Имам Махдийдин чыгуусу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

Имам Махдий

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

«Биз Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында отурган элек ошондо ага «Аль-Жумуъа» сүрөөсү түштү. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул сүрөөнүн «ва аахарийна минхум ламмаа йалхакуу бихим»[1] деген аятын окуп бергенде, бир адам: «Бул сахаабалардын даражасындагы алигиче аларга кошулбаган адамдар кимдер?» – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) ага жооп бербеди. Ал киши үч жолу суроосун кайталаган. Рабаятчы мындай кошумчалайт: «Ошол кезде Азирети Салмаан Фарсий (разияллааху анху) арабызда отурган эле. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) колун анын желкесине коюп: «Эгер ыйман Сураййага (жылдыз) көтөрүлүп кеткен болсо да, булардын арасынан бир нече адамдар аны кайрадан алып келишет. (Тактап айтканда, бул жерде фарсийлерден чыккан улуу инсандарга «аахарийн» деп айтылды. Масийхи Мавъуд ушулардан чыгат жана ага ыйман келтирүүчүлөр сахаабалар даражасына ээ болушат)».

Имам Махдий

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Менин жаным колунда болгон Кудайга касам! Жакын арада силерге Марям уулу (тактап айтканда Масийхтин окшошу) түшөт. Дурус чечим чыгаруучу жана адилет ынсап кылуучу болот. Крести сындырат. Чочкону өлтүрөт. Согушка чекит коөт. (Тагыраак айтканда, анын доорунда диний согуштар болбойт). Ошондой эле руханий мал-мүлктү бөлүштүрөт, бирок эч ким аны кабыл албайт. Ошол кезде бир Сажда дүйнө жана дүйнөдөгү бардык нерселерден жакшыраак болот. (Тактап айтканда, ал дүнүйөкорлордун доору болот). Абу Хурайра (разияллааху анху) рабаят этип мындай айтат:

«Эгер кааласаңар, «ва иммин ахлил китааби иллаа ла йуъминанна бихий кабла мавтихий ва йавмал кыямати йакууну ъалайхим шахийдан»[2] деген аятты окуп, андан түшүнсөңөр болот».

Имам Махдий

«Билип койгула, Масийхи Мавъуд жана менин ортомдо эч бир пайгамбар жок. Билип койгула, ал менден кийин менин үммөтүмдө мага Халифа болот. Ооба, ал Дажжаалды өлтүрөт. Крести сындырат. Жизяны токтотот (анткени, диний согуштардын доору жок болот жана өлкөлөр ортосундагы согуштардын ыкма-жолдору өзгөрүп кетет). Билип койгула, Масийхи Мавъудду учураткан адам ага менин саламымды сөзсүз жеткирсин.

Имам Махдий

Азирети Анас (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Кимде-ким Масийхи Мавъуд менен жолукса, ал ага менин саламымды жеткирсин».

Имам Махдий

Азирети Савбаан (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Силер Махдийди учуратканыңарда, мейли кар кечип эмгектеп барсаңар да, ага Байъат кылгыла. Анткени, ал Алланын Халифасы жана Махдий».

Имам Махдий

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Марям уулу (Масийхтин окшошу) силерге түшкөндө, силердин ахвалыңар канчалык кейиштүү болот. Ал силердин Имамыңар силерден болот». Дагы бир рабаятта мындай деп кезигет: ал силердин араңардан болгондуктан силерге имамчылык кызматын өтөйт.

Имам Махдий

Азирети Мухаммад бин Али (разияллааху анху) алдын-ала кабарга ылайык мындай деп рабаят этет: «Биздин Махдийдин чынчылдыгынын эки белги-жышааны бар: ал асман жана жердин жаралганынан бери эч кимдин чынчылдыгы үчүн ошентип ачыкка чыккан эмес: биринчиси, ал чыкканда Рамазан айында ай өзүнүн тутулуу күндөрүнүн биринчисинде (он үчүнчү орозо) тутулат жана күн өзүнүн тутулуу күндөрүнүн ортоңку күндөрүндө (жыйырма сегизинчи орозо) тутулат. Бул эки белги-жышаан асман жана жер жаралганынан бери эч качан ушинтип ачыкка чыккан эмес».


[1] {وَآخَرِينَ مِنْهُمْ لَمَّا يَلْحَقُوا بِهِمْ}

[2] (وَإِنْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ إِلَّا لَيُؤْمِنَنَّ بِهِ قَبْلَ مَوْتِهِ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكُونُ عَلَيْهِمْ شَهِيدًا} (النساء 160}

Share via