Рамазан айы такыба жана руханий өсүп-өнүгүүгө жетишүүнүн айы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазан айы такыба жана руханий өсүп-өнүгүүгө жетишүүнүн айы

мечитте окулган жума кутбасы

Курани Карим, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистери жана Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын айткандарынын негизинде куттуу Рамазан айынын артыкчылыгы жана такыбалуулукка жетишүү тууралуу терең илим-билимге толгон баяны

2020-жылдын 24-апрелинде Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 24-апрель күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсү жана «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 184-186-аяттарын окуп, алардын котормосун айтып бергенден кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Алла Тааланын берешендиги менен ушул жерде эртеңден баштап Рамазан айы башталганы жатат. Алла Таала биздин руханий өсүп-өнүгүүлөрүбүз үчүн Рамазан айынын орозосун парыз кылган. Мен окуп берген биринчи Куран аятында орозолордун парыздуулугу менен бирге анын максат-мүдөөсү такыбалуулук экендиги айтылган. Такыбалуулукту чечмелеп жатып, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

Такыбалуулук – бул адам Алла Тааланын бардык аманаттарын жана ыйман убада-келишимдерин, ошондой эле макулуктун бардык аманаттарын жана убада-келишимдерин колдон келишинче аткарсын. Тагыраак айтканда мүмкүн болушунча алардын эң кичинекейлерине чейин аткарсын. Хузур-э-Анвар мындай деди: Алла Тааланын бизге болгон чексиз мээримдүүлүктөрүнө биз эч качан шүгүрчүлүк кыла албайбыз. К­өпчүлүк адамдар тим эле алардын акысы болгондой, Алла Тааланын нээмат-белектеринен пайдаланышат. Чындыгында, биздин шүгүрсүздүктөрүбүзгө карабай, бизге кут-берекелерин тартуулай берүүсү – бул Алла Тааланын бизге кылган айкөлдүлүгү. Андан тышкары, биз Алла Таала менен түзгөн келишимдерибизди да орундатпайбыз. Адамдардын акы-укуктарынын ичинде ата-энелер, кошуналар, жолоочулар жана коомчулуктун жалпы акы-укуктары бар. Мен адамдардын акы-укуктарынын бир жалпы тизмесин түздүргөн элем, ал жыйырма сегиз-жыйырма тогуз болуп калган болчу, аларды дагы биз аткарбайбыз.

Алла Таала мындай деп айтат: бул Рамазан айынын келүүнүн максаты: жогорудагы акы-укуктарды атакрууда үстүбүздөгү жылдын өткөн он бир айында калып кеткен айып-кемчиликтерди кетирип, эми мына ушул айда чын жүрөктөн Алла Таалага жүздөнүп, Анын ибадаты жана Анын пенделеринин акы-укуктарын аткарууда мурдагыдан көбүрөөк аракет кылгыла. Качан мына ошол айып-кемчиликтерди кетирип алсаңар, анда ошол эле такыбалуулук деп аталат жана Рамазан менен орозолордун да максаты да ушул гана. Адам мына ушундай ой-ниет жана ошол эле максатка жетишүү үчүн орозо кармаганда, ошондо ушул өзгөрүү убактылуу өзгөрүү болбой, тескерисинче бул бир түбөлүктүү өзгөрүү болуп калат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адам Алла Тааланын жолунда Анын берешендигин тилеп, орозо кармаганда, Алла Таала анын жүзүн оттон жетимиш жылдык жол аралык «Хариф» алыстыкта кылып коёт деп айткан. Хузур-э-Анвар аны чечмелеп мындай деди: Алла Таала жетимиш жылга тең аралыкты жаратып жиберет. Демек, орозо тек отуз күнгө гана такыбалуулукту жаратпайт, жок, чыныгы орозо жетимиш жылга чейин өз таасирин жоготпойт. Ошентип, Рамазан айынын чыныгы рухун түшүнүп туруп, орозо кармаган адам өмүр бою Алла Таала орозодо койгон берекелерден пайда көрүп турат. Эгер мына ошондой орозо кармагандар биздин коомчулугубузда пайда болуп калса, анда ал кандай сулуу коомчулук болот, анда Алла Таала жана Анын пенделеринин акы-укуктары аткарылып жаткан болот. Өзүбүздүн акы-укуктарыбызга келе турган болсок, ар бир адам мына ошондой коомчулуктун жаралуусун каалайт, бирок Ислам дини башкалар үчүн да силер ошондой коомчулукту жаратууңар керек деп айтат.

