Жуманын парыздуулугу, артыкчылыгы, адептери жана маселелери • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жуманын парыздуулугу, артыкчылыгы, адептери жана маселелери

Халифанын көрсөтмөсү

Жума намазынын парыздуулугу, артыкчылыгы, адептери жана маселелери

Өз үйлөрүндө жума намазын аткаруу жөнүндө Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин бир жаңы көрсөтмөсү

Алла Таала Курани Каримде жума намазынын парыздуулугун баяндап, мындай деп айтат:

یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا نُوۡدِیَ لِلصَّلٰوۃِ مِنۡ یَّوۡمِ الۡجُمُعَۃِ فَاسۡعَوۡا اِلٰی ذِکۡرِ اللّٰہِ وَ ذَرُوا الۡبَیۡعَ ؕ ذٰلِکُمۡ خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ

Эй, ыйман келтиргендер! Жума күнү намаз (жума намазы) үчүн чакырылганыңарда, Алланы эскерүү үчүн шашылгыла жана соода иштерин таштагыла. Эгер билсеңер, бул силер үчүн жакшы нерсе. (62:10)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы жума намазынын өтө маанилүү жана абзелдүүлүгүн айткан, ал Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистеринде сакталат. Мисалы, Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ خَيْرُ يَوْمٍ طَلَعَتْ عَلَيْهِ الشَّمْسُ يَوْمُ الْجُمُعَةِ فِيهِ خُلِقَ آدَمُ وَفِيهِ أُدْخِلَ الْجَنَّةَ وَفِيهِ أُخْرِجَ مِنْهَا وَلَا تَقُومُ السَّاعَةُ إِلَّا فِي يَوْمِ الْجُمُعَةِ۔

(صحیح مسلم  کتاب الجمعۃ بَاب فَضْل يَوْمِ الْجُمُعَةِ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Күн чыккан күндөрүнүн эң жакшысы – бул жума күнү, анда Адам төрөлгөн, ошол эле күнү ал бейишке киргизилген, ошол эле күнү ал бейиштен чыгарылган жана кыямат дагы жума күнү эле болот», – деп айткан.

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) төмөндөгү дагы бир рабаятты баян кылат:

أَنَّهُ سَمِعَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ نَحْنُ الْآخِرُونَ السَّابِقُونَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ بَيْدَ أَنَّهُمْ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِنَا ثُمَّ هَذَا يَوْمُهُمْ الَّذِي فُرِضَ عَلَيْهِمْ فَاخْتَلَفُوا فِيهِ فَهَدَانَا اللَّهُ فَالنَّاسُ لَنَا فِيهِ تَبَعٌ الْيَهُودُ غَدًا وَالنَّصَارَى بَعْدَ غَدٍ۔

(صحیح بخاری کتاب الجمعہ باب فرض الجمعۃ)

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккам: «Биз дүйнөгө келүү жагынан арттабыз, бирок кыямат күнү баарынан мурун болобуз, ал эми эгер аларга бизден мурун китеп берилген болсо, анда башка кеп. Анан ушул (жума) күнү эле аларга ибадат кылуу парыз кылынган, бирок алар ал тууралуу талашып келишкен. Анан Алла Таала бизге ал жакка хидаят берген. Ошондуктан, ал боюнча адамдар бизден артта калышкан. Эртең (ишемби күнү) яхудийлердин ибадат күнү жана бүрсүгүнү (жекшемби) христиандардын сыйынуу күнү». (Сахих Бухарий, Китаабул-Жумуъа, Баабу фаразил-жумуъа)

Мүмкүнчүлүгү болуп да, атайылап жума намазын окубагандарга жасалган эскертүү тууралуу Азирети Жаабир бин Абдулла (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَنْ تَرَكَ الْجُمُعَةَ ثَلَاثًا مِنْ غَيْرِ ضَرُورَةٍ طَبَعَ اللَّهُ عَلَى قَلْبِهِ۔

(سنن ابن ماجہ كِتَاب إِقَامَةِ الصَّلَاةِ وَالسُّنَّةِ فِيهَابَاب مَنْ تَرَكَ الْجُمُعَةَ مِنْ غَيْرِعُذْرٍ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Кимде-ким кандайдыр бир жүйөлүү себепсиз үч жуманы окубай койсо, Алла Таала анын жүрөгүн мөөрлөп салат», – деп айткан.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жуманын маанилүүлүгүн баяндап, мындай деп айтат:

