аягында эки бут томуктары менен алгач оң бут, кийин сол бут үч жолу жуулат. Ошону менен даарат бүтөт.
Эгер кандайдыр себептерден улам даарат убагында жуула турган мүчөлөр бир же эки жолу чайкалса, даарат алынганга эсептелет. Бирок, эң жакшы жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүндө көрсөтүлгөндөй, ар бир мүчөнү үч жолудан жууш керек.
Даарат алынгандан кийин төмөндөгү дубаны окуу шарт:
Окулушу:
Аллаахум-мажъалний минаттавваабийна важъалний минал мута таххирийн.
Котормосу:
Эй, Алла! Мени тобо кылуучу жана таза кишилерден кылгын.
Даарат ала турган кишинин ден-соолугу чың болуп, доктор тарабынан суу колдонууга тыюу салынбаса, жакын жерде таза суу болсо, анда ал адамды даарат алууга толук шарты бар адам деп эсептесек болот. Эгер киши оорукчан болсо, же жакын жерде суу табылбаса, андай учурларда ага даараттын ордуна Таяммум кылганга уруксат берилген.
Таяммум:
Таяммумда а дегенде эки колду топуракка, же катуу жерге уруп, эки алакан менен бетке Масх тартылат. Андан кийин колдорду жуугандай алакан бири-бирине сүртүлөт. Эгерде аябай көп топурак колдорго жабышып калса, анда ашыграагын кагып салса болот. Эгер мүмкүн болуп, суу табылса, албетте, даарат алыныш керек. Дааратсыз намаз окууга болбойт. Эгер бир кишинин даараты бузулбаса, анда башка намаздарды окуурда кайталап даарат алуунун зарылдыгы жок, бир даарат менен бирден ашык намазды окуса болот. Бул деген кимдир бирөө намаз окуур алдында даарат кылуусу зарыл, бирок мурунку даараты бузулбаса, ар бир намаз үчүн кайрадан даарат алуунун кажети жок дегенди билдирет.