Муслим ТВ Ахмадиянын эл аралык конференциясы Лондондо болуп ѳттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Муслим ТВ Ахмадиянын эл аралык конференциясы Лондондо болуп ѳттү

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жыйынтык сессияга кайрылуусун жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) 2014-жылдын 13-апрелинде МТА эл аралык конференциясына кайрылуусун жасап жатат

2014-жылдын 14-апрелинде Эл аралык Муслим ТВ Ахмадиянын (МТА) үчүнчү бүткүл дүйнѳлүк конференциясы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масур Ахмад(аба)дин кайрылуусу менен аяктады.

Түштүк-Батыш Лондондо жайгашкан «Байтуль-Футух» мечитинде болуп ѳткѳн үч күндүк конференцияга 20 ѳлкѳдѳн келген 39 делегат катышкан.

Аземдин курстары аралыгында делегаттар МТА Интернейшнал тарабынан уюштурулган ар кандай иштерге жана кѳргѳзмѳлѳргѳ катышышты. Ошондой эле делегаттар МТА Интернейшналдын ар түрдүү бѳлүмдѳрүнүн ѳкүлдѳрү менен жекеме-жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүнѳ да ээ болушту.

2014-04-13-MTA-Conference-2-1024x735

Азирети Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун)

Конференциянын башкы кабары – бул Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жасаган жыйынтык кайрылуусу болчу, анда ал киши МТАнын бардык студияларын ѳздѳрүнүн сунуштоолорунун сапатын улам жакшыртууга үндѳдү жана делегаттарга алардын бүткүл дүйнѳгѳ Исламдын нукура жана тынчтык окууларын жайылтуу деген милдеттерин эскертип ѳттү.

МТА кѳрсѳтүүгѳ тийиш программалардын түрлѳрү жѳнүндѳ сѳз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп айтты:

«Эсиңерде болсун, силер даярдай турган ар бир программаңар эң сапаттуу болушу керек жана доордун талаптарына жооп берүүчү болушу лаазым… Бир жактан, биз бардык адамдардын, мейли жаштар болобу же карыялар, эркектер болобу же аялдар, ѳспүрүмдѳр болобу же балдар, тарбиясына (руханий таалим-тарбиясына) курал боло турган программаларды даярдообуз керек».

2014-04-13-MTA-Conference-3-1024x293

«Экинчи жактан, биз нукура Исламга даават кылууга, ошондой эле адамдардын, айрыкча жаштардын кѳңүлүндѳ пайда боло турган ар түрдүү шек-күмѳндѳрдү кетирүүгѳ курал боло турган программаларды даярдообуз керек. Акыркы күндѳрдѳгү коомчулукка жана заманбап кѳйгѳйлѳргѳ тиешелүү суроо-жооптор МТАдан күндѳлүк программалар катары кѳрсѳтүлүүсү керек».

Халифа Ыйык Куранда Алла таала чындыкты жайылтуучу адамдарды мактаган жана ушул доордо МТА Исламдын нукура жана тынчтык таалимдерин бүткүл дүйнѳгѳ жайылтууга мактоого ылайык кызматтарды аткарып жатат деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бул доордо Курани каримдин жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (ага тынчтык жана берекелер болсун) нукура таалимдерин орнотуу жана кайрадан жандандыруу үчүн Убада Кылынган Мессия жѳнѳтүлгѳн. Демек, ушул улуу аракетте жана ушул улуу миссияда кѳмѳктѳшүүгѳ жана жардам берүүгѳ силерге мүмкүнчүлүк насип этилген».

2014-04-13-MTA-Conference-4-1024x591

«Ошентип, силер бул ардактуу жана Алла таала тарабынан жиберилген миссиянын берекелерин жана белектерин бѳлүштүрүүгѳ шерик болгон бактылуу адамсыңар. Силер МТАнын кайсы бир бѳлүмүндѳ кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ экениңерге карабастан, ар дайым ѳзүңѳрдү бактылуу инсан деп эсептегиле».

Ал киши ѳз сѳзүн улантып, мындай деди:

«Эгер силер видеокамеранын аркасында унчукпай турган акысыз кызмат аткарып жаткан кызматкер болсоңор да, силер абдан бактылуу инсансыңар. Эгер силер МТАнын каалаган бѳлүмүндѳ иштеп келе жаткан кеңсе мүчѳсү болсоңор да, силер абдан бактылуу инсансыңар. Эгер силер МТАнын кайсыл бир телекѳрсѳтүүнү алып баруучу же ага чакырылган конок болсоңор да, силер абдан бактылуу инсансыңар.

2014-04-13-MTA-Conference-5-1024x279

Эгер силер иштеп чыгаруу же жаңы технологияны ѳнүктүрүү же фото-сүрѳттѳрдү редакциялоо бѳлүмүндѳ кызмат аткарып жаткан болсоңор да, силер абдан бактылуу инсансыңар. Эгер силер телекѳрсѳтүү бѳлүмүнѳн МТАнын телеберүүлѳрүн кѳрсѳтүүгѳ жоопкер болсоңор, ошондо да силер абдан бактылуу инсансыңар.

2014-04-13-MTA-Conference-6-1024x276

Албетте, силер кандай гана деңгээлде иштебегиле жана кандай гана жол менен МТАга байланышпагыла, силер чынында эле берекелүү адамсыңар. Силердин ѳтѳ эле бактылуу экениңердин себеби, силер чындыкты жайылтуу үчүн иштеп жатасыңар. Силер бүткүл дүйнѳдѳгү адамдардын үйлѳрүнѳ руханий нур алып келүүдѳсүңѳр».

Аземдин аралыгында МТА Интернейшналдын башкаруучу директору Мунируддин Шамс мырза тарабынан жылдык отчёт да сунушталып,  анда ал тѳмѳнкүлѳрдү маалым кылды: ѳткѳн жыл аралыгында МТА 2500 сааттан турган 5000ден ашуун телеберүлѳрдү даярдаган.

2014-04-13-MTA-Conference-7-1024x352

Делегаттарга 15 мүнѳттүк видеотасма да кѳрсѳтүлгѳн, анда МТАнын ѳткѳн 20 жылдык тарыхында жүз берген үзгүлтүксүз ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ жарык чачылды.

2014-04-13-MTA-Conference-8

2014-04-13-MTA-Conference-9-1024x602

МТАнын башкаруу аппараты Азирети Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) менен бирге

2014-04-13-MTA-Conference-10-1024x455

МТА Интернейшнал конференциясына катышкан чет ѳлкѳлүк делегаттар Азирети Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) менен бирге

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via