«Жума – бул Исламдын улуу салтанаттуу майрамдарынын бири жана Курани Карим өзгөчө ал күндү дем алуу күнү деп атаган жана ал жөнүндө өзгөчө бир сүрөө Ыйык Куранда бар, ал «Ал-Жумуъа» сүрөөсү деп аталат. Анда азан чакырылганда, дүйнөдөгү ар бир ишин таштап, мечиттерге келгиле жана жума намазын анын бардык шарттары менен аткаргыла деп буюрулган. Мына ошондой кылбаган адам катуу күнөөкөр болот жана анын Ислам динининен чыгуу ыктымалы бар. Жума намазын аткаруу жана жума кутбасын угууга Курани Каримде жасалган катуу басым айт намазы тууралуу да айтылган эмес». («Ал-Хакам» газетасы, 3-сан, 7-том, 24-январь, 1903-жыл, 5-бет)

Куттуу жуманын парыздуулугу, анын маанилүүлүгү жана артыкчылыгы тууралуу кыскача кириш сөздөн кийин эми окурмандарга жума кутбасы жана жума намазын аткаруу жөнүндөгү кээ бир өтө маанилүү фикх маселелерин айтып беребиз.

Гусул алуу, тиштерди тазалоо жана жыпар жытты себинүү

Жума күнү гусул алуу, тиштерди тазалоо жана жыпар жытты себинүүгө аябай басым жасалган. Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) мындай деп айтат:

أَشْهَدُ عَلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ الْغُسْلُ يَوْمَ الْجُمُعَةِ وَاجِبٌ عَلَى كُلِّ مُحْتَلِمٍ وَأَنْ يَسْتَنَّ وَأَنْ يَمَسَّ طِيبًا إِنْ وَجَدَ۔

(صحیح بخاری کتاب الجمعۃ بَاب الطِّيبِ لِلْجُمُعَةِ)

Мен: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Жума күнү гусул алуу ар бир балакат жашына жеткен адамга парыз, ошондой эле ал мисвак кылсын жана мүмкүнчүлүгү болсо, атыр себинсин», – деп айтканына күбөлүк берем.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бул тууралуу мындай деп айтат:

«Эсиңерде болсун, сырткы тазалык ички тазалык менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан, эч болбогондо, жума күнү гусул алууңар керек. Ар бир намаз үчүн даарат алгыла. Жамаат менен турсаңар, анда атыр себингиле.

Ошондон улам эки айт майрамдарында жана жума күнү атыр себинүүгө буюрулган. Анын түпкү себеби, кандайдыр бир чогулуштун учурунда жаман жыттануу ыктымалы болот. Ошондуктан, гусул алуу, таза кийим кийүү жана атыр себүү менен сасык жыттар жана уулануу жоголот». (Малфузаат, 1-том, 231-бет)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жума күнү өзгөчө даярдыкты көрчү. Мисалы, Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб мындай деп жазат:

«Мага Азирети энебиз Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жума күнү атыр колдончу жана кийимдерин алмаштырчу деп айтып берген». («Сийратул-Махдий», 1-том, 61-бет)

Жума намазын аткаруунун убактысы

Жалпы ахвалда жума намазынын убактысы дагы кудум пешин намазы сыяктуу күндүн ооп кетүүсү менен башталат. Азирети Анас бин Маалик (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يُصَلِّي الْجُمُعَةَ حِينَ تَمِيلُ الشَّمْسُ۔

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) күн оогондо, жума намазын окучу.

Жума намазынан мурун окулуучу сүннөттөр

Жума намазынан мурун окулуучу сүннөттөргө келе турган болсок, ал күндүн ооп кетүүсүнөн мурун жана күндүн ооп кетүүсүнөн кийин каалаган убакытта окуса болот. Андан тышкары, жума күнү күн так ортодо болгон убакытта да окуса болот. Ал эми калган күндөрдө мына ушул убакытта намаз окууга тыюу салынган. Мисалы, Азирети Абу Катаада (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ كَرِهَ الصَّلَاةَ نِصْفَ النَّهَارِ إِلَّا يَوْمَ الْجُمُعَةِ وَقَالَ إِنَّ جَهَنَّمَ تُسَجَّرُ إِلَّا يَوْمَ الْجُمُعَةِ۔

(سنن ابی داؤد کتاب الصلاۃ باب بَاب الصَّلَاةِ يَوْمَ الْجُمُعَةِ قَبْلَ الزَّوَالِ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жума күнүнөн башка күндөрдө күн так ортодо болгон маалда намаз окууну жактырбайт эле жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) (мунун себебин айтып), жума күнүнөн башка күндөрдө ушул убакытта тозок күчөтүлөт деп айткан.

