Ооз ачуу убактысы кандай?
Күн баткан соң, бир-эки мүнөттүн ичинде ооз ачыш керек. Табияттан тышкары кечиктирүү дурус эмес.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:
Лаа язаалун-наасу би-хайрин маа ажжалул-фитра, адамдар ооз ачууга качанкыга чейин шашылып турса, ошол кезге чейин жакшылык менен берекелерди алып турушат. («Бухарий», Китаабус-Саум)
Дагы бир хадисте мындай деп айтылган:
Куннаа маъа Расулиллахи саллаллааху алайхи ва саллама фий сафарин фа-ламмаа гаабатиш-шамсу каала ли-ражулин анзил фаждах ланаа фа-каала йаа Расулаллаахи лау амсайта каала анзил фаждах ланаа каала инна аълайнаа нахааран фа-назала фа-жадаха лаху фа-шариба сумма кааала изаа раʹайтумул-лайла кад акбала мин хаа хунаа ва ашаара би-ядихий нахвал-машрики фа-кад афтарас-сааиму, («Муслим», Китаабус–Сиям)
Азирети Абу Ауфаа (разияллааху анху) мындай деп баян кылат:
«Бир сапарда биз Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге болгонбуз. Күн баткан соң Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бир кишиге: «Ооз ачканы бир нерсе алып кел», – деп айтты. Ал киши: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Кичине караңгы кирсинчи?» – деп жооп берди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооз ачканы бир нерсе алып кел», – деп айтты. Ал киши дагы бир ирет: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Жарык алигиче турбайбы?» – деп айтты. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооз ачканы бир нерсе алып кел», – деп айтты. Ал киши ооз ачканы бир нерсе алып келди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ооз ачкан соң: «Күн баткандан кийин силер чыгыш жагынан караңгылыктын көтөрүлүп жатканын көргөнүңөрдө ооз ачкыла», – деп айтты. («Батыш жагынан жарык жок болдубу же болгон жокпу?» – деп ал жакка гана карап турбагыла).