Орозого ниет кылуу зарылбы?
Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:
«Орозо үчүн ниет кылуу зарыл. Ниетсиз сооп жок. Ниет жүрөктүн каалоосунун аты. Чыгыштагы мейкиндикте түштүк-түндүк караңылык актыктан ажырамайынча жеп-ичүүгө уруксат бар. Эгер киши этият болсо жана кийинчерээк кимдир бирөө: «Актык ачыкка чыккан болчу», – деп айтса да, орозо боло берет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тамактануусу менен Багымдат намазынын ортосунда элүү аятты окуганчалык тыныгуу бар болчу». («Ал-Фазл» газетасы, 1914-ж., 28-июль)
Бир киши эртеңден кечке чейин эч нерсе ичпей-жебей турган же кандайдыр бир иш менен катуу алек болгондуктан тамак ичүүнү унутуп калып, тамак ичпегедиги «орозо» деп аталбайт. Анткени, орозо кармоого ал ниет койгон эмес. Ошондой эле орозо кармоо ниети менен ал тамакты ичпей койгон да эмес.