Орозонун парыздуулугу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозонун парыздуулугу

Орозо Рамазан мечит ыйман мусулман момун сыйынуу ибадат ай

عَائِشَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا أَنَّ قُرَيْشًا كَانَتْ تَصُومُ يَوْمَ عَاشُورَاءَ فِي الْجَاهِلِيَّةِ ثُمَّ أَمَرَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِصِيَامِهِ حَتَّى فُرِضَ رَمَضَانُ وَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَنْ شَاءَ فَلْيَصُمْهُ وَمَنْ شَاءَ أَفْطَرَ

(صحيح البخاري, كتاب الصوم)

Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан мындай деп рабаят этилет: «Караңгычылык доорунда Курайш Ашуура күнү орозо кармашчу. Анан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ашуура, тагыраак айтканда, Мухаррам айынын онунда орозо кармоого буюрган. Рамазан (айынын орозосу) парыз болгондон кийин, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каалаган адам аны кармасын жана каалаган кармабай койсун деп айткан». (Бухарий, Китаабус-Саум)

Түшүндүрмөсү: Орозолордун парыздуулугу жөнүндөгү баянда баарынан мурун билүүгө зарыл болгон нерсе: орозо – бул эмне? Ал ибадаттын артында кандай тарых (даанышмандык) бар? Демек, билүү керек, орозо үчүн араб тилинде «саум» сөзү колдонулуп, ал «имсаак» (токтотуу) деген маанини билдирет. Ислам шариятынын термини боюнча орозонун мааниси – бул ибадат кылуу (сыйынуу) ниетинде таң аткандан тартып, күн батканга чейин жеп-ичүү жана жубайлык жыныстык катнашуудан өзүн тыюу. Ошондой эле курулай кептер жана иштерден да тыйылуу керек.

Орозонун артында турган тарых же түпкүрү

 Дүйнөдөгү бардык ири диндерде орозо деген сөз ар кандай көрүнүштөрдө кезигет. «Британ энциклопедиясы» деген китепте орозо сөзүнүн астында мындай деп жазылган: орозо тутууга буюрулбаган дүйнөдөгү бир дагы дин жок. Ар бир динде орозо кармоого буюрулган экен. Тооратта Азирети Муса (алайхиссалаам) Тур тоосуна барганда, кырк күн, кырк түн орозо кармаган деп жазылган. Азирети Ыйса (алайхиссалаам) тууралуу Инжилде ал кырк күн, кырк түн орозо кармаган деп кезигет. Ал гана эмес, Азирети Ыйса (алайхиссалаам) өз шакирттерине орозо тутуунун адептерин да үйрөткөн: башкаларга көрсөтүү үчүн орозо кармабагыла, тескерисинче бир гана Алла Таала үчүн көмүскө орозо кармагыла. «Британ энциклопедиясы» деген китепте хинду жана Джайнизм диндеринин орозолору жөнүндө дагы сөз кылынган. Зардушт дини жөнүндө дагы Конфуций өзүн ээрчигендерге орозо кармоого баса белгилеп насаат кылчу деп жазылган. Туура, ал орозолордун көрүнүштөрү ар кандай болгон болчу. Кайсы бир жерде үзгүлтүксүз жыйырма төрт саат орозо кармалчу, кайсы бир жерде үч-төрт күн орозо кармалчу. Кайсы бир жердеги орозолордо жеңил тамактарды ичүүгө уруксат бар болчу. Мисалы, хиндулар жана христиандардын орозолору. Кайсы бир жерде бир гана эт жебөө деген орозо бар болчу. Кыскасы, орозонун ар кандай көрүнүштөрү ар кыл коомдордо жана диндерде байкалат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын келүүсүнөн мурун арабдарда дагы орозо тутуу салты бар болчу. Мисалы, хадистерде мындай деп кезигет: Ашуура, тагыраак айтканда, Мухаррам айынын онунда Караңгычылык доорунда Курайш орозо кармашчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага көчүп келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) яхудийлердин да Мухаррамдын онунда орозо кармашканын билген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алар эмнеге Мухаррамдын онунда орозо кармашканын сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га Мухаррамдын онунда Азирети Муса (алайхиссалаам) Фараондон куткарылган, ошого шүгүрчүлүк катары яхудийлер орозо кармашат деп айтылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)  биз, мусулмандар яхудийлерге караганда, Азирети Муса (алайхиссалаам)га жакыныраак болобуз жана ага акыбыз көбүрөөк, ошон үчүн эй, мусулмандар! Силер дагы Ашууранын орозосун кармагыла деп айткан. Ал гана эмес, Мединага көчүп келгенден кийин Мухаррам айы келгенде, Мухаррамдын онунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) күндүзү Медина жана анын тегерегинде бүгүн саарлыктан бери эч нерсе жеп-ичпеген ар бир адам кечке дейре эч нерсени жеп-ичпесин жана Ашууранын орозосун толуктасын жана бир нерсе жеп-ичип алгандар кийинчерээк ушул орозону кармашсын деген кулактандырууну жасаткан. Азирети Айша (разияллааху анхаа) Рамазан айы парыз болгонго чейин мусулмандар Ашууранын орозосун үзгүлтүксүз кармашкан, Рамазан айы парыз болгондон кийин мурдагысындай ага көңүл бурулбай калган деп айтат. (Бухарий жана Муслим, Китаабус-Саум)

Кээ бир рабаяттарда Рамазан парыз боло электе мусулмандар «Бийз» күндөрүнүн, ар бир айдын (13,14,15) күндөрүнүн орозосун кармашчу деп да кезигет.

МУСУЛМАНДАРГА ОРОЗОНУН ПАРЫЗДУУЛУГУ ТУУРАЛУУ БЕРИЛГЕН БУЙРУКТАР

Мединада 2-хижра жылы балакат жашына жеткен ар бир акылы соо мусулман эркек жана аялга орозо парыз болгон. Ал кезде түшкөн аяттарда орозонун парыздуулугу, хикмат-даанышмандуулугу, философиясы, берекелери, артыкчылыктары, адептери жана маселелери баяндалган. Ал аяттар төмөнкүлөр:

یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا کُتِبَ عَلَیۡکُمُ الصِّیَامُ کَمَا کُتِبَ عَلَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ

اَیَّامًا مَّعۡدُوۡدٰتٍ ؕ فَمَنۡ کَانَ مِنۡکُمۡ مَّرِیۡضًا اَوۡ عَلٰی سَفَرٍ فَعِدَّۃٌ مِّنۡ اَیَّامٍ اُخَرَ ؕ وَ عَلَی الَّذِیۡنَ یُطِیۡقُوۡنَہٗ فِدۡیَۃٌ طَعَامُ مِسۡکِیۡنٍ ؕ فَمَنۡ تَطَوَّعَ خَیۡرًا فَہُوَ خَیۡرٌ لَّہٗ ؕ وَ اَنۡ تَصُوۡمُوۡا خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ

شَہۡرُ رَمَضَانَ الَّذِیۡۤ اُنۡزِلَ فِیۡہِ الۡقُرۡاٰنُ ہُدًی لِّلنَّاسِ وَ بَیِّنٰتٍ مِّنَ الۡہُدٰی وَ الۡفُرۡقَانِ ۚ فَمَنۡ شَہِدَ مِنۡکُمُ الشَّہۡرَ فَلۡیَصُمۡہُ ؕ وَ مَنۡ کَانَ مَرِیۡضًا اَوۡ عَلٰی سَفَرٍ فَعِدَّۃٌ مِّنۡ اَیَّامٍ اُخَرَ ؕ یُرِیۡدُ اللّٰہُ بِکُمُ الۡیُسۡرَ وَ لَا یُرِیۡدُ بِکُمُ الۡعُسۡرَ ۫ وَ لِتُکۡمِلُوا الۡعِدَّۃَ وَ لِتُکَبِّرُوا اللّٰہَ عَلٰی مَا ہَدٰٮکُمۡ وَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ

وَ اِذَا سَاَلَکَ عِبَادِیۡ عَنِّیۡ فَاِنِّیۡ قَرِیۡبٌ ؕ اُجِیۡبُ دَعۡوَۃَ الدَّاعِ اِذَا دَعَانِ ۙ فَلۡیَسۡتَجِیۡبُوۡا لِیۡ وَ لۡیُؤۡمِنُوۡا بِیۡ لَعَلَّہُمۡ یَرۡشُدُوۡنَ

اُحِلَّ لَکُمۡ لَیۡلَۃَ الصِّیَامِ الرَّفَثُ اِلٰی نِسَآئِکُمۡ ؕ ہُنَّ لِبَاسٌ لَّکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ لِبَاسٌ لَّہُنَّ ؕ عَلِمَ اللّٰہُ اَنَّکُمۡ کُنۡتُمۡ تَخۡتَانُوۡنَ اَنۡفُسَکُمۡ فَتَابَ عَلَیۡکُمۡ وَ عَفَا عَنۡکُمۡ ۚ فَالۡـٰٔنَ بَاشِرُوۡہُنَّ وَ ابۡتَغُوۡا مَا کَتَبَ اللّٰہُ لَکُمۡ ۪ وَ کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا حَتّٰی یَتَبَیَّنَ لَکُمُ الۡخَیۡطُ الۡاَبۡیَضُ مِنَ الۡخَیۡطِ الۡاَسۡوَدِ مِنَ الۡفَجۡرِ۪ ثُمَّ اَتِمُّوا الصِّیَامَ اِلَی الَّیۡلِ ۚ وَ لَا تُبَاشِرُوۡہُنَّ وَ اَنۡتُمۡ عٰکِفُوۡنَ ۙ فِی الۡمَسٰجِدِ ؕ تِلۡکَ حُدُوۡدُ اللّٰہِ فَلَا تَقۡرَبُوۡہَا ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ اٰیٰتِہٖ لِلنَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَتَّقُوۡنَ

