Шаваал айынын орозолору • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Шаваал айынын орозолору

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп

وَ مَنۡ تَطَوَّعَ خَیۡرًا ۙ فَاِنَّ اللّٰہَ شَاکِرٌ عَلِیۡمٌ

Ким кошумча жакшылык кылмакчы болсо, албетте, Алла шүкүрдү баалоочу (жана) дайыма билүүчү. (2:159)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

مَنْ صَامَ رَمَضَانَ ثُمَّ أَتْبَعَهُ بِسِتٍّ مِنْ شَوَّالٍ فَكَأَنَّمَا صَامَ الدَّهْرَ

Кимде-ким Рамазан орозолорун кармаса, анан (Айт күнү өткөндөн кийин) Шаваал айынын алты орозосун кармаса, ал бир жыл орозо кармагандай болот. (Сунан Абий Давуд, Китаабус-Саум, Баабу фий сауми, ситтати аййаами мин Шаваал)

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп дагы айткан:

مَنْ صَامَ رَمَضَانَ فَشَهْرٌ بِعَشَرَةِ أَشْهُرٍ وَصِيَامُ سِتَّةِ أَيَّامٍ بَعْدَ الفِطْرِ فَذَالِكَ تَمَامُ صِيَامِ السَّنَةِ

Кимде-ким Рамазан айынын орозолорун кармаса, анын бир ай орозосу он ай орозо кармагандай болот, анан Орозо айтынан кийинки алты орозону кошуп кармаса, анда бир жыл орозо кармаган менен тең болот. (Муснад Ахмад, Китаабу Бакий Муснадул-Ансаари, Баабу ва мин хадийси Савбаана)

Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтканын рабаят этет:

مَنْ صَامَ رَمَضَانَ وَأَتْبَعَہُ سِتًّا مِنْ شَوَّالٍ خَرَجَ مِنْ ذَنُوْبِہِ كَيَوْمٍ وَلَدَتْہُ اُمُّہُ

Кимде-ким куттуу Рамазан айынын орозолорун кармаса, анан Шаваал айынын алты орозосун дагы кармаса, ал өз күнөөлөрүнөн кудум туулган күнүндөй эле таза болуп кетет. (Ал-Муъжамул-Авсат, Баабу мин исмихий Масъуд, 8-бөлүк, 275-бет, 8622-хадис)

Азирети Усама бин Зайд (разияллааху анху) урматтуу айларда орозо тутчу, ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага: «Сум Шавваалан» (Шаваалда орозо кармагын), – деп айткан. (Сунан Ибн Маажа, Китаабус-Сиям, Баабу Сиямиш-Шахрил-Хараами)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Нафлдар парыздарды толуктоочу катары болот. Нафлдарды аткарып жатканда, жүрөктө парыздарды аткарууда калып кеткен кемчилик толукталсын деген жалынып-жалбаруу болот. Нафлдардын Алла Таалага жакындатууда өтө чоң ролу бар экенинде ушул эле сыр бар. Тактап айтканда жалынып-жалбаруу, карапайымдык жана берилүү деген маанай анда пайда болот жана ошол эле жакындык алака-байланыштын себебинен Бийз[2] күндөрүндөгү орозолор жана Шаваал айындагы алты орозо – ушулардын бардыгы Нафлдар деп эсептелинет». (Малфузаат, 1-том, 437-бет)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү төмөнкүдөй болгон: Айт күнү өткөндөн кийин Шаваал айында алты орозону кармачу, мына ушул сүннөттү жандандыруу биздин Жамаатыбыздын милдети болуп саналат. Бир жолу Азирети (Мырза Гулам Ахмад) (алайхиссалаам) аларды (Шаваал айынын орозолорун) кармоо шарттарын ушундай уюштурган: бүт Кадиянда Айттан кийин алты күн кудум Рамазан сыяктуу эле өткөрүлгөн. Аягында ал Азирети картайып калгандыгы жана ооруп да калгандыгы үчүн эки-үч жыл орозо кармаган эмес. Маалыматы жоктор угуп алышсын жана кайдыгерликте жашагандар ойгонушсун, ооругандар жана алсыздардан башкалар алты орозону кармашсын, эгерде үзгүлтүккө учурайтпай кармай алышпаса, анда тыныгуу менен кармашса деле болот». (Фикхул-Масийх, 215-бет)

Бир кыз Шаваал айынын орозолорун кайсы күндөрдө кармоо керек деп суроо берген. Буга жооп катары Амирул-Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

«Рамазандан кийин келүүчү ай «Шаваал» деп аталат. Ал айда кармооңуз керек… Шаваалдын биринчисинде Айт болот, экинчисинен тартып орозо тутуу шарт эмес… үзгүлтүксүз алты орозону кармасаңыз деле болот жана бир айдын ичинде алты орозо кармасаңыз деле болот. Үзгүлтүксүз алты (орозо) тутуу зарыл эмес, Шаваал айынын ичинде тутуу зарыл… Шаваал айынын орозолорун Шаваал айынын ичинде гана кармоо керек. Үзгүлтүксүз тутууңуз зарыл эмес, Рамазан айындагы кээ бир орозолоруңузду кармай албай каласыңар, толук кармай албай каласыңар, ошондо Шаваал айында Шаваалдын орозолорун тутуп алгыла жана Рамазанда кармалбай калып кеткен орозолоруңарды ошол жылдын калган күндөрүндө тутуп алгыла. А дегенде Рамазандын орозолорун толуктап, анан аларды (Шаваалдын орозолорун) кармоо шарт эмес. Рамазандагы кармалбай калган орозолорду Шаваал айынан кийин кармаса да болот». (Гулшан Вакф-э-Ноо, Лажна жана Наасираат, 30-март, 2013-жыл, Испания)

Share via