Намаздан кандай рахат алса болот, албетте, катуу эмгектенүү керек
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ибадаттан ырахат алуу

Намаздан рахат алуунун ыкмасы

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Кээ бир адамдар биз намаздардан ырахат албайбыз деп айтышат. Бирок алар ырахат алардын көзөмөлүндө эмес экендигин жана рахаттын деңгээли дагы башкача экендигин билишпейт. Кээде адам өтө катуу кыйналып жаткан болот, бирок ал ошол кыйынчылыкты да рахат деп эсептейт. Трансваалды карагыла, {ал кезде Трансвааль согушу жүрүп жаткан эле. («Аль-Хакам» газетасынын Редактору)} ал жерде согушуп жаткан адамдардын өмүрү кыйылып, аялдар жесир, балдар жетим калышууда, буга карабастан, улутчулдук жана мекенчилдик аларды кандайдыр бир жыргал жана бейпилдик менен өлүмдүн босогосуна алып барууда.

Улутчулдук жана өз милдетин аткаруу аларды кубаныч менен өлүмдүн босогосуна алып барат. Экинчи жагынан, улуттук максаттар бирдей болгондуктан, эл алардын тырышчаактыгын жана берилгендигин баалап жатат. Демек, алардын мээнети эмне үчүн бааланат? Алардын чегип жаткан кыйынчылыгы жана азап-тозогу үчүн, ошондой эле алардын күжүрмөн эмгеги жана берилгендиги үчүн бааланат.

Сөздүн кыскасы, бардык ырахат жана бейпилдик кыйынчылыктардан кийин келет. Ошондуктан, Ыйык Куранда төмөндөгүдөй эреже айтылган:اِنَّ مَعَ الۡعُسۡرِ یُسۡرًاАлбетте, кыйынчылык менен бирге ырахат бар. (94:7)

Эгерде кандайдыр бир рахатка чейин кандайдыр бир оорчулук болбосо, анда ал рахат рахат болуп сезилбейт. Ошо сыяктуу эле, биз сыйынуудан ырахат албай жатабыз дегендер алгач ибадат үчүн канча машакат жана азап чегип жаткандыгы жөнүндө өз ордунда ойлонушу керек. Адам канчалык машакат жана азапты тартса, ошол эле нерсе өзгөргөндөн кийин рахатка айланып калат. Мен бул машакаттар дегенимде, адам өзүн ашыкча кыйынчылыктарга дуушар кылып жана мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча азаптарды чексин деп айткым келбейт». (Малфузаат, 4-том, 422-423 беттер, 1984-жылы басылган нуска)

Share via