Азирети Амирул-Му'минийн жасаган айрым иштеринин күндөлүгү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Амирул-Му’минийн жасаган айрым иштеринин күндөлүгү

Халифанын көрсөтмөсү

2019-жылдын 12-сентябрынан 15-сентябрынын аралыгында Амирул-Му’миний Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгүн окурмандарга сунуш кылып жатабыз:

13-сентябрь, куттуу жума күнү: Ал Азирети Кингслиде жайгашкан «Контри маркетинде» жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында ыкыластуулуктун көрүнүшү болгон Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эки сахаабасы Азирети Нуъман бин Амар (разияллааху анху) жана Азирети Хубайб бин Асааф (разияллааху анху)нун куттуу мүнөздөрүн абдан жагымдуу ыкмада айтып берди. Андан тышкары, (Рабвахтын тургуну) урматтуу Рашийда Бегам айым, (Фижинин тургуну) урматтуу Мухаммад Шамшир Хан мырза жана (Курдстандын тургуну) урматтуу Фатима Мухаммад Мустафаа айымдын каза болгондору тууралуу айтып, аларды жакшы сөздөр менен эскерип, жума жана Аср намазынан кийин алардын гайып жаназа намазын окутту

Намаздан кийин желек көтөрүү аземи болуп, Ал Азирети Ансаруллахтын желегин көтөрүп, дуба кылдырды.

Бүгүн кечинде Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Исламабаддын ар кайсы жерлерин айланып-көрүп, кээ бир маселелер тууралуу көрсөтмөлөрдү берди. А дегенде, Ал Азирети Исламабаддын аймагында жайгашкан Эдейшнал Вакалат Маалдын кеңсесине барып, аны көрдү. Андан кийин мейманкананы (Халифатул-Масийхтин мурунку турак жайы болгон) көрдү. Андан кийин «Масрур» сарайын көздөй барып, залдын арт жагын көрдү жана курулуш маселелери тууралуу кээ бир нерселерди сурап-билди. Андан кийин Ал Азирети ал жолдон өтүп бара жатып, эркек-аялдар үчүн ортосунда гүл вазалары коюлуп, ажыратылган турак-жайын көздөй барды. Үйлөрдүн тышында турган эркек балдар жана кыздар көтөрүңкү үн менен Хузур-э-Анварга «Ассаламу алайкум, сүйүктүү Хузур!» деп айтышты жана жооп катары Хузур-э-Анвар тарабынан «Ва алайкумуссалаам» деген түбөлүктүү дубаны белек катары алышты. Ушул убакыт аралыгында Ал Азирети ар кандай меселелер тууралуу көрсөтмөлөрдү берип турду. Андан кийин Хузур-э-Анвар өзүнүн кеңсесине кайтып келди, анан шам намазы үчүн «Мубарак» мечитине жөнөп кетти.

14-сентябрь, ишемби күнү: Бүгүн эртең мененки расмий жолугушуулардын арасында медициналык уюмдун Амила мүчөлөрү Хузур-э-Анвар менен жолугушуу бактысына ээ болушту.

Бүгүн Ал Азирети Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде Аср намазынан кийин төмөндөгүдөй 5 никени кыйып, алардын берекелүү болуусу үчүн дуба кылдырды:

(Рабвах-Пакистандын тургуну, Жамаатыбыздын Муаллими) урматтуу Тарик Ганий Бхаттий мырзанын (Вакифа-э-Нау) кызы кымбаттуу Газала Тариктин никеси (Гужранвала-Пакистандын тургуну) урматтуу Мунаввар Хусайын мырзанын уулу урматтуу Захид Ахмад Бхаттий мырза менен кыйылды.

(Укарах-Пакистандын тургуну) урматтуу Мухаммад Насир Ахмад Тахир мырзанын кызы кымбаттуу Муназза Насирдин никеси (Рабвах-Пакистандын тургуну) урматтуу Мухаммад Саъийд Тарик мырзанын уулу (Жамаатыбыздын миссионери) урматтуу Азизур-Рахмаан мырза менен кыйылды.

(Канаданын тургуну, Лахор шаарында шейит болгон) урматтуу Нисар Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Айша Нисардын никеси (Лондон-Англиянын тургуну) урматтуу Мубашшир Ахмад мырзанын уулу урматтуу Мутаххар Ахмад мырза менен кыйылды.

(Лондон-Англиянын тургуну) урматтуу Башир Ахмад Хан мырзанын кызы кымбаттуу Басила Баширдин никеси (Щвецариянын тургуну) урматтуу Масъуд Ахмад мырзанын (Вакиф-э-Нау) уулу урматтуу Хаммаад Ахмад Масъуд мырза менен кыйылды.

(Лондондун тургуну) урматтуу Гафур Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Хибатур-Рахийм Марямдын никеси (Лондондун тургуну) урматтуу Мубарак Ахмад мырзанын уулу урматтуу Аднаан Ахмад Аариф мырза менен кыйылды.

15-сентябрь, жекшемби күнү: Бүгүн Ал Азирети Британиядагы Лажна Имааиллах жана Мажлис Ансаруллахтын жылдык Ижтимааларына катышты. Хузур-э-Анвар 12:20га жакын Ижтимаа болгон жерге келди. Ал Азирети а дегенде Лажна Имааиллахтын Ижтимаасына барып, жыйынтык кайрылуусун жасады.

Андан кийин Хузур-э-Акдас Ансаруллахтын Ижтимаасына барып, пешин менен дигер намаздарын чогуу окутту. Намаздарды окугандан кийин Мажлис Ансаруллахтын соңку сессиясы башталып, Ал Азирети ага кайрылуусун жасады.

дуба ак бата халифат

٭…٭…٭

Share via