Ахмадия Мусулман Жамааты ѳткѳн 125-жылдан бери дүйнѳнү ѳзгѳртүү аракетинде
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамааты ѳткѳн 125-жылдан бери дүйнѳнү ѳзгѳртүү аракетинде

Бүгүн Ахмадия Мусулман Жамааты ѳзүнүн 125-жылдык мааракесин белгилеп жатат

Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)

Бүгүн, 2014-жылдын 23-мартында ѳзүнүн алгачкы күндѳрүнѳн эле тартып, бүгүнкү күндѳ да дүйнѳдѳгү социалдык, гуманитардык жана руханий кыймылдардын арасында эң алгачкы деп саналуучу эл аралык мусулман жамааты – Ахмадия Мусулман Жамааты ѳзүнүн 125-жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Бул Жамаат 1889-жылы Индиянын Кадиян аттуу чакан бир айылында келүүсү тууралуу мусулмандар, христиандар жана жѳѳттѳрдүн ыйык жазууларында алдын ала кабарланган Убада Кылынган Мессия экенин билдирген инсан – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) тарабынан түзүлгѳн. Ал киши согуштун артында турган түпкү себептер, эзүүчүлүк жана теңсиздиктен сѳз кылып, Ислам дининин тынчтык жана сабырдуулуктан турган борбордук кабарын кайрадан жандандырган.

Ѳзүнүн келүүсүнүн максаты тууралуу сѳз кылып жатып, Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) мындай деди:

«Менин каалоом, менин тилегим жана максатым – бул адамзатка кызмат кылуу. Бул – менин милдетим, менин ишенимим, менин каалоом жана менин жолум».

Бүгүн Ахмадия Мусулман Жамааты Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы (орун басары) Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин жетекчилигинде иштеп жатат, ал киши Лондон шаарынын түштүк-батышында жашайт.

Ахмадия Мусулман Жамааты 1908-жылдан бери түзүлгѳн Исламдагы хилаафат системасынын кол астында иштеп келе жаткан жападан-жалгыз Ислам жамааты.

Ѳзүнүн башталуусунан тартып, Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнѳдѳ ѳтѳ эле тез жана кеңири таралган мусулман жамаат болуп, анын миллиондогон мүчѳлѳрү 204 ѳлкѳгѳ жайылган.

Hazrat-Mirza-Masroor-Ahmad-212x300

Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы (орун басары) Азирети Мырза Масрур Ахмад

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дын жетекчилигинде аталган Жамаат ѳзүн бүгүнкү күндѳгү жетелеп бара жаткан социалдык жана гуманнитардык кыймыл катары таанытып, дүйнѳдѳгү ѳсүп келе жаткан ѳлкѳлѳрдѳ жүздѳгѳн мектептерди, ооруканаларды жана кѳзгѳ кѳрүнгѳн проекттерди баштаган.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты – бул тынчтыкты сүйүүчү жамаат болуп, толук бойдон Исламдын чыныгы окууларынын негизинде иш жүргүзүүдѳ. Бул Жамаат тынчтыкты ѳнүктүрүү менен эле алек болбостон, анын ар бир иш-аракети жана ишмердүүлүгү да тынчтык ыкмада эле аткарылат».

Мааракени белгилеген учурда Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчѳлѳрүнѳ ѳзгѳчѳ бир кайрылууну жасайт, ал кайрылуу бүгүн кечки маал MTA International (Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын ТВси) аттуу телеканалдан кѳрсѳтүлѳт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via