Жалган сүйлөө

Азирети Абдулла (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Чындыкты бекем кармагыла, себеби чындык жакшылыкка жана жакшылык бейишке алып барат. Дайыма чындыкты сүйлөгөн адам Алла тааланын алдында Сыддык[1] деп жазылат. Жалган сүйлөөдөн абайлагыла, анткени жалган баш ийбестик жана күнөөгө алып барат. Баш ийбестик жана күнөө отко алып барат. Дайыма жалган сүйлөгөн адам Алланын алдында Каззааб[2] деп жазылат».
Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Силерге чоң-чоң күнөөлөрдөн кабар берейинби?» Биз: «Эй, Алланын Пайгамбары! Сөзсүз айтып бериңиз», – деп айттык. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деди: «Алла таалага бирөөнү теңештирүү жана ата-энеге баш ийбестик кылуу». Ошол маалда ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) жаздыкка сүйөнө отурган болчу. Туруп отуруп мындай айтты: «Сак болгула! Жалган сүйлөөдөн этият болгула». Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул сөздү ушунчалык кайталады. Биз сүкүт сактоосун тиледик».
[1] Эң чынчыл адам.
[2] Эң жалганчы адам.