Намазды жалгыз окуу
Эгер жамаат менен эмес, жалгыз намаз окулса, анда имамдын башчылыгында жамаат намазы кандай окулса, жалгыз намаз да дал ошондой окулат. Айырмасы – жамаат намазында имам сүрөөлөрдү үн чыгарып ачык окуйт. Жалгыз окулган намаз үн чыгарылбай, ичинен окулат. Мисалы: «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуп жатканда, же Аллааху Акбар, Самиъаллааху Ли Ман Хамидах жана Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – дегенде, үн чыгарбай, ичинен айтат.