Бүгүнкү күндө таралган жугуштуу оорунун айынан Худдаамул-Ахмадиянын кол астында волонтёрлор адамдарга жардам беришүүдө, аларга азык-түлүк жана дарыларды жеткиришүүдө. Бул аркылуу алар ушундай үлгүнү көрсөтүп жатышат, андан мусулман эместер да таасирленишет. Демек, бүгүнкү күндөрдө бизде пайда болгон адамдарга кызмат кылуу деген ой эми бизде түбөлүктүү болушу керек. Кудум ошондой руханий пайдалар да бар, адамдар (ооруу) себептүү үйүбүздө кандайдыр бир жаңы айлана-чөйрө пайда болду, жамаат болуп, намазды аткарып жатабыз, МТАнын телеберүүлөрүн жана жума кутбасын чогуу отуруп, көрүүдөбүз деп жазып жатышат. Демек, бул жакка дагы көңүл буруубуз керек. Балдарга кичине-кичине диний маслелерди да үйрөткүлө. Алла Таала бизге тартуулап жаткан ушул күндөрдөн жемиштүү пайдалануубуз керек. Дүйнөкорлордун үйлөрүндө уруш-жаңжал, финта-чагымчылык жана тынчсыздыктар күчөп кеткен, бирок биздин айлана-чөрө жакшыраак болууга тийиш.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ушул доордун эң бекем чепи болот, ал Алла Тааладан багыт алып, Ислам дининин чыныгы таалимин бизге айкындаштырып берген. Ал (алайхиссалаам)дын сөздөрүн угуп, аларга амал кылууга сөз берүү биз, ал (алайхиссалаам)дын Жамаатына мүчө болгондордун милдетибиз болуп саналат. Азыр мен Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) такыбалуулук жана руханий өсүп-өнүгүү жөнүндө сүйлөгөн кээ бир үзүндүлөрүн ортого салам. Такыбалуулук өзү эмне жана ага кантип жетишүүгө болот? Бул жөнүндө ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

Такыбалуулук – бул эң майда жана ичке көрүнгөн ыпластыктан сактануу жана ага жетишүүнүн жол-жобосу бул: адам күнөөнүн жээгине чейин баруудан сактануу үчүн аракет кылсын. Анан бир гана аракет эле кылбай, аны ээритип жиберчүдөй даражада жалынып-жалбарып дуба кылсын. Бир гана дуба кылып, бирок аракет кылбаган бирөө күнөө ишин жасайт жана Алла Тааланы сынайт. Кудум ошондой бир гана аракет кылып, дуба кылбаган адам дагы адепсиздик кылат. Чыныгы момун-мусулман аракет жана дуба – экөөсүн тең аткарат. «Иййаака Наъбуду Ва Иййаака Настаъийн»[1] деген аятта ошол эле таалим берилген.

«Иййаака наъбуду[2]нун» мааниси бул: Алла Таала адамга тартуулаган бардык жөндөмдөрдү толук бойдон ишке салып, анан натыйжасын Алла Таалага тапшырып: «Эй, Алла! Сен мага тартуулаган күч-кубатыма жараша мен бардык аракеттерди кылдым», – деп Алла Таалага кайрылуу, анан «Иййаака наъбуду» деп Алла Тааладан жардамын сурайт.

Кайсы терезеден балээ-кырсык келсе, а дегенде ал терезени жабыш керек.  Адам өз напсисин өлтүрүү үчүн дуба кылып туруусу зарыл. Мына ошон үчүн «валлазийна жаахадуу фийнаа ла-нахдияннахум субуланаа»[3] деп айтылган. Экинчи жагынан, «удъууний астажиблакум»[4] деп айтат. Демек, эгерде адам толук бойдон такыба болушун кааласа, анда аракет да кылуусу керек жана дубаларды да суроосу лаазым.

Алла Тааладан коркуу ар бир иш-амалдын тамыры болуп саналат, такыбасы жок адам фасык болот. Такыбалуулук менен адамдын иш-амалдары жасалгаланат. Такыбалуулук аркылуу гана адам олуя болот. Толук түрдө такыбалуулуктун бардык баскычтары басылса, ошондо ал Алла Тааланын олуялар катарына кирип кетет. Такыбалуулук чындыгында өзүнүн жеткилең даражасында кандайдыр бир өлүм сыяктуу, анткени ар жактан напсисине каршы чыкканда, ал напсиси өлүп кетет. (Адамдын) напсиси көрүнөө лаззаттарга ашыкча умтулат жана көмүскө лаззаттарга, тагыраак айтканда руханий лаззаттардан бүтүндөй бейкабар болот. Ал (алайхиссалаам) өзүнүн Жамаатына жалпы насаат кылып, биздин Жамаатыбыз өзүнүн напсисин өлтүрүп, такыбалуулукка жетишүү үчүн а дегенде машыгуу кылуулары керек, кудум жаш балдар туура жазууну үйрөнүп жатышканда, башында тамгаларды туура эмес, кыйшык жазышкандай, алар дагы машыгуулары зарыл деп айткан.