Жума намазынан мурун окулуучу сүннөттөр тууралуу Экинчи Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Албетте, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мечитке келип, жума намазынан мурун эки рекет (сүннөт) окугандыгы тууралуу хадис бар. Бирок, Азирети Айша (разияллааху анхаа) рабаят эткен дагы бир хадис боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) төрт рекетти (сүннөт) үйдөн окуп, (мечитке) келчү. Ошентсе да, «Бухарий» жана «Муслим» деген хадис китептеринде ушул төрт сүннөт делген рабаяттарга анчалык маани берилген эмес. Бирок эки рекет сүннөттү окуу дагы адал». (Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 47-сан, 17-том, 10-декабарь, 1929-жыл, 7-бет)

Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп жазат:

«Миян Хайруддин Сахиб Секхуваний (разияллааху анху) мага жазуу түрүндө төмөнкүлөрдү айтып берген: мен Хузур (алайхиссалаам)ды жума күнү «Аксаа» мечитинде көп жолу эки рекет окуганын көргөм. Жалпы адамдарды жума намазынан мурун төрт рекет окуганын, ал эми Хузур (алайхиссалаам)ды эки эле рекет окуганын байкагам, ал эки рекет «тахиййатул-масжид» (мечиттин белеги) болушу керек, калган намаздарынын сүннөттөрүн үйдөн эле окуп, «Мубарак» мечитине келчү». («Сийратул-Махдий», 2-том, 258-бет)

Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) дагы мындай деп жазат:

«Доктор Мир Мухаммад Исмаил Сахиб (разияллааху анху) жазуу түрүндө мага төмөнкүлөрдү айтып берген: Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жума намазынан мурун окулуучу сүннөттөр тууралуу бир жолу алар «тахиййатул-масжид» (мечиттин белеги) болуп саналат деп айткан. Ошондуктан, ал (алайхиссалаам) эки рекетти окучу». («Сийратул-Махдий», 1-том, 804-бет)

Сапарда жума намазын аткаруу

Мусаапыр адамга жума намазы парыз эмес, бирок эгер ал жума намазын окуса, анда эч күнөө эмес. Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ  لَيْسَ عَلَى مُسَافِرٍ جُمُعَةٌ۔

(المعجم الأوسط للطبراني باب الالف من اسمہ احمدحدیث نمبر 830)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусаапырга жума намазы парыз эмес деп айткан.

Экинчи Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) бул тууралуу мындай деп айткан:

«Сапарда жума намазын окуу да дурус жана окубай койсо да эч нерсе болбойт… мен Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды сапарда жума окуганын да, жума окубаганын да көргөм. Сапарда жума окулганында, мен жумадан мурунку сүннөттөрдү да окуйм жана мен аларды окуу керек, анткени алар жалпы сүннөттөрдөн өзгөчөлөнүп турат жана жуманын урматы катары болот деп ойлойм…». (Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 21-сан, 30-том, 24-январь, 1942-жыл, 1-бет)

Жума намазынан мурун окулуучу сүннөттөрдү аткарууга насаат

Экинчи Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)га эгер жума намазы менен чогуу Аср намазы да аткарылса, ошондо дагы сүннөттөр кечирилеби? – деген суроо берилген.

Ал: «Жума намазынан мурун окулуучу сүннөттөр, негизинен, ал жуманын нафлдары болуп саналат жана жумага гана таандык. Ошондуктан, жума намазынан мурун албетте сүннөт намазын аткаруу керек», – деп жооп берген.

(Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 240-сан, 34-том, 14-октябрь, 1946-жыл, 4-бет)

Дагы бир жолу Хузур (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Азыр эле кээ бир туугандардын арасында төмөнкү маселеде талашып-тартышуу болуп чыкты: Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын «эгер намаздар чогуу (кошулуп) окулса, анда (намаздан) мурунку жана кийинки сүннөттөр кечирилет деген фатвасы бар. Албетте, Пешин менен Аср намаздары кошулуп окулганда, мурунку жана ортоңку сүннөттөр кечирилет. Же Шам менен Куптан намаздары кошулуп окулса, анда ортоңку жана кийинки сүннөттөр кечирилет. Бирок талаш чыккан нерсе мындай болду: туугандарыбыздын бири сапарда мени менен чогуу жүрүп, мен жума менен Аср намаздарын кошуп окутуп, жума намазынан мурунку сүннөттөрдү окуганымды айтып берген. Бул эки нерсе туура. Намаздарды кошуп окуган жагдайда сүннөттөр кечирилет. Бул кеп да туура жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жума намазынан мурун окуган сүннөттөрдү мен сапарда окугам жана окуйм, бул дагы туура. Буга себеп, жума намазынан мурун окулуучу Нафлдар пешин намазынан мурун окулуучу сүннөттөрдөн айырмаланат. Аларды негизинен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жуманын урматында аткарган». (Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 21-сан, 30-том, 24-январь, 1942-жыл, 1-бет)

Жуманын учурунда азан айтуу

Ар кыл сахаабаларга көрсөтүлгөн түштөрдүн негизинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жамаат болуп, намазды аткаруу үчүн мусулмандарды кулактандыруу максатында азан айтуу ыкмасын тандаганындай, жума намазы үчүн дагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу доорунда ушул ыкма күчүнө кирген болчу. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кутба окуу үчүн минбарга келгенде, Муаззин[1] азан айтчу. Анан Азирети Абу Бакр жана Азирети Умар (разияллааху анхумаа)нын Халифат доорунда ушул эле ыкманы пайдаланышкан. Бирок адамдар көбөйүп калышканда, Азирети Усман (разияллааху анху) дагы бир азан айтууга буюрган, ал Мединанын базарында Завраа деген жерде айтылчу. Анын максаты адамдарды кулактандыруу болгон, натыйжада алар өз жумуштарын жыйнап, гусул ж.б.ды алып, жума намазын аткаруу үчүн мечитке жетип келишсин. Мисалы, Азирети Сайиб бин Язийд (разияллааху анху) мындай деп айтып берет:

كَانَ النِّدَاءُ يَوْمَ الْجُمُعَةِ أَوَّلُهُ إِذَا جَلَسَ الْإِمَامُ عَلَى الْمِنْبَرِ عَلَى عَهْدِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَأَبِي بَكْرٍ وَعُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا فَلَمَّا كَانَ عُثْمَانُ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ وَكَثُرَ النَّاسُ زَادَ النِّدَاءَ الثَّالِثَ عَلَى الزَّوْرَاءِ۔قَالَ أَبُو عَبْد اللَّهِ الزَّوْرَاءُ مَوْضِعٌ بِالسُّوقِ بِالْمَدِينَةِ۔

(صحیح بخاری کتاب الجمعۃ باب الاذان  یوم الجمعۃ)

Азан маселесинде эске тутуучу дагы бир зарыл нерсе: жамаат болуп, намаз аткаруу үчүн азан айтуу шарт. Ал эми сапарда же намазга катыша турган бардык адамдар ошол намаз окула турган жерде бар болгон сыяктуу жагдайда  азан айтылбаса деле болот. Бул тууралуу адамдар ар кандай ой-пикирлерди айтышкан. Бирок мен бир жолу Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) менен Гурдаспур районуна кетип бара жатканымда, орто жолдо намаз убагы болуп калган, ошондо: «Азан чакырылсынбы?» – деп суралганда, ал (алайхиссалаам): «(Намаз окуй турган) туугандарыбыздын бардыгы ушул эле жерде экен, (азан айтуунун) эмне кажети бар?» – деп айткан. Демек, эгер мына ушундай жагдай болсо, анда (азан) айтылбасын, болбосо азан айтуу зарыл, себеби ал аркылуу башкаларды чакырууга болот». (Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 56-сан, 9-том, 19-январь, 1922-жыл, 8-бет)

Жума кутбасы

Жума кутбасы жуманын бир зарыл бөлүгү болуп, эки бөлүктөн турат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) турган бойдон ушул кутбаны окучу. Жалпысынан, ар кандай иштер жөнүндөгү насаат сөздөрүнөн турган биринчи кутбасын окугандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир аз көз ирмемдерге унчукпай отуруп, анан ордунан туруп, (Кутба-э-Саания деп аталуучу) экинчи кутбаны окучу. Азирети Жаабир бин Сумара (разияллааху анху) мындай деп баян кылат:

كَانَتْ لِلنَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ خُطْبَتَانِ يَجْلِسُ بَيْنَهُمَا يَقْرَأُ الْقُرْآنَ وَيُذَكِّرُ النَّاسَ۔

(صحیح مسلم کتاب الجمعۃ بَاب ذِكْرِ الْخُطْبَتَيْنِ قَبْلَ الصَّلَاةِ وَمَا فِيهِمَا مِنْ الْجَلْسَةِ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эки кутбаны окучу жана эки кутбанын арасында бир аз отурчу. Ал кутбаларында ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Курани Каримди окуп, адамдарга насаат сөздөрүн айтчу.

