Жамаат намаздары үчүн жыйырма жети эсе көп сооп • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жамаат намаздары үчүн жыйырма жети эсе көп сооп

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Франция

Жамаат менен намаз окуу – бул Исламдын негизги буйругу. Бул тууралуу Ыйык Куранда аябай басым жасалган жана хадистерде дагы көптөгөн рабаяттар бар, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын белгилүү хадисинде мындай деп айтылган:

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ، أَنَّ رَسُوْلَ اللَّهِ صَلَّى اللّٰه عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ ’’صَلاَةُ الْجَمَاعَةِ تَفْضُلُ صَلاَةَ الْفَذِّ بِسَبْعٍ وَعِشْرِينَ دَرَجَةً‘‘

(Сахих АльБухарий, Китаабул-Азан, Баабу Фазли СалаатилЖамааъти, 645-хадис)

Котормосу: Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху)дан Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Жамаат менен намаз окуу жалгыз окулган намаздан жыйырма жети пайыз жогору», – деп айткандыгы риваят кылынат.

Азирети Аллама Ибн Хажар Аскаланий (рахимахуллах) өзүнүн «Фатх аль-Барий Шарх Сахих Бухарий» китебинде бул хадисти чечмелеп, жамаат намаздарында сооп көбүрөөк болуунун төмөнкүдөй 27 себебин жазган:

  1. Азанчынын чакырыгын угуу менен ниет кылуу.
  2. Эӊ алгачкы убакытта баруу.
  3. Шашылбай ыңгайлуу басып баруу.
  4. Дуба окуп жатып, мечитке кирүү.
  5. Мечитке киргенден кийин эки рекет нафл намазын окуу.
  6. Жамаат намазын күтүү.
  7. Аллахтын периштелеринин ал үчүн ырайым сурап дуба кылуусу.
  8. Анын ага күбө болуусу.
  9. «Кад кааматис-Салаат» чакыруусун аткарууга мүмкүнчүлүк алуу.
  10. Шайтандан сактануу.
  11. Имамдын такбийрин күтүү.
  12. Саптардын түзүлүшүнө катышуу.
  13. Имамга моюн сунуу жана анын зарылчылыгын билүү.
  14. Адатта имамдын айынан каталардан сак болуу.
  15. Имам унутканда, «Субхаан-Аллах» деп кулактандыруу.
  16. Жалынып-жалбаруу маанайына катышуу.
  17. Жамаатка катышкандыгы үчүн өзүнүн кийим-кечеги жана сырткы көрүнүшүн жакшы кармоого умтулуу.
  18. Периштелерге жакындоо.
  19. Периштелердин окулушунан пайда алуу.
  20. Исламдын ураанын сыртынан орнотуу мүмкүнчүлүгү.
  21. Шайтандык азгырууларга каршы күрөшүү жана башкаларды үндөөгө себепчи болуу.
  22. Эки жүздүүлүктөн сактануу.
  23. Башкалардын ушактоосунан сактануу.
  24. Жамааттын жана периштелердин «оомийинине» шерик болуу.
  25. Жамааттын жалпы дубасынан жана батасынан пайда алуу.
  26. Жамаат системасын орнотууга жардамчы болуу.
  27. Бири-бири менен сүйүү жана гармония түзүү, ошондой эле жамаат мүчөлөрүнүн ал-ахвалын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу.

(Азирети Саййид ЗайнулАабидин Валиюллах Шах Сахиб которуп-чечмелеген «Сахих АльБухарий», II том, 46-47-беттен көчүрүлүп алынган, «Назаарат Ишаат Садр Анжуман Ахмадия» Пакистан, Рабвах)

(Жөнөткөн: Мухаймин Ахмад – Канада)

Share via