Орозо деген эмне?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозо деген эмне?

Орозо – Ислам ибадаттарынын экинчи олуттуу негизи же тиреги. Орозо ушундай ибадат: андан напсинин маданияттуулугу, реформаланып-оңолуусу жана сабырдуулукка тарбиялануусу көздөлөт. Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Кайсы динде «Мужаахада[1]лар» болбосо, бизче ал дин эч нерсе эмес». («Фатаава-э-Ахмадия», 183-бет)

«Саум» (орозо) сѳзүнүн сөздүк мааниси – тыйылуу, кандайдыр бир ишти жасабоо. Диний термин катары эрте таңдан тартып, күндүн батканына чейин ибадат ниети менен жеп-ичүү жана жыныстык катнашуу өңдүү нерселерден тыйылып туруу – бул «саум» же орозо. Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

 کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا حَتّٰی یَتَبَیَّنَ لَکُمُ الۡخَیۡطُ الۡاَبۡیَضُ مِنَ الۡخَیۡطِ الۡاَسۡوَدِ مِنَ الۡفَجۡرِ۪ ثُمَّ اَتِمُّوا الصِّیَامَ اِلَی الَّیۡلِ 

Кулуу вашрабуу хаттаа йатабаййана лакум-ул-хайтул аб-йазу минал-хайтил-асвади минал-фажри сумма атиммус-сийаама илал-лайил 2:188)

Түндүн ак жиби кара жибинен ажырамайынча – таң жууртканга чейин жеп-ичкиле. Анан кечке чейин, күндүзү орозону Алла Таала үчүн жана Анын ыраазычылыгына ээ болуу үчүн «жеп-ичүү жана жыныстык каалоолордон оолак болуу» деген буйрук ар кандай жаманчылыктардан сактанууга белги катары болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо хадис рамазан

 Ман лам йадаъ каулаз-зуури вал-амала бихий фа-лайса лиллаахи хаажатун фий ан йадаъа таъаамаху ва шараабаху, ким орозо кармап да, жалган сүйлөөдөн жана ага амал кылуудан тыйылбаса, анын жеп-ичүүдөн оолак болуусуна Алла Таала муктаж эмес. («Бухарий», Китаабус-Саум)

Дагы бир жерде мындай деп айтат:

орозо хадис рамазан

Лайсас-сияму минал-акли ваш-шурби иннамас-сияму минал-лагви вар-рафаси, фа-ин сааббака ахадун, ау жахила алайка фа-кул инний саимун фа-кам мин саимин лайса лаху мин сиямихий иллал-жуъи вал-атши, («Дармий бахаавала «Мишкаат»

Мааниси, жеп-ичүүдөн оолак болуу гана орозо болбойт, тескерисинче, ар кандай курулай сөздөр жана бузукулуктардан оолак болуу да орозонун маанисине кирет. Ошондуктан, эй, орозо кармаган киши! Эгер кимдир бирөө сага жаман сөз айтса же ачууңа тийсе, сен ага: «Мен орозо кармаганмын», – деп жооп бергин. Кимде-ким орозо кармап сөгүнсө, жаман сөз сүйлөсө, анын орозосу – ачка калуу гана. Ал ага кенедей да пайда келтирбейт.

[1] «Аракеттенүү», «күрөшүү», «жан талашып эмгектенүү»; «өз напсисин өлтүрүү жана жеңүү» жана «обочолонуп ибадат кылуу».

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via