Мырза Масрур Ахмад Халифаттын түзүлүшү тууралуу сөз кылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мырза Масрур Ахмад Халифаттын түзүлүшү тууралуу сөз кылды

Халифат Ислам дин ыйман

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия Халифатынын түзүлүшү жана маанилүүлүгү тууралуу сөз кылды

2019-жылдын 20-майынан 26-майынын аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

24-май күнү, куттуу жума күнү

Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) Тиллфорд Исламабадагы «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрсөтүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Ахмадия Халифатынын түзүлүшү жана маанилүүлүгү тууралуу сөз кылды.

Жер жүзүндөгү ар кайсы аймактардагы ар кайсы коомдордогу адамдардын пайдасы үчүн Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала)нын жума кутбалары жана кайрылуулары үзгүлтүксүз урду тилинен тышкары жети тилде түз эфир аркылуу МТАдан көрсөтүлөт. Ал тилдерге араб, англис, беӊгал, немец, францус, савахилий жана индонезия тили кирет. Ал эми МТА Африка аркылуу өзүнчө англис тилинин Африка акцентинде да котормосу көрсөтүлөт.

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

Ушул жума аралыгында Ал Азирети беш күн расмийлер менен, ал эми алты күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, тармактуу уюмдардын президенттери, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ушул жума аралыгында 66 үй-бүлө жана 44 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар 11 өлкөдөн келишкен, алардын катарында Америка, Канада, Германия, Дания, Голландия, Греция, Нигерия, Непал, Пакистан жана Англия кирет.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 26-том, 23-сан, куттуу жума күнү, 31-май, 2019-жыл, 1-бет)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via