Ал (алайхиссалаам) мындай деп кошумчалайт: мен байкагандай, Жамаатыбызда өз ара жаңжалдашып да кетишет, өз ара урушуп, бири-биринин абийирине чабуул жасай башташат. Бул өтө эле ыңгайсыз аракет болот. Өзүнүн бир тууганынын үстүнөн жеңип чыгуу ою текеберликтин бир тамыры жана өтө оор кесел болуп, өзүнүн бир тууганынын айып-кемчиликтерин ачыктоого үндөйт.

Ал (алайхиссалаам) өз тилинен мен байъат бергем деп билдирүүсү эч нерсе эмес, Алла Таала жан-дүйнөсүнүн тазаланышын каалайт. Ошондуктан, билип койгула, майда-барат кептер себебинен бир туугандардын көңүлүн калтыруу дурус эмес. Адамдарга пайда жеткиргиле жана бир туугандарыңарга камкор болгула. Кошуналарыңарга жакшы мамиле кылгыла. Өз жубайларыңарга эң мыкты мамиле кылгыла жана баарынан мурда ширктен сактангыла, ал такыбалуулуктун эң башталгыч кышы (кирпичи) болуп эсептелинет. Такыбалуулуктун мааниси – бул жаманчылыктын эң ичке жолдорунан оолак болуу. Түпкү жана чыныгы жакшылык бул: адамдарга кызмат кылсын жана Алла Тааланын жолунда чын жүрөктөн туруктуулукту көрсөтсүн. Алла Тааланын сыпаттарына толук бойдон ишенгенде, адам баласынын иштеринде (амалдарында) кандайдыр бир таңкалаарлык өзгөрүү жүз берет. Демек, Алла Таалага чын жүрөктөн ишенүү биздин Жамаатыбыздын биринчи милдети болуп саналат.

Хузур-э-Анвар мындай деди: такыбалуулуктун ушул өлчөмүнө (деңгээлине) жетишүүгө Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизди чакырган. Ушул эле такыбалуулук кийинки аяттарда баян этилген орозо жөнүндөгү кеңири маалыматтарда орозо кармоодон уруксат жана ошол уруксатты туура пайдаланууга да күч-кубат берет. Демек, адам баласы такыбалуулуктун негизинде мен орозо тутушум керекпи же фидя беришим керекпи деп өзүн талдап чыгуусу керек. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Рамазан айы келгенде мен орозо кармайм деп кубанган адам оорунун себебинен орозо кармай албаса дагы, ал асманда орозонун сообунан куру калбайт деп айткан.

Хузур-э-Анвар коронавирус себебинен кээ бир адамдар орозо кармайлыбы же жокпу деп сурашат деди. Мен бул тууралуу эч бир жалпы чечим чыгарбайм деди. Такыбалуулуккө туруктуу болгон бойдон өз жүрөгүңөрдөн фатва сурагыла. Мен ар кайсы дарыгерлерден алардын ой-пикирин маалым кылдым. Дарыгерлердин ой-пикирлеринде да пикир келишпестиктер жок эмес. Ошентсе да, ар кандай ой-пикирлерди угуп, орозо кармоодо эч кандай зыян жок деген жыйынтык чыгат.

Ушул жугуштуу оорунун айынан дүйнөнүн экономикалык абалдары өтө оорлошуп баратат. Мына ошондой жагдайларда согуш чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү да күчөп кетет. Ошондуктан, Алла Таала ири күчтөргө акыл-парасат тартууласын жана алар дагы бүлүк чыгаруучудай эч бир кадамды ташташпасын. Ошондуктан, Алла Тааладан жардам тилеп, ушул жугуштуу оорудан сактануу үчүн дуба кылгыла жана ушул кеселди дарылоо үчүн аракет кылып жаткан окумуштууларга дуба аркылуу көмөк көрсөткүлө. Алла Таала бизге дуба кылууга күч-кубат берсин жана өз ахвалдарыбызды жакшыртууга да күч-кубат берсин. Дүйнөдөгү ири күчтөргө келечекте акылга сыярлык иш-аракеттер планын түзүүгө мүмкүнчүлүк берсин. Аамийн.

٭…٭…٭

[1] Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз. (1:5)

[2] Сага гана ибадат кылабыз. (1:5)

[3] Биз үчүн аракет жасай тургандар – аларды Биз албетте, Өз жолдорубузга багыттайбыз (29:70)

[4] Мага кайрылгыла, Мен силерге жооп беремин (40:61)

Share via