Көрө албастык • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Жалган

Көрө албастык Көрө албастык

Азирети ибни Умар (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Өз ара көрө албастык кылбагыла. Өз ара соодаларыңарды бузбагыла. Өз ара кек сактабагыла жана жүзүңөрдү бурбагыла. Араңардагы бирөөңөр да бирөөнүн соодасынын үстүндө соодалашпасын. Алланын пенделери (жана) бир тууган болгула. Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ал ага акысыздык кылбайт, аны кемсинтпейт жана аны кордобойт. Такыба – бул жерде. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) өз көкүрөгүнө үч жолу ишаарат кылып: «Такыба – ушул жерде», – деп айтты. Бир адам үчүн жетиштүү жаманчылык – анын мусулман тууганын кемсинтүүсү. Ар бир мусулмандын үч нерсеси башка мусулманга арам: анын каны, анын малы мүлкү жана абройу».

Көрө албастык

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Көрө албастыктан сактангыла, анткени көрө албастык кудум от отун жана чөптү күйгүзгөндөй эле жакшылыктарды күйгүзүп салат».

Share via