Азирети Жаабир бин Самура (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

رَأَيْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَخْطُبُ قَائِمًا ثُمَّ يَقْعُدُ قَعْدَةً لَا يَتَكَلَّمُ فِيهَا ثُمَّ قَامَ فَخَطَبَ خُطْبَةً أُخْرَى۔

(سنن نسائی کتاب صلاۃ العیدین باب الْجُلُوسُ بَيْنَ الْخُطْبَتَيْنِ وَالسُّكُوتُ فِيهِ)

Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды туруп кутба окуганын көргөм. Анан бир аз убакытка отурган жана сүкүт сактаган. Анан кайрадан туруп, экинчи кутбаны окуган.

Жуманын эки кутбасынын арасында отургандыгынын себеби жөнүндө «Сунан Аби Давуд» деген хадис китептин «Аунил-Маъбуд» аттуу тафсиринде Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)нун төмөндөгүдөй рабаяты кезигет:

عَنْ النَّبِيّ صَلَّى اللَّه عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَأَبِي بَكْر وَعُمَر أَنَّهُمْ كَانُوا يَخْطُبُونَ يَوْم الْجُمُعَة خُطْبَتَيْنِ قِيَامًا يَفْصِلُونَ بَيْنهمَا بِالْجُلُوسِ۔

(عون المعبودشرح سنن ابی داؤد کتاب الصلاۃ باب الخطبۃ قائما)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам), Азирети Абу Бакр жана Азирети Умар (разияллааху анхумаа) жума күнү туруп, эки кутбаны окушчу жана ал эки кутбанын арасында (бир аз көз ирмемге) отуруп, айырмалашчу.

Эгер бирөө жуманын экинчи кутбасын жатка билбесе, ал салаваатты окуп, кутба берсе да болот. Мисалы, Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп жазат:

«Мунший Зафар Ахмад Сахиб Капурталвий жазуу түрүндө мага төмөнкүлөрдү айтып берген: мен Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) менен жолукканымдан кийин Кадиянга барып турчумун. Бир топ жолу мен жума намазын окуткам, ошондо Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жана Хафиз Хаамидалы бир гана артымда туруп, намаз окушчу. Мен кутба окууну билбейм деп айткам. Хузур (алайхиссалаам) кайсы бир руку[2]ну окуп, жана отуруп, анан салаваатты окуп коюңуз деп айткан». («Сийратул-Махдий», 2-том, 29-бет)

Жума намазынын ар түрдүү адептери жана маселелер

Жума кутбасын бүтүндөй тыптынч болуп, угууга буюрулган. А түгүл эгер кутба болуп жатканда бирөөнү тынчтанууга чакыруу керек болсо, аны да ишаарат менен жым кылууга көрсөтмө берилген. Мисалы, Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ إِذَا قُلْتَ لِصَاحِبِكَ يَوْمَ الْجُمُعَةِ أَنْصِتْ وَالْإِمَامُ يَخْطُبُ فَقَدْ لَغَوْتَ۔

(صحیح بخاری کتاب  الجمعۃ بَاب الْإِنْصَاتِ يَوْمَ الْجُمُعَةِ وَالْإِمَامُ يَخْطُبُ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эгер сен жума күнү имам-хатиб кутба окуп жатканда, өз шеригиңе тынч бол деп айтсаң, анда албетте сен жагымсыз иш-аракет кылган болосуң деп айткан.

Эгер бирөө жума кутбасы окулуп жатканда мечитке келсе жана ал киши жума намазынан мурунку сүннөттөрдү окубаган болсо, андай адам жөнүндө ал мечитке кирген соң а дегенде бат-бат эки рекет сүннөт намазын аткарсын, анан тыптынч болуп, имам-хатиб окуп жаткан кутбасын уксун деген көрсөтмө бар. Азирети Жаабир бин Абдулла (разияллааху анху) мындай деп рабаят эетет:

جَاءَ سُلَيْكٌ الْغَطَفَانِيُّ يَوْمَ الْجُمُعَةِ وَرَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَخْطُبُ فَجَلَسَ فَقَالَ لَهُ يَا سُلَيْكُ قُمْ فَارْكَعْ رَكْعَتَيْنِ وَتَجَوَّزْ فِيهِمَا ثُمَّ قَالَ إِذَا جَاءَ أَحَدُكُمْ يَوْمَ الْجُمُعَةِ وَالْإِمَامُ يَخْطُبُ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ وَلْيَتَجَوَّزْ فِيهِمَا۔

(صحیح مسلم کتاب الجمعۃ بَاب التَّحِيَّةُ وَالْإِمَامُ يَخْطُبُ)

Азирети Сулайк Гатафаний (разияллааху анху) жума күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кутба окуп жатканда келип, отуруп алган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага эй, Сулайк! Туруп, эки рекетти окугун жана аны кыска окугун деп айткан. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) араңардан бирөөңөр жума күнү имам-хатиб кутба окуп жатканда келсе, ал эки рекетти окусун жана аны кыска окусун деп айткан.

