Рамазан жана жамаат болуп намаз окуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазан жана жамаат болуп намаз окуу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун рамазан ибадат сыйынуу дуба

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اعۡبُدُوۡا رَبَّکُمُ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ وَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ

Эй, адамдар! Такыба болушуңар үчүн силерди жана силерден илгери өткөндөрдү да жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла. (2:22)

Хадисте мындай деп кезигет:

قَالَ رَسُوْلُ اللّٰہِ صَلَّی اللّٰہُ عَلَیْہِ وَسَلَّمَ اِنَّ لِکُلِّ شَیْئٍ بَابًا وَ بَابُ الْعِبَادَۃِ اَلصِّیَامُ

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Албетте, ар бир нерсенин бир эшиги болот жана ибадаттын дагы бир эшиги бар жана ал эшик – орозолор», – деп айткан. (Жаамиъул-Ахадийс, 18617-хадис)

Ибадаттын мааниси – бул моюн сунуп, Эң Жогоркуга активдүүлүгүн көрсөтүү, өзүн Ага моюн сундуруу, ошондой эле Анын мээримдүүлүктөрү жана айкөлдүктөрүнө ыраазычылык билдирүү максатында Анын алдына жыгылуу.  

Азирети Амирул-Му’минийн Мырза Масрур Ахмаддын (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) айткандары

«Алла Таала момун-мусулманга ибадаттын эң мыкты жолу күндө беш маал намазды аткаруу экенин айткан. Бул тууралуу Алла Таала Курани Каримдеги толтура жерлеринде буюрган экен. Ал гана эмес, Курани Каримдин башында эле такыба адамдын Аллага ыйман келтирүүдөн кийин төмөнкүдөй белгиси бар экенин айтып койгон: ал калтырбай, үзгүлтүксүз намаздардын акысын актоочу болсун. Намаздын акысын актоо деген эмне? Намаздын акысы бул: ал өзүнүн белгиленген убактысында аткарылсын, тактап айтканда мечитке же намазканалар жайгашкан жерге барып, жамаат болуп, аткарылсын. Кайсы бир дүйнөлүк иш үчүн намаздарды кошуп окууга аракет кылынбасын». (Хутбаат-э-Масрур, 6-том, 164-бет)

«Бир хадисте намаз ибадаттын маңызы деп кезигет. Демек, ошол маңызга жетишүү ар бир момун-мусулмандын түпкү максаты болушу керек. Ушул тарбиялык клубуңарда адаттанып жатканыңардын баарын түбөлүккө улантып тургула. Үй жумуштарыңар, соода иштериңер менен же оюн-күлкүлөрүңөр менен алектенип, ошол жаралуу максатыңарды эсиңерден чыгарбагыла». (Хутбаат-э-Масрур, 6-том, 164-бет). Дагы мындай деп айтат: «Алла Тааланын ибадат кылуучу пендеси болууну каалаган, Ага жакындоону каалаган, өзүн жана өз тукумдарын таза кармоону каалаган, шайтандын чабуулдарынан сактанууну каалаган ар бир адам үчүн бир гана жолу бар: ал Алла Тааланын ибадатына көңүл бурсун. Бул үчүн баарынан да зарыл нерсе – бул жамаат болуп, намаз аткаруу». (14-январь, 2005-жыл)

Ибадаттарды жакшыртуу жана кооздоо, ошондой эле өз напсисин өлтүрүүдө Тахажжуд намазын аткаруу да өзгөчө маанилүү болуп келинген. Тахажжуд намазынын маанилүүлүгү тууралуу Курани Каримде кезигет, ошондой эле хадистер жана сүннөттөн да анын өтө маанилүүлүгү экендиги байкалат. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам), анын Халифалары жана Жамаатыбыздагы улуу аалымдар дагы ошол эле ыкманы аркалашып келишкен. Быйыл – 2018-жылы болуп өткөн Мажлис Шуураа[1]да дагы Тахажжуд намазы жөнүндө «Жамааттын руханий тарбиясы үчүн Тахажжуд намазын аткаруу иш-пландары түзүлсүн» деген сунуш киргизилди. Тахажжуд намазы куттуу Рамазан айынын бир өзгөчө сулуулугу. Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Рамазан айында кантип ибадат кылчу?» – деп суралганда, ал: «Пайгамбарыбыз Рамазан жана Рамазандан тышкары башка күндөрдө дагы он бир рекеттен ашыкча (Тахажжуд намазын) окубайт эле. Ал төрт рекет окучу, «валаа тас’ал ан хуснихинна валаа туулихинна», ал рекеттердин сулуулугун жана узундугу жөнүндө сурабагын (тактап айтканда Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ошол узун намаздын көркөмдүгүн айтып берүүгө менде сөз жок), анан андан кийин кудум ошондой узун жана кооз төрт рекетти аткарчу, анан үч витрди окучу. Тактап айтканда бардыгы болуп, он бир рекет)», – деп жооп берген». (Бухарий, Китаабус-Саум)