Эй, ыйман келтиргендер! Силер такыба болушуңар үчүн силерден мурун өткөн кишилерге орозо парыз кылынган сыяктуу силерге дагы парыз кылынды. (2:184)

Ошентип, белгилүү күндөрдө орозо туткула. Демек, силерден ким оорулуу болсо, же сапарда болсо, ал башка убакта ошончо күн орозо тутушу керек. Буга күчү жеткен кишилерге фидя иретинде бир кембагалды тамактандыруу лаазым. Ошентип, ким кошумча жакшы амал кылса, бул өзү үчүн эң жакшы. Эгер билсеңер, орозо тутушуңар силер үчүн жакшы нерсе. (2:185)

Рамазан айы – Куран адамдар үчүн улуу хидаят, ошондой эле хидаят түшүндүрмөсү жана чындык менен жалгандын ортосундагы айырмалай турган буйруктардан турган аят-белгилер катары түшүрүлгөн ай. Ошондуктан, силерден ким бул айды көрсө, анын орозолорун тутсун, ошондой эле ким оорулуу болсо же сапарда болсо, ошончо күн өлчөмүндө башка күндөрдө орозо тутуусу зарыл. Алла силерге жеңилдик каалайт жана силерге кыйын болушун каалабайт. Ошондой эле аталган санды жеңил толукташыңарды каалайт жана шүгүр кылууңар үчүн Алла силерди хидаят кылгандыгы себептүү Аллага мактоо-алкоо айтышыңарды каалайт. (2:186)

Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашканда, албетте, Мен жакынмын. Дуба кылуучу киши Мени чакырганда, Мен анын дубасына жооп кайтарамын. Демек, хидаят табуулары үчүн алар дагы Мага жооп кылуулары жана Мага ыйман келтирүүлөрү зарыл. (2:187)

Орозо айынын түндөрүндө аялдарыңар менен кошулуу силерге адал кылынды. Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер. Силер өзүңөргө карата кылган адилетсиздигиңерди Алла билет. Ошондуктан, Ал силерге мээрбан болду жана силерди кечирди. Эми, алар менен кошула бергиле жана Алла силер тууралуу жазып койгонун талап кылгыла. Таң аткандыктан саардын ак нуру түндүн караңгысынан айырмаланганга чейин жеп-ичкиле. Анан кечке чейин орозону уланткыла. Силер мечиттерде «эътикааф»[1] болгонуңарда, алар менен кошулбагыла. Булар Алланын чек аралары. Ошондуктан, аларга жакын барбагыла. Алла Өз аяттарын адамдарга, алар такыба болсун үчүн мына ушундай ачык баяндайт. (2:188)

Орозо жөнүндөгү буйруктар жана маселелерден турган жогорудагы аяттарды кунт коюп окуу менен «орозо» деген ибадаттын жеткилең көрүнүшүндө, биринчи жолу мусулмандарда күчүнө киргендиги маалым болот. Ал аркылуу мусулмандарга жеткилең жакшылыктын эшиктери ачылган.

Туура, мурунку коомдор, яхудийлер, христиандар жана хиндулардан тышкары, байыркы египеттиктер жана Парсы дининде дагы орозо тууралуу сөз кезигет, бирок аларда Ислам дининде орозо тууралуу кезиккен кеңири жана так мыйзам-эрежелердей мыйзам-эрежелер учурабайт. Ал гана эмес, алардын арасындагы кээ бир диндерде орозо үчүн кандайдыр бир өзгөчө күндөр дагы белгиленген эмес, адамдар өздөрү-өздөрүнө орозо үчүн каалаган күнүн белгилеп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Кээ бир диндерди ээрчигендер жеп-ичүүнү таштап салуу же аз гана тамакка канааттануу ыктыярына ээ болушкан. Айрым диндерде кээ бир нерселерди эле таштоо жана кээ бир нерселерди өзү эле тандоо уруксаты бар болчу. Мына ошол уруксаттан улам, байыркы коомдор орозонун адеп-ахлактык жана руханий пайдаларынан куру-жалак калышкан жана орозонун акыйкаты алардын колунан чыгып кеткен. Ал эми Ислам дининде орозонун жеткилең көрүнүшү, бардык адеп-ахлактык жана руханий пайдалары коштолгон.

[1] Сыйынуу жана ибадат кылуу ниетинде Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө мечитте өзгөчө обочолонуп отуруу.

Share via