Жума кутбасынан кийин имам-хатиб эки рекет парыз намазын окутат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол эки рекетте жалпысынан «Ал-Аълаа» сүрөөсү жана «Ал-Гаашия» сүрөөсүн окучу. Мисалы, Азирети Нуъмаан бин Башир (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقْرَأُ فِي الْعِيدَيْنِ وَفِي الْجُمُعَةِ بِسَبِّحِ اسْمَ رَبِّكَ الْأَعْلَى وَهَلْ أَتَاكَ حَدِيثُ الْغَاشِيَةِ۔

(صحیح مسلم کتاب الجمعۃ بَاب مَا يُقْرَأُ فِي صَلَاةِ الْجُمُعَةِ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эки айт жана жума намазында «Саббихисма Раббикал-Аълаа» жана «Ва хал атаака хадийсул-гаашия» деген сүрөөлөрдү окучу.

Жума намазын үйлөрдө окуу

Хадистерден далилденгендей, аргасыздык жагдайларда жума намазын «Жаамиъ» (борбордук) мечитинин ордуна көчөдөгү мечитте же үйлөрдө дагы окуса болот. Мисалы, төмөнкүдөй рабаят этилет:

قَالَ ابْنُ عَبَّاسٍ لِمُؤَذِّنِهِ فِي يَوْمٍ مَطِيرٍ إِذَا قُلْتَ أَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ فَلَا تَقُلْ حَيَّ عَلَى الصَّلَاةِ قُلْ صَلُّوا فِي بُيُوتِكُمْ فَكَأَنَّ النَّاسَ اسْتَنْكَرُوا قَالَ فَعَلَهُ مَنْ هُوَ خَيْرٌ مِنِّي إِنَّ الْجُمْعَةَ عَزْمَةٌ وَإِنِّي كَرِهْتُ أَنْ أُحْرِجَكُمْ فَتَمْشُونَ فِي الطِّينِ وَالدَّحَضِ۔

(بخاری کتاب الجمعہ باب بَاب الرُّخْصَةِ إِنْ لَمْ يَحْضُرْ الْجُمُعَةَ فِي الْمَطَرِ)

Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху) жаан жааган күндөрүнүн биринде өзүнүн Муаззинине: «Сен «Ашхаду Аллаа Илааха Иллаллааху» жана «Ашхаду Анна Мухаммадар-Расуулуллаах» деп айтканыңадан кийин, «Хаййа Алассалаах» (намазга келгиле) деген сөздөрдү айтпай, тескерисинче «Саллуу Фий Буюутикум» (өз үйлөрүңүздө намаз окуп алгыла) деген сөздөрдү айткын», – деп айткан. Адамдарга жогорудагы окуя жаңылык болгондуктан, алар ага айран-таң калышкан. Ошондо, Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху) менден жакшыраак болгон ал (Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы ошондой кылган деп айткан. Жума намазын аткаруу зарыл болсо да, бирок мен ылай-баткак жана тайгакта жүрүп калууңар менен силерди кыйнап коюуну жактырбайм деп айткан.

Абу Мулайх өз атасынан төмөкүдөй укканын айтып берет:

أَنَّهُ شَهِدَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ زَمَنَ الْحُدَيْبِيَةِ فِي يَوْمِ جُمُعَةٍ وَأَصَابَهُمْ مَطَرٌ لَمْ تَبْتَلَّ أَسْفَلُ نِعَالِهِمْ فَأَمَرَهُمْ أَنْ يُصَلُّوا فِي رِحَالِهِمْ۔

 (سنن ابی داؤد کتاب الصلاۃ بَاب الْجُمُعَةِ فِي الْيَوْمِ الْمَطِيرِ)

Мен Худайбия келишиминин учурунда жума күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына баргам, ал күнү жаан жаап жаткан эле, бирок адамдардын бүт кийимдеринин таманмандарын суу кылчудай эмес болчу. Ошондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз турак жайыңарда намаз окуп алгыла деп буюрган.

