Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын келүү максаты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын келүү максаты

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 31-июлунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын айткандарынын негизинде ал (алайхиссалам)дын жиберилүү максат-мүдөөсү тууралуу баян

«Мен (Кудай тарабынан) эки максат менен келдим: биринчиси, мусулмандарга таандык болуп, алар чыныгы такыба жана тазалыкка ээ болуулары үчүн; экинчиси болсо, христиандардын крестин сындырып, алардын жасалма кудайы көрүнбөй калышы үчүн». (Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)

Ахмадийлер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Хаатамун-Набиййин» деген макамын баарынан да көбүрөөк түшүнүшөт жана ушул түшүнүктү бизге Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) гана берген.

Мен чындыкты айтам жана Алла Тааланын атын ортого салып айтам: мен жана менин Жамаатым мусулманбыз. Мен Ислам дининен кенедей четке чыгууну бир ажал деп ойлойм. Менин ишенимим боюнча кимдир бирөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чын-жүрөктөн баш ийүү жана жан-дүйнөсү менен аны сүйүү менен гана ар түрдүү руханий жетишкендиктер, берекелер жана Аллага жакындоо мартабасына ээ боло алат, антпесе боло албайт.   

2020-жылдын 31-июлунда, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 31-Вафаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 31-июль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сухайиб Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Бүгүн биз эртең менен Айт намазын дагы окудук жана бүгүнкү күнгө жума намазы дагы туш келди. Ушундай жагдайда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «каалагандар жума намазынын ордуна Зухр (Пешин) намазын окуп алышсын» – деген көрсөтмөсү кезигет. Бирок, аны менен бирге жогорудагыдай бир учурда ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Биз жума намазын эле окуйбуз», – деп айткан. Жогорудагы көрсөтмөнүн негизинде мен Амир (Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын президенти) сахибге: «Каалагандар Зухр намазын эле окуп алышсын», – деп айткан элем. Азыркы кырдаалдан улам адамдар үйлөрүндө бош болушса, анда кадимкидей бүгүн дагы жума намазын окуп алышсын.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) жогорудагы жагдай жөнүндө мындай деп айткан: биздин Кудайыбыз кандай кең пейил, Ал бизге бир эле күндө эки айтты тартуулаган. Эми колго тийген эки каттамадан кандайдыр бир жүйөлүү себептен тышкары баш тартуусу мүмкүнбү? Ошол үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) берген уруксаты менен кимдир бирөө айла жоктон Зухр намазын окуп алса, аны башкалар сынга алышпасын.

Бүгүнкү кутба үчүн мен Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын өз жиберилүүсүнүн максат-мүдөөсүн түшүндүрө турган бир нече үзүндүлөрүн тандадым. Каршылаштарыбыз силер Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)га ыйман келтирип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын даражасын төмөндөтөсүңөр деген сын-пикирди айтышат. Каршылаштарыбыз Пакистандын парламенттеринде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аты менен кошо «Хаатамун-Набиййин» сөзү жазылсын деген токтомдорду чыгарып, кандай сонун иш жасадык деп мактанып жатышат. Эгерде алардын кылып жаткан амалдары Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өрнөктүү үлгүсүнө ылайыктуу болсо, анда ошондой токтомдорду кабыл алуу абдан жакшы көрүнүш. Бирок, алардын амалдары Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын берген таалимине такыр эле коошпойт. Алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аты менен «Хаатамун-Набиййин» сөзүнүн жазылышын зарыл деп, биз Ахмадий мусулмандардын жолуна бут тосконбуз деп ойлошот. Бул акылы сокурлар «Хаатамун-Набиййин» макамын эң жакшы түшүнгөндөр Ахмадийлер гана экенин билишпейт. Бул түшүнүктү Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) гана бизге тартуулаган. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сөздөрүндө болгон кудуреттүүлүккө булар жакын да жолой албайт. Ал (алайхиссалам) каршылартарга кайрылып, өзүнүн жиберилүүсүнүн максат-мүдөөсү жана Жамаатынын өсүп-өнүгүүсү тууралуу сөз кылып, мындай деп айткан:

«Менин жиберилүүмдүн эки гана максаты бар: 1) мусулмандар чыныгы такыба жана тазалыкка ээ болушсун; 2) христиандардын крести талкаланып, алардын жасалма кудайы жок болсун. Жогорудагы максаттарым менен таанышкандан кийин да мага каршы чыккандар жалганчы бирөөнүн максатына жетишүүсү мүмкүн эместигин эске алуулары керек. Жалганчы бирөөнүн жок болушу үчүн анын жалганчылыгынын өзү эле жетиштүү. Бирок, Алла Тааланын улуулугу жана Анын Пайгамбарынын берекелерин ачыкка чыгаруу үчүн жана Кудай Таала Өзүнүн (кудуреттүү) колу менен отургузган көчөт болсо, аны периштелер коргошот. Билип койгула! Эгерде менин Жамаатым болгону соода-сатык иши гана болсо, анда анын аты өчүп, изи да калбайт. Бирок, эгерде ал Кудай Таала тарабынан болсо, (албетте, ал Анын Өзүнөн гана), анда бүт дүйнөнүн каршы чыгуусуна карабай, ал өсүп-өнүгөт, гүлдөйт жана периштелер аны коргошот. Эгер бир дагы адам мени менен бирге болбосо, ошондо да бул Жамаат ийгиликке жетишет деп ишенем. Биздин Жамаатыбыз табияттан тышкары даражада өсүп-өнүгүүдө (деп айтты)».

