Жума намазы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Салаатул-Жумуаъ же Жума намазы жамаат менен окулат. Ал Пешин намазынын ордуна окулат. Ар аптада жума күнү мусулмандар сууга чайканып, таза кийимдерди кийип, атыр себинип, Жума намазына мечитке барышы керек. Ыйык Куран жана хадисте Жума намазынын өтө көп касиеттери баяндалган. Эгер мусулман жума күнүн Алланы зикир кылуу менен өткөрсө, албетте, Алла Тааланын кайрымына татыктуу болот.

Жума намазына шаар жана чөйрөнүн баардык мусулмандары бир жерге чогулушат. Чоң шаарда намазга мусулмандардын оңой келүүсү үчүн Жума намазын бирден ашык жайларда да окуса болот. Мындай жагдай, алардын бири-бири менен учурашып, жеке жана жалпы маселелерди талкулоо үчүн мүмкүнчүлүк берет. Мусулмандар жумасына бир жолу учурашып, өз ара достук, бир туугандык мамилесин бекемдешип, өздөрүнүн тең укуктуулугун көрсөтүшөт.

Жума намазында имам баардык мусулмандарга жашоо маселелерине тийиштүү насааттарды айтат. Имам кутбада Ислам таалими менен тааныштырат. Жума намазын аткаруу ар бир балакатка жеткен эркек мусулман үчүн парыз. Бирок, ооруулуулар, сокурлар, дармансыздар, сапардагылар жана аялдар үчүн мечитке барып, намаз окуу парыз эмес. Алар кааласа, намазга кошула алат. Бирок, эгер алар Жума намазына бара алышпаса, анда Пешин намазын окуулары керек. Анткени, Жума намазы Пешиндин ордуна окулат.

Жума намазында азан эки жолу айтылат. Биринчиси күн так төбөдөн бир аз оогондо, экинчиси имам Кутба окуурдан мурун айтылат. Кутба эки бөлүктөн турат, биринчи бөлүгүндө имам Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуп бүткөн соң, намазга келгендерге Алланын буйруктарын аткаруу, мусулманчылык милдеттерин орундатуу жана изги иштерди жасоого даъват берет. Кутбада дагы башка маанилүү маселелер да айтылышы мүмкүн. Кутбанын бул бөлүгүн каалаган тилде окуса болот.

Имам Кутбанын биринчи бөлүгүн окуп бүткөн соң, бир аз убакытка отурат, анан кайрадан туруп, Кутбанын экинчи бөлүгүн баштайт. Кутбанын экинчи бөлүгүн араб тилинде төмөнкүчө окуйт:

Жума кутбасы

Окулушу:

Алхамдулиллаахи нахмадухуу ва настаъийнухуу ва настагфирухуу ва ну’мину бихий ва натаваккалу алайх. Ва наъуузубиллаахи мин шуруури анфусинаа ва мин саййиаати аъмаалинаа, ман йахдихиллааху фалаа музиллалахуу ва ман йузлилху фалаа хаадиялах. Ва нашхаду аллаа илааха иллаллааху вахдахуу ла шарийка лахуу ва нашхаду анна Мухаммадан абдухуу ва Расуулух. Ибаадаллаахи рахимакумуллаах. Инналлааха йа’муру бил адли вал ихсаани ва ийтааизил курба ва йанхаа анил фахшаааи вал мункари вал багйи. Йаъизукум лаъаллакум тазаккаруун. Узкуруллааха йазкуркум вадъууху йастажиблакум вала зикруллаахи акбар.

Котормосу:

Баардык мактоо-алкоо Аллага гана таандык. Биз Ага алкыш айтабыз, Андан жардам сурайбыз, Андан кечирим сурайбыз, Ага ыйман келтиребиз жана Ага тобокел кылабыз. Биз Алладан напсибиздин бузукулуктарынан жана амалдарыбыздын жаман натыйжаларынан сактоону тилейбиз. Кимди Алла туура жолго багыттаса, аны эч ким туура жолдон азгыра албайт жана кимди Алла адашкан деп өкүм кылса, аны эч ким туура жолго сала албайт. Биз Алланын жалгыз экенине жана Анын эч бир шериги жок экенине күбөлүк беребиз, ошондой эле Мухаммад Анын пендеси жана Элчиси экенине күбөлүк беребиз. Алланын пенделери! Алла силерге ырайым кылсын. Албетте, Алла силерге адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка жана тууган-туушкандарга жакшылык кылууңарды буюрат. Ошондой эле, силерди абийирсиздиктен, ыпластыктан жана жаман ойлордон кайтарат. Эсиңерге тутууңар үчүн Ал силерге үгүт кылат. Алланы эске алгыла! Ал да силерди эске алат. Ага дуба кылгыла! Ал дубаларыңарды кабыл кылат. Алланы эске алуу – улук иш.

Мусулмандар Кутбаны кунт коюп угуулары керек. Кутба убактында ар кандай сүйлөшүүгө тыюу салынган. Имам Кутбанын экинчи бөлүгүн бүткөн соң, Коомат окулуп, имамдын башчылыгында эки рекет Жума намазы башталат.

Имам Кутба окуп жатканда, сүйлөшкөндөрдү тыюу үчүн эскерткендерди Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) туура көрбөгөн. Мындай учурда кол же сөөмөй менен ишаарат кылып, сүйлөшкөндөрдү токтотууга болот. Эгер имам Кутба маалында кандайдыр бир суроо берсе, ошол суроого жооп бериш керек.

Кутба окуган кишинин намазга имамчылык кылганы жакшы. Жума намазында имам «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн жана Курани Каримден башка сүрөөлөрдү жана аяттарды үн чыгарып окушу шарт.

Жума намазында Парыз намазынан мурун төрт рекет Сүннөт, ошондой эле Парыз намазынан кийин төрт рекет Сүннөт намазын окуш керек. Ал эми «Сунан Абий Давуд», – деген белгилүү хадис китебине караганда, Жуманын Парыз намазынан кийин төрт рекет ордуна эки рекет Сүннөт намазын окуса да болот. (Китаабус-Салаат, Бааб Ас-Салаату баъдаль-Жумуаъ ва шарх Ас-Суннах, 3-том, 449-бет).

Парыз намазынан мурун эки рекет Сүннөт намазын аткарыш зарыл, а түгүл муну сапардагы киши да окушу керек.

Кутба окулуп жатканда, мечитке келген киши башкалардын ийиндерин аттап, алдыңкы сапка өтбөшү керек. Кутба башталып калса, анда ошол учурда эки рекет Сүннөт намазын бат-бат окуп койсо болот. Эгер киши намазга кечигип, жамаатка акыркы Каъдада кошулса, имам жамаат намазын бүткөн соң, ал жалгыз өзү ошол намазды улантып окуйт. Эгер киши Жума намазынан кечигип калса, анда анын ордуна Пешин намазын окуйт.

Share via