Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Сидней шаарында салынган «Халифат 100 жылдыгы Залынын» ачылуу аземинде
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Сидней шаарында салынган «Халифат 100 жылдыгы Залынын» ачылуу аземинде

Азирети Мырза Масрур Ахмад жасаган ѳтѳ маанилүү кайрылуусунда дүйнѳнү тынчтыкка чакырды

2013-жылдын 18-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жол башчысы жана 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад Сиднейдеги «Байтул-Худаа» Мечитинин жанында салынган «Халифат 100 жылдыгы Залын» расмий түрдѳ ачты жана мааракеге абдан маанилүү кайрылууну жасады.

Бир канча федералдык жана улуттук депутаттар менен бирдикте 200дѳн ашуун Ахмадий эмес сыйлуулар жана коноктор да аземге катышышты.

Khilafat-Hall-2

Ѳзүнүн ѳтѳ маанилүү кайрылуусунун учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмад бүгүнкү дүйнѳдѳ Ислам жѳнүндѳгү туура эмес түшүнүктѳрдѳн сѳз кылып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын максат-мүдѳлѳрү туурасында да сүйлөгөн. Ошондой эле дүйнѳ ѳтѳ коркунучтуу глобалдык согушту кѳздѳй жол алгандыгы тууралуу ѳзүнүн ѳтѳ кейигенин дагы бир ирет билдирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы адамдарга өрт кырсыгынын айынан келген чоӊ зыянга өзүнүн жеке боору ооруганын билдирди.

 

Халифа өзүнүн кайрылуусун төмөнкүдөй ой-пикирлер менен баштады: өздөрүн туура эмес жолдор менен динге байланыштырган экстремисттер жана террористтер өздөрүнүн экстремисттик жана террордук амалдары менен Ислам динин жаманаты кылышты.

Khilafat-Hall-3

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Айрым атынан эле мусулман деп аталгандар аябай коркунучтуу террордук амалдарды жасап, өз өлкөлөрүндө да, чет өлкөлөрдө да бейкүнөөлөрдү өлтүрүштү. Алар коркунучтуу кырдаалды жаратып, мусулман эмес дүйнөнү коркутушууда, аны менен бирдикте алар Исламдын нукура атын да жаманаты кылышууда».

Адашкан экстремисттердин каршысында Ахмадия Мусулман Жамааты бүткүл дүйнөдө Исламдын түпкү окууларын өнүктүрүү иши менен үзгүлтүксүз алектенип келүүдө деп айтты Азирети Мырза Масрур Ахмад.

Ал киши мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты – бул тынчтыкты сүйгөн Жамаат, ал толук бойдон Исламдын нукура окуулары боюнча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Ошонун катарында бул Жамаат тынчтыкты эле ѳнүктүрбѳстѳн, анын ар бир амалы жана ар бир ишмердүүлүгү бүтүндѳй тынчтык ыкмада ишке ашууда».

Ахмадий мусулмандардын мүнөзү тууралуу сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Сөзмө-сөз алганда Ахмадий мусулмандарды төмөнкүдөй эки сүйлөм менен сыпаттоого болот: Алла тааланын акы-укуктарын аткара турган жана Алла тааланын пенделеринин акы-укуктарын аткара турган адамдар. Мына ушул таалимдерге амал кылбай туруп, кимдир бирөө өзүн мен чыныгы Ахмадий мусулманмын деп айта албайт».

Бүткүл дүйнөлүк Жол башчы мындай деди: жаӊы имаