Азирети Мырза Масрур Ахмад (аба)дин Орозо айты менен куттуктоосу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад (аба)дин Орозо айты менен куттуктоосу

Айт намаз орозо куттуктоо

Убада кылынган Масийх жана Махдийдин V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аба)дин Орозо айты менен куттуктоосу

Ийдул-Фитр (Орозо айт) майрамы менен мен дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды куттуктайм.

Биз Рамазан айында аткарган жакшы иштерди мындан ары да улантып, жашообуздун туруктуу бөлүгүнө айландырабыз деген үмүттөмүн жана дуба кылам. Ошондо гана биз чыныгы айт майрамын белгилеп жатабыз жана анын чыныгы максат-мүдөөлөрүн аткаруудабыз деп айта алабыз.

Биз адамзат көп азап чегип жаткан доордо жашап жатабыз жана дүйнөдө барган сайын чыр-чатак күчөп жатат. Ошондуктан, бул майрам күнү биз кыйналгандарды эстеп, бүт адамзатка жүрөктөрүбүздү ачуубуз керек. Алла Таала бизге акчаларды тамактандырганга, ошондой эле алсыз жана арта калган адамдарга колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берсин

Алла Таала бардык адамзаттын азап-кыйынчылыктарын алып салсын, ошондой эле дүйнөдө тынчтык жана адилеттикти орнотсун деп дуба кылам.

АЗИРЕТИ МЫРЗА МАСРУР АХМАД

Убада кылынган Масийх жана Махдийдин V Халифасы

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Share via