Кириш сөз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз Ибадат Сыйынуу

Эларалык Ахмадия Мусулман Жамааты Ислам дининин чыныгы таалимдерин таркатуу жолунда көптөгөн иштерди аткарып, адамзаттын руханий байлыгын арттыруу максатында күнү-түнү диний адабияттарды бастырып чыгарууда. Колуңуздагы ушул жаңы китеп мунун жарык далили.

Намаз

Ар бир динде ибадат-сыйынуу өтө маанилүү нерсе саналып, ал аркылуу адамдар Алла Таала менен руханий учурашууда болушат. Алла Тааланын көрсөтмөсү боюнча намаз Ислам дининин экинчи негизи же тиреги.

Азыркы материалдуу дүйнөдө ушундай китептер «суусаган жүрөктөргө» руханий азык болуп кызмат кыла алат. Мындай адабияттар доорубуз үчүн абдан керек.

Ушул китепте жамаат намазынын баардык жактары айкын жана даана көрсөтүлүп берилди. Ислам динине ишенген көптөгөн адамдар мындан кандайдыр бир баалуу булак катары пайда алуулары мүмкүн. Намаз жөнүндө башка бир далай китепчелер да бар, бирок алар ушул китепчедегидей толук жана кеңири чагылдырылган эмес. Бул китепте намаздын зарылдыгы, маани-маңызы жандуу тилде толук баян этилип, дубалардын жана аяттардын алгач арабча тексти, анан кыргызча окулушу, аягында котормосу берилип, дененин баардык кыймыл-аракеттери сүрөттөрдүн жардамы менен көрсөтүлүп берилген. Намаз маалындагы дене кыймыл-аракеттери өтө чоң мааниге ээ. Анткени, ушул кыймыл-аракеттер намаз окуй турган адамдын руху жана акылынын чыныгы ахвалын Алла Тааланын алдына коёт.

Ушул китептин дагы бир өзгөчөлүгү – анда Парыз, Сүннөт жана Нафл намазынын баардык түрлөрү толук бойдон берилген. Окурмандар ушул китептен намаз тууралуу өзүнө керек болгон толук маалыматтарды алгандан кийин башка адабияттарга кайрылуусуна зарылдык туулбайт.

Мындан тышкары, китептин аягында айрым диний сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү да берилген. Китептин акыркы беттеринде намаздын керектүүлүгү, зарылдыгы, маани-маңызы жана философиясы жөнүндө сонун пикирлер берилди.

Жыйынтыктап айтканда, бул китеп доорубуз үчүн өтө маанилүү, ал ар бир мусулман үй-бүлөсүндө болушу зарыл.

Бул китепче кыргыз тилинде эң алгач 2007-жылы жарык көрүп, тезде таралып кетти. Окурмандардын кызыгуусу жана талабына ылайык кайрадан басмадан чыгарылууда. Китепче кайрадан каралып, айрым бир жерлери оңдолуп толукталды. Колуңуздагы ушул нуска биринчи нускага караганда, жакшыраак жана коозураак болду.

Бул китеп ар бир момун-мусулман туугандын руханий жашоосуна зор өзгөрүүлөрдү жана көркөм ыңкылапты алып келет деген үмүттөбүз.

Кыштобаев С.

Кыргызстандагы Ахмадия

Мусулман Жамаатынын жетекчиси

Share via