Орозо
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ыдын мындай деп рабаят кылганын айтат: «Алла таала мындай дейт: адамзаттын бардык амалдары өзү үчүн, ал эми орозосу Мен үчүн. Мен Өзүм ага сыйлык боломун. Алла таала мындай дейт: орозо – калкан. Демек, араңардан бирөөңөр орозо кармаса, ал орой сөз сүйлөбөсүн, ызы-чуу көтөрбөсүн. Эгер кимдир бирөө аны сөксө же аны менен жаңжалдашса, анда ал мен орозодомун деп ага жооп берсин. Мухаммаддын жаны колунда болгон Кудайга касам! Орозо кармаган адамдын оозунун жыты Алла тааланын алдында жыпар жыттан да тазараак жана жагымдуураак. Себеби, ал Алла таала үчүн гана ошондой ахвалга кабылды. Орозо кармаган адам үчүн эки кубаныч бар: биринчиси – ал оозун ачкан учурда болгон кубаныч; экинчиси – ал орозо аркасынан Алла таала менен жолукканда боло турган кубаныч».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Кимде-ким жалган сүйлөөдөн жана ага амал кылуудан тыйылбаса, анда Алла таала анын ачка болуусуна жана чаңкагандыгына муктаж эмес».
Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп рабаят этет:
«Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Рамазандын акыркы он күндүгүндө Эътикааф[1]та отурчу. Дүйнөдөн кайтканга чейин ушул адатын уланткан. Анан ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык аялдары дагы ушул күндөрдө Эътикааф кылышчу».
[1] «Отуруу» дегенди билдирет. Алла Таалага сыйынуу максатында Рамазан айында акыркы он күнгө мечитте отуруу.