Экинчи Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Бүгүн жаан жаап жатат… бул Алла Тааланын берешендиги. Бирок, байкасаңар, аны менен бирге бир аз кыйынчылык да жок эмес. Намаздар чогулуп, окулат. Андан тышкары, мен өздөрүнүн көчөлөрүндө жума намазын окууну каалаган туугандар (ошол жерде) окуп алышсын, ал эми өзүнүн каалоосу менен келмекчи болгондор келе беришсин деген кулактандырууну жарыялаткам. Көптөгөн карыялар, балдар, алсыздар жана ишчилер өздөрүнүн көчөлөрүндө эле (жума намазын) аткарышкан жана ден соолугу чың болгондор, келүүсү жеңил болгондор же өздөрүндө кенен кийим-кечек барлар ушул жерген келип калышкан». (Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 21-сан, 30-том, 24-январь, 1942-жыл, 1-бет)

Жогоруда келтирилген эки рабаят жана Экинчи Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун сөздөрүнөн бул нерсе ачык-айкын болуп калат: кандайдыр бир аргасыздык жагдайда жума намазын аткарууда жеңилдикти жаратуу чечими ар бир жеке адамдын колунда эмес, тескерисинче ушундай чечимди чыгаруу ыктыяры тек башкармалыктын колунда гана турат.

Жер жүзүнө таркалып кеткен коронавирус деген коркунучтуу жугуштуу оорунун айынан көпчүлук мамлекеттер өздөрүндө өзгөчө кырдаалды киргизген экен жана ар түрдүү алдына алуу чараларын көрүүгө буюрган экен. Мына ушундай кырдаалда Халифат сыяктуу улуу белекке ээ болгон Жамаатыбыздын башкармалыгы Жамаат мүчөлөрүн ошол алдына алуу чараларын ишке ашырууга чакырган. Мисалы, Хузурэ-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2020-жылдын 27-мартында жасаган өзгөчө кайрылуусунда Жамаат мүчөлөрүнө намаздар жана жума намазын аткаруу тууралуу төмөндөгүдөй көррсөтмөлөрдү берген:

«Бүгүнкү күндөрдө вирус деген жугуштуу оруу тарагандыктан дүйнөдөгү көптөгөн өкмөттөр айрым чектөөлөрдү киргизген жана ушул жерде Англия бийлиги дагы мечитте жамаат болуп, намаз окууга тыюу салып койгон… жума намазын окубай коюу деген суроого келе турган болсок, кээ бир хадистерден белгилүү болгондой, айрым жагдайларда жамаат намазын жана жума намазын окубай койсо болот. … Аталган оорунун жайылып кетүү деген коркунучу бар жана ал үчүн бийлик дагы кээ бир эрежелер жана мыйзамдарды чыгарган. Өлкө мыйзамдарынын негизинде аларды ишке ашыруу дагы зарыл. Мына ошондой жагдайларда бир жерге чогулуу жана жамаат болуп, намаз окуу же жума намазын аткаруу кыйын. Бирок, мен айтып өткөндөй, өз үйлөрүңөрдө жамаат болуп, намаз окууга адаттангыла. Аны менен балдар намаздарды аткаруу зарылдыгын жана жамаат болуп, аткаруу шарт экенин билип алышат. Бүгүнкү күндө өкүм сүргөн кырдаалдын айынан биз мечитке бара албайбыз, бирок ушул милдетти өз үйлөрүбүздө аткарышыбыз керек, аны ишке ашыруубуз шарт, бул жакка өзгөчө көңүл бургула. Кээ бир сапарларда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га дагы ушундай кырдаал туш келип, ал (алайхиссалаам) жума намазын окубай калган. Кыскасы, ушул сыяктуу көптөгөн рабаяттардан бул нерсе айкын болот: жугуштуу ооруларда бир жерге чогулуу же бири-бири менен жолугушуусу дурус эмес, ошон үчүн бири-биринен оолак болуп жашоо керек. Кыскасы, илгери да мен айткандай, биз муну түбөлүккө таштап жатканыбыз жок жана бул үчүн башка жол-жоболорду да издеп жатабыз. Тагыраак айтканда, үйлөрдө жума намазын аткарууну уюштуруп жатабыз. Мен дагы кандайдыр бир шарттарды түзүүгө аракет кылам». (Ал-Фазл Интернейшнал, 26-сан, 27-том, 31-март, 2020-жыл, 1,2-бет)

Үйлөрдө жума намазын аткаруунун жол-жобосу

Хузурэ-Анвардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде Жамаат мүчөлөрү намаздарды жана жума намазын өз үйлөрүндө окуп жатышат. Бул жагынан алганда жума намазына тиешелүү айрым маселелерди ушул жерде баяндоо зарыл деп көрүнөт.

