Сапарда орозого тыюу салынгандыгынын мааниси кандай?

Азирет Имам Махдий (алайхиссалаам): «Сапарда орозо кармоо – бул баш ийбестик», – деп айткан. Ал (алайхиссалаам): «Эгер оорулуу киши жана мусапыр орозо кармаса, анда аларга «баш ийбестик» деген фатва туура келет», – деп айткан.
Ал (алайхиссалаам)дын ушул чечимиفَعِدَّۃٌ مِّنۡ اَیَّامٍ اُخَرَФа-иддатум-мин аййаамин ухар (2:185) деген Куран аятына негизделген. Хадистердин жалпы мазмуну да ошону колдойт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын учурунда орозо кармаган кишини «عصاة» (баш ийбес) деп айткан. («Муслим», Китаабус-Саум).
Буга уруксат берген хадистерди Имам Зухрий (рахимахуллах) мурунку хадистер деп атаган. «Муслимде» төмөндөгүдөй чечме берилген:
قَالَ الزُّهْرِيُّ وَكَانَ الْفِطْرُ آخِرَ الْأَمْرَيْنِ وَإِنَّمَا يُؤْخَذُ مِنْ أَمْرِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِالْآخِرِ فَالْآخِرِ. صحيح مسلم, كتاب الصيام
- Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) сырттан келе турган Ахмадийлер үчүн Кадиянды экинчи журт деп айткан. Ошондуктан, алар ошол жерге келип орзо кармаса болот, кармабаса да болот.
- Экинчи журтка карата тартылган сапар да сапар деп эсептелет. Ошол үчүн сапарда орозо кармаганга болбойт. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) ооз ачаар убактысынан мурунураак Кадиянга жеткендердин оозун ачтырган.
- Кызматы сапарда өткөндөр – поезддин көзөмөлчүсү, айдоочу, учуучу, сапардагы агент, айылдык почталён мусапыр деп эсептелинбейт. Алар Рамазан орозолорун кармоолору керек. (Ифтаар жыйынынын 26-чечеми, 1967-жыл, 26-февраль)
- Сапарда орозо кармоону чечмелеп жатып, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: «Эгер поезд менен жолго чыкса жана эч кандай кыйынчылык болбосо, кармай берсин, болбосо Алла Таала тартуулаган уруксаттан пайдалансын». («Ал-Хакам» газетасы, 24-декабарь, 1900-ж.)