Орозо кармоо жана ооз ачуу убактысы кандай?
کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا حَتّٰی یَتَبَیَّنَ لَکُمُ الۡخَیۡطُ الۡاَبۡیَضُ مِنَ الۡخَیۡطِ الۡاَسۡوَدِ مِنَ الۡفَجۡرِ۪ ثُمَّ اَتِمُّوا الصِّیَامَ اِلَی الَّیۡلِ
Кулуу вашрабуу хатта ятабаййана лакумул-хайтул-абязу минал-хайтил-асвади минал-фажри сумма атиммус-сияма илал-лайл, таңдын ак жиби кара жибинен ажырап көрүнгөнгө чейин жеп-ичкиле, анан эртеден кечке чейин орозолорду толуктагыла. (2:188)
Хадисте мындай деп айтылган:
Изаа акбалал-лайлу ва адбаран-нахаару ва гаабатиш-шамсу фа-кад афтарат. (Сунан ат-Термизий, Китаабус-саум ан Расулиллаахи)
Күн батып, түн кирээрде ооз ачкыла. Жарым түндө туруп, саарлык тамакты жеп алып же саарлык тамакты жебей орозо кармоо сүннөткө шайкеш келбейт. Чыныгы береке – бул сүннөттү ээрчүү. Тагыраак айтканда, Багымдаттан мурунураак бир аз жеп-ичкен соң орозого ниет кылуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана сахаабалардын ыкмасы ушундай болчу. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:
Тасаххаруу фа-инна фис-сухуури баракатан, саарлык тамакты ичкиле, анда береке бар. («Бухарий», Китаабус-саум)
Азыркы доордо таң атуунун, тагыраак айтканда, Багымдатты төмөнкүчө саат аркылуу билсе болот: бир күнү күн чыгуу маалын белгилеп алуу керек. Анан андан болжолу бир саат жыйырма эки мүнөт мурун саарлык тамакты жесе болот.
Хадисте мындай деп айтылган:
Тасаххарна маъан-Набиййи саллаллааху алайхи ва саллама сумма кумнаа илас-салаати, саарлык тамакты жеген соң, биз намаз үчүн турчубуз. («Термазий», Китаабус-Саум ан Расулиллаахи)
Саарлык тамакты ичүү менен Багымдат намазынын ортосунда болжолу элүү аят окуганчалык тыныгуу болчу.
Дагы бир хадисте мындай деп айтылган:
Кунту а-тасаххару фий ахлий сумма якууну суръатун бий ан удрика салаатал-фажри маъа Расулиллаахи саллаллааху алайхи ва саллама, саарлык жеген соң Багымдат намазын Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу окуу үчүн биз шашылчубуз. («Бухарий», Китаабу Муваакийтис-Салаата)