Хузур-э-Анвар бүгүн эки жүздөн ашуун өлкөлөрдө ыкластуулар бар экенин байкайбыз деди. Ал (алайхиссалам) жогорудагы сөздү айткан мезгилде жүздөгөн санда болушкан, азыр болсо, жыл сайын миңдеген адамдар байъат беришүүдө деди.

Өз Жамаатынын жеткилеӊ ыймандуулугу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон чын-жүрөктөн баш ийүүсүн жарыялап, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айткан:

«Мен чындыкты айтам жана Алла Тааланын атын ортого салып айтам: мен жана менин Жамаатым мусулманыбыз. Мен Ислам дининен кенедей четке чыгууну бир ажал деп ойлойм. Менин ишенимим боюнча кимдир бирөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чын-жүрөктөн баш ийүү жана жан-дүйнөсү менен аны сүйүү менен гана ар түрдүү руханий жетишкендиктер, берекелер жана Аллага жакындоо мартабасына ээ боло алат, антпесе боло албайт. Эми ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолунан башка жакшылыктын бир да жолу жок. Аны менен бирге бул чындыкты да айтып коёюн: Масийх (алайхиссалам)дын тирүү бойдон денеси менен асманга көтөрүлүп, жана азыркыга чейин тирүү экенине мен такыр ишенбейм. Эгерде Масийхтин өлүмүнө ишенүү адепсиздик болсо, анда эмне себептен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө ошондой адепсиздик кылынат?!

«Эгер силер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тууралуу да өлүм сөзүн угуп, көз жашыӊарды төккөнүӊөрдө, анда биз капа болбойт элек. Бирок, өкүнүчтүүсү, «Хаатамун-Набиййин» жана эки аалам башчысынын өлүмүн зор кубаныч менен кабыл кыласыңар, бирок өзүн-өзү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алайхи ва саллам)дын бут кийиминин жибин чечүүгө да татыктуу эмесмин деген адамдын тирүү экенине ишенесиңер! Дүйнө жана мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га муктаж болгондой, Масийхке муктаж болушкан эмес. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгондо, сахаабалар өздөрүн жоготуп салышкандай болушкан, а түгүл Азирети Умар (разияллааху анху) кылычын сууруп чыгып, кимде-ким Сүйүктүү Пайгамбарыыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өлдү десе, анын башын кесип таштайм деп айткан. Ошондо Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) жеткилеӊ акыл-парасаты менен кутба окуп, «Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алланын пайгамбары гана, андан мурун келген пайгамбарлардын баары каза болушту» деген аятты окуган. Ушул аят менен Азирети Умар (разияллааху анху)нун жүрөгү тынчып калган жана сахаабалар жогорудагы аятты жаңы эле түшкөн аят сыяктуу Мединанын көчөлөрүндө кайталап жүрө беришкен.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу даражасынан сөз кылып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айткан:

«Өзүнүн жаны менен, касиеттери менен, иш-аракеттери менен, амалдары менен, өзүнүн руханий жана ыйык жөндөмдөрүнүн күчтүү дайрасы менен илим-билим, иш-аракет, чындык жана туруктуулуктун зор үлгүсүн көрсөткөн инсан кемел инсан деп аталган. Ал баарынан кемел болгон, кемел инсан жана кемел пайгамбар болуп келген инсан кемел берекелер менен келген. Ал куттуу Пайгамбар – Азирети Хаатамул-Анбия[1], Имамул-Асфия[2], Хаатмул-Мурсалийн[3], Фахрун-Набиййин[4], Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) гана».

Алла Таала бизге ар дайым Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу даражасынын түшүнүгүн тартуулап, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаават жолдоп турууга, ошондой эле мурдагысынан көбүрөөк Алла Тааланын алдында жыгылып, жүрөктөрүбүздө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүнү күчөтүү мүмкүнчүлүгүн насип этсин. Ушул эле ыкмада жасалган иш-аракеттерибиз каршылаштардын каршылыгына жооп берет. Бул үчүн Алла Таала бизге күч-кубат тартууласын.

٭…٭…٭

[1] Пайгамбарлардын мөөрү.

[2] Ыйыктардын улуу жол-башчысы.

[3] Элчилердин мөөрү.

[4] Пайгамбарлардын сыймыгы.

Share via