Витр намазы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Витр – так, жуп эмес дегенди билдирет. Витр намазы үч рекеттен турат. Бул намаз Куптандан кийин окулат. Анда «Ал-Аъла», «Ал-Каафируун» жана «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн окуган абзел. Бирок, аларды гана окуу шарт эмес. Ыйык Курандан каалаган сүрөө же аяттарды окуса болот. Витр намазынын үчүнчү рекетинде Рукудан кийин Кунуут дубасы окулат. Ал төмөнкүчө:

Кунуут дубасы:

Кунуут дубасы

Окулушу:

Аллаахумма иннаа настаъийнука ва настагфирука ва ну’минубика ва натаваккалу алайка ва нусний алайкал хайр. Ва нашкурука валаа накфурука ва нахлаъу ва натруку ман йафжурук. Аллаахумма иййаака наъбуду валака нусаллий ва насжуду ва илайка насъаа ва нахфиду ва наржуу рахматака ва нахшаа азаабака инна азаабака бил куффаари мулхик.

Котормосу:

Эй, Алла! Албетте, Сенден жардам сурайбыз жана Сенден гана кечирим сурайбыз. Сага ыйман келтиребиз жана Сага гана тобокел кылабыз. Сени жакшылап мактайбыз. Сага шүгүр кылабыз, шүгүрсүздүк кылбайбыз. Сага моюн сунбаган кишини таштайбыз, аны менен алака кылбайбыз. Эй, Алла! Сага ибадат кылабыз, Сен үчүн гана намаз окуйбуз жана сажда кылабыз. Сен тарапка гана биз чуркайбыз. Сенин кызматыңа даярбыз. Рахматыңды үмүт кылабыз жана азабыңдан коркобуз. Албетте, азабың каапырларга тийүүчү.

Share via