Жума намазын аткаруу үчүн адамдардын саны

Жамаат болуп, намаз аткаруу үчүн хадистерден даана белгилүү болгондой, эки адам менен жамаат намазы болуп калат. Мисалы, Азирети Маалик бин Хувайрас (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

 عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ إِذَا حَضَرَتْ الصَّلَاةُ فَأَذِّنَا وَأَقِيمَا ثُمَّ لِيَؤُمَّكُمَا أَكْبَرُكُمَا۔

(صحیح بخاری کتاب الاذان بَاب اثْنَانِ فَمَا فَوْقَهُمَا جَمَاعَةٌ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Намаз убагы болуп калганда, экөөңөрдөн бирөөңөр азан айтып, коомат айтсын, анан экөөңөрдүн улууңар силерге имам болсун», – деп айткан.

Кудум ошондой Азирети Абу Муса Ашъарий (разияллааху анху) мындай деп айтат:

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ اثْنَانِ فَمَا فَوْقَهُمَا جَمَاعَةٌ۔

(سنن ابن ماجہ کتاب اقامۃ الصلاۃ و السنۃ فیھا بَاب الِاثْنَانِ جَمَاعَةٌ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эки жана экиден ашуун адам «жамаат» деп аталышат», – деп айткан.

Жума намазы үчүн канча адам болушу керек деген маселе тууралуу төмөнкүдөй үзүндүлөр бизге жардам берүүсү мүмкүн. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га эгер бир айылда эки Ахмадий мусулман болсо, алар жума намазын окуп алышсынбы же жокпу деген суроо берилген.

Мавлавий Мухаммад Ахсан Сахибден сураганда, ал эки адам менен жамаат намазы болуп калгандыктан, жума намазы да боло берет деп жооп берген. Ал (алайхиссалаам): «Ооба, окуп алышсын. Фикх уламалары үч адам болуш керектигин жазышкан. Эгер бирөө жалгыз болсо, ал өз жубайын ж.б.ны өзүнүн аркасына тургузуп, аталган санды толукташса болот», – деп айткан.

(Бадр газетасы, 11-сан, 6-том, 14-март, 1907-жыл, 5-бет)

Эгер бир жерде бир-эки Ахмадий мусулман эркектер жана бир аз аялдар болсо, ошондо аялдарды жамаат намазына кошуп алып, жума намазын окуса болобу деген суроо берилген.

Ал (алайхиссалаам): «Ооба, болот», – деп жооп берген.

(Бадр газетасы, 36-сан, 6-том, 5-сентябрь, 1907-жыл, 3-бет)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын биринчи Халифасы Азирети Мавлана Хаким Нуруддин (разияллааху анху) бир жерде: «Жума намазында имам менен бир адам жетиштүү», – деп айтат.

(Бадр газетасы, 5-сан, 10-том, 1-декабрь, 1910-жыл, 3-бет)

Бир адам берген суроосуна Экинчи Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) төмөнкүдөй жооп жаздырган:

«Жума намазын үйдө үйдөгү (үй ичиндеги) адамдар менен окуса болот».

(Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 145-сан, 2-том, 27-май, 1915-жыл, 2-бет)

Эки гана адам жума намазын окушса, болобу деген суроо берилген. Ал (разияллааху анху): «Ооба, болот», – деп жооп берген. (Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 56-сан, 9-том, 19-январь, 1922-жыл, 8-бет)

Жубайлардын (эки адамдын) жума намазын окуусу жөнүндө Азирети Амирул-Муминийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дын акыркы көрсөтмөсү

Дүйнөдө өкүм сүрүп келе жаткан өзгөчө кырдаалдын негизинде Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)га төмөнкүдөй суроо келип түшкөн: мына ушул өзгөчө кырдаалда бир топ үйлөрдө бир гана жубайлар (аял менен күйөөсү) жашашат, мына ошондой жагдайда ал экөө (аял менен күйөөсү) – эгер күйөөсү кутба окуп, жума намазын окутса жана анын аялы гана анын аркасында туруп, жума намазын аткарышса болбобу?

Буга жооп катары Ал Азирети өзүнүн куттуу колу менен мындай деп жазган:

«Жогоруда келтирилген Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сөздөрү эле жооп берип жаткандай, болот». (Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2020-жылдын 7-апрелинде сүйлөгөн сөзү)

Өз макаламды Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дын төмөнкүдөй ак баталары менен бүтүрөм. Хузур-э-Анвар мындай деп айтат:

«Алла Таала ырайым кылып, ушул жугуштуу оорудан дүйнөнү тезирээк куткарсын, бүткүл дүйнөгө адамгерчиликтин талаптарын аткаруу мүмкүнчүлүгүн берсин жана бардыгы Алла Тааланы таанысын деп дуба кылгыла. Бул үчүн Алла Таала бардыгыбызга күч-кубат берсин. Аамийн».

٭…٭…٭

[1] Азан айтуучу адам.

[2] Бир аз Куран аяттарын окуу дегендик.

Share via