Алла Таала тарабынан келүүчү руханий Халифалар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Алла Таала тарабынан келүүчү руханий Халифалар

Мырза Гулам Ахмад

«Алла Таала руханий жактан динге жардам жана жеңиш алып келүүчү руханий Халифаларды жаратып турат»

Халифа сөзүнүн аныктамасы

«Халифа деп орун басарды айтышат жана каймана мааниде элчинин баалуулуктарын өзүндө камтыган адам гана чынында элчиге орун басар болушу мүмкүн… Халифа негизинен элчинин көлөкөсү болот. Эч бир адам үчүн түбөлүккө калуу мүмкүн эмес болгондуктан, Алла Таала жер жүзүндөгү бардык адамдардын арасынан эң ардактуу жана эң бийик болгон элчилердин денесин каймана мааниде түбөлүккө, кыяматка чейин кармап турууну каалаган. Мына ошондон улам Алла Таала Халифатты сунуштаган, анткени дүйнө эч качан жана эч бир доордо пайгамбарчылыктын кут-берекелеринен куру-жалак калбасын үчүн». (Шахаадатул-Куран, Руханий Хазайын, 6-том, 353-бет)

«Бул башка диндегилерди акыйкатка чакыруу үчүн өзүндө жөндөмдүүлүгү бар бир руханий жашоо жана ички нур. Мына ушул эле нерсени башкача сөздөр менен айтканда, Халифат дешет». (Шахаадатул-Куран, Руханий Хазайин, 6-том, 355-бет)

Алла Тааланын убадасы

«Алла Таала силердин араңардагы айрым ыймандууларыңарга, аларды жерде алардан мурункуларды Халифа кылган сыңары Өзүнүн Пайгамабрына Халифа кылат жана Ал алар үчүн Өзү тандаган динин, тагыраак айтканда Ислам динин жерге бекем орнотот жана туруктуу кылат жана момундар коркунучтуу ахвалга кабылышкандан кийин, тактап айтканда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болуп калгандыгынан эми дин жок болуп кетпесин деген коркунуч туш болгондон кийин, ошол коркунучтуу жана кооптуу абалда Алла Таала чыныгы Халифатты орнотуп, мусулмандарды диндин жок болуп кетүүсү деген коркунучунан куткарып, бейкам жана тынчтык абалга алып чыгат, алар чын жүрөктөн Мага сыйынышат жана эч нерсени Мага шерик кылышпайт деп убада берген. Бул көрүнөө түрүндөгү бир куш кабар болуп эсептелинет. Бирок Куран аяттарында уланып келе жаткан Алланын Сүннөтүндөй, анын ичинде кандайдыр бир ички мааниси дагы бар жана ал мындай: руханий жактан ушул аяттарда руханий Халифат жакка ишаарат дагы бар, анын мааниси төмөнкүдөй: жүрөктөрдө Алла Тааланын сүйүүсү калбай калган, бузуку диндер туш тарапка жайылып кеткен, адамдар дүйнөгө гана жүздөнүп калган жана диндин жоголуу коркунучу пайда болуп калган ар бир коркунучтуу ахвалда, мына ошондой убакыттарда Алла Таала руханий жактан динге жардам жана жеңиш алып келүүчү, акыйкатка сый-урмат тартуулап, жалганды кордой турган руханий Халифаларды жаратып турат. Анткени, дин ар дайым өзүнүн түпкү тазалыгына кайтып келип турсун жана момундар караңгылыктын жайылуусу жана диндин жок болуп кетет деген кооптонуудан тынчтыкка келип калышсын». (Барахаийн-э-Ахмадия, үчүнчү бөлүк, Руханий Хазайин, 1-том, 259-260-бет)

  Алла Таала Эки Кудеретин көргөзөт

«Ошондуктан, эй, сүйүктүүлөр! Алла Тааланын эзелтеден мындай Сүннөтү бар: каршылаштардын эки жасалма кубанычын жок кылуу максатында Кудай Таала Өзүнүн Эки Кудуретин көрсөтөт. Эми Өзүнүн эзелки Сүннөтүн таштап коюу Аллага мүмкүнбү? Ошол үчүн мен силерге баяндаган нерсе себептүү кайгырбагыла жана жүрөктөрүңөр сар-санаа тартпасын. Анткени, силер Экинчи Кудуретти көрүшүңөр зарыл, анын келүүсү силер үчүн жакшыраак. Себеби, ал түбөлүк болуп, кыяматка чейин үзгүлтүксүз улантылат. Мен кетмейинче ал Экинчи Кудурет келбейт. Бирок мен кеткен соң, Кудай Таала ал Экинчи Кудуретти силер үчүн жиберет. Ал дайыма силер менен бирге болот. Кудай Таала «Бараахийн-э-Ахмадияда»[1] убада берген. Ал убада мага эмес, жок, силерге таандык. Мисалга, Алла Таала мындай деп айтат: «Мен сени ээрчиген ушул Жамаатка кыяматка чейин башкалардын үстүнөн жеңиш тартуулаймын. Демек, ошол түбөлүк убада күнү келүүсү үчүн силер менин айрылуу күнүмө сөзсүз туш келесиңер. Биздин Кудайыбыз – убадаларын аткаруучу, сөзүнө бекем туруучу жана чынчыл Кудай. Ал убада берген бардык нерселерди силерге көрсөтөт. Туура, бул – дүйнөнүн акыркы күндөрү жана көптөгөн балээ-кырсыктардын түшүү мезгили. Бирок Кудай Таала кабарлаган нерселердин орундалганына чейин бул дүйнөнүн жок болуп кетпеши зарыл. Мен Алла Таала тарабынан Бир Кудурет сыпатында келгенмин. Мен Кудай Тааланын Мужассам[2] Кудуретимин. Менден кийин Экинчи Кудуреттин күзгүсү болгон айрым башка инсандар болушат. Демек, силер Экинчи Кудуретти күтүп жатып, өз ара чогулуп дуба сурап тургула. Экинчи Кудурет асмандан түшсүн жана Кудайыңардын ушунчалык Кудуреттүү экендигин силерге көрсөтсүн деп саалих-такыбалар жамааты ар бир өлкөдө чогулуп, дуба сурап туруусу керек. Ажалыңарды жакын деп билгиле, ал саат качан келерин силер билбейсиңер».

Алла Тааланын максат-мүдөөсү

«Жамааттагы ичи таза инсандар менден кийин менин атыман адамдардан Байъат[3] алуулары керек. Алла Таала жердеги ар түрдүү жайларда – мейли Европада, мейли Азияда жашай турган бардык адамдарды, таза табиятка ээ болгондордун баарын Тавхийд[4] тарапка тартып, Өз пенделерин бир динге топтоону каалайт. Мына ушул максат үчүн гана мен дүйнөгө жиберилгенмин. Ошол үчүн сылыктык, адеп-ахлак жана дубаларга басым жасоо жолу менен ошол максат-мүдөөнү ээрчигиле. Менден кийин кимдир бирөө Кудай Тааладан Ыйык Рух алып турмайынча, баарыңар биргелешип иштегиле. (Ал-Васият, Руханий Хазайин, 20-том, 305-307-бет)

٭…٭…٭

[1] Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын эң алгачкы китеби. Ал 1880,1882,1884-жылдары төрт бөлүк болуп басылган.

[2] Жүзөгө ашырылган, толукталган, жеткилең.

[3] Баш ийүү боюнча сөз, ант берүү.

[4] Ушул жерде Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) колдонгон

«Тавхийд» сөзү кеңири мааниге ээ.

Share via