Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир Фидя[1] сурайт. Ал эмне? Ал – ошол жолдо биздин «өлүүбүз». Ошол өлүмгө Исламдын тирилүүсү, мусулмандардын тирилүүсү жана Тирүү Алла Тааланын нуру такалат. Башкача айтканда, ошол нерсе Ислам деп аталат. Эми ушул Исламды Алла Таала тирилтүүнү каалайт. Ушул улук ишти орундатуу үчүн ар жактан таасирдүү иш-чараны Өз тарабынан көрүүсү зарыл эле. Ушинтип, Даанышман жана Кудуреттүү Кудай адамдарды оңдоо үчүн мени жөнөтүп ошондой кылды». («Руханий хазаайин», 3-том, «Фатх-э-Ислам», 10-12-беттер)
Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:
«Инсан чын ыкылас менен Алла Тааланын пендеси болмоюнча, кандайдыр бир даражага жетишүүсү оор иш. Алла Таала Ибраахийм (алайхиссалаам) жөнүндө күбөлүк берди: «Ва Ибраахиймаллазий ваффаа». Ибраахийм (алайхиссалаам) өз сөзүн орундаткан киши. («Ан-Нажам» сүрөөсү: 38)
Демек, ошондой жол менен өз жүрөгүн жаттардан тазалоо жана Алла Тааланын сүйүүсүнө толтуруу, Алла Тааланын ыраазычылыгын ээрчүү жана көлөкө өзүнүн чыккан жайына көз каранды болгондой, анын ыраазычылыгы менен Алла Тааланын ыраазычылыгы бирдей болуп, эч кандай айырма болбош керек. Мунун баарына дуба аркылуу гана жетүүгө болот. Намаз чынында дуба үчүн (белгиленген). Ошондуктан, ар бир жеринде дуба кылуу керек. Уктап жаткандай намаз окуган киши андан кабарсыз болот. Чынында, ал намаз эмес… Ошол үчүн намаз окууда адамзат жалкоолонбош керек жана кабарсыз болбош керек. Биздин Жамаатыбыз эгер Жамаат болууну кааласа, анда ал кандайдыр бир өлүмдү кабыл кылуусу лаазым. Напсилер жана напсинин талаптарынан сактануу жана Алла Тааланы бардык нерселерден жогору коюу керек». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 457-458-беттер)
[1] Кун.