Бүгүн Алла Таала дагы бир мүмкүнчүлүк берди. Бүгүн Алла Тааланын Сүйүктүү Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсүн тууроонун, ага чыныгы ашык болгон Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын «биздин Жамаатыбыз Тахажжуд намазын өздөрүнө шарт кылып алуусу керек, эч болбогондо эки рекетти эле окуп алышсын» (Малфузаат, 2-том, 182-бет) деп айтканын ишке ашыруунун алтын учуру.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмаддын (рахимахуллах) айткандары

Рамазандын орозолору жаатында мен Кадиядан ишке ашырылган (бир) нерсени көргөн элем. Орозо башталышынан мурун балдарды тек тамактануу убактысы калганда гана ойготушпайт эле, жок, бала эки же төрт рекетти окуп алчудай убакыт калганда ойготушчу жана энелер балдарына алар нафлдарды окуп бүтмөйүнчө тамак беришпейт эле. А дегенде аларды ойготуп, даарат алдырчу, анан нафлдарды окутчу, анткени руханийликке жетишүү алар орозонун түпкү максаты экенин билип, Тахажжуд намазын окуп, Курани Каримди окуп, анан тамак ичкени келишсин дечү. (30-май, 1986-жылы окуган жума кутбасы)

«Куттуу Рамазан – бул бардык ибадаттардын корутундусу, куттуу Рамазан – бул бардык ибадаттардын туу чокусу, Рамазан адамды анын жаралуусунун максатына алып барат. Ал адамды башка адамдардын акы-укуктарын аткарууда дагы жетилүү даражасына жеткирет жана Алла Тааланын акы-укуктарын аткарууда дагы жетилүү даражасына жеткирет. Ушуга карабай, Рамазан айын учуратып, андан колу бош чыгып кеткендер өтө эле бактысыздар болушат. Рамазандын кут-берекелеринен үлүш алуунун ордуна ал суу аларга тийип, майлуу чопо идиш  сыяктуу жөндөн жөн өтүп кете тургандар бактысыз бирөөлөр». (Хутбаат-э-Тахир, 2-том, 326-327-бет)

Дагы мындай деп айтат: «Эй, Ахмадийлер! Ушул Рамазанды чечкиндүү Рамазанга айландырып койгула! Алла жолундагы ушул жихадга аттангыла, силер үчүн эч бир дүйнөлүк курал болбойт. Дүйнөнүн окторуна каршы силер дубанын октору менен күрөшүүңөр керек. Бул согуш чечкиндүү болот, бирок көчөлөрдө, базарларда эмес, короолордо жана майдандарда эмес, жок мечиттерде анын чечими чыгарылчудай. Түнкүсүн туруп, өзүңөрдүн ибадат майдандарыңарды кызыткыла жана ушунчалык басым менен Алла Тааланын алдында жалынып-жалбаргыла, асманда Арштын бурчтары дагы дүрбөлөңгө түшсүн. «Матаа насруллаах» (Алланын жардамы качан келет) деген үндөрдү чыгаргыла. Алла Таалага жалынып-жалбарып, көөдөнүңөрдөгү жараларды көрсөткүлө, жыртылган жакаңарды Раббиңерге көрсөтүп, Ага айткыла: «Эй, Алла! Эй, Сүйүктүүбүз! Бүгүн коом кылган зулумдугунан сыгылып, сенин көчөңдө ызы-чуу көтөрдүк. Ушунчалык күчтүү ызы-чуу салгыла, жана ушунчалык күчтүү басым менен «Матаа Насруллах» (Алланын жардамы качан келет) деген үндөрдү көтөргүлө, асмандан берешендик жана мээримдүүлүк эшиктери ачыла баштасын жана ар бир эшиктен: «Алаа инна насраллаахи карийб, Алаа инна насраллаахи карийб, Алаа инна насраллаахи карийб, Алаа инна насраллаахи карийб», Кулак салгыла! Кулак салгыла! Алланын жардамы жакын. Эй, уга тургандар уккула! Алланын жардамы жакын. Эй, Мага кайрыла тургандар! Кулак салгыла, Алланын жардамы жакын жана жетейин деп калды», – деген үн угулсун». (Хутбаат-э-Тахир, 2-том, 349-бет)

Сүйүктүү Жетекчибиз, Амирул-Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айтат:

«Алла Таала бизге ушул Рамазанда Анын сүйүктүүлөрү сураган дубалары сыяктуу дубаларды кылуу мүмкүнчүлүгүн тартууласын… Алла Таала бизди Өзүнүн чыныгы ибадат кылуучу пендеси кылсын… Алла Таала бизге ырайым кылсын, берешендик кылсын жана биздин тирүү кезибизде Ахмадият – чыныгы Исламдын жеңиштери жана дүйнөнүн үстүнөн үстөмдүк кылуу көрүнүштөрүн көрсөтсүн. Эй, Алла! Ушул Рамазандын кут-берекелеринен бизге мол үлүш бергин. Бизди ар бир жаманчылыктан сактагын жана Өзүңдүн мээримдүүлүк жана берешендик жамынычына бизди түбөлүккө ороп койгун. Аамин. (Хутбаат-э-Масрур, 1-том, 433-448-бет)

[1] Ислам динин өнүктүрүү жана мусулмандардын диний-руханий таалим-тарбиясын уюштуруу чараларын көрүү үчүн Учурлук Халифага кеңешчи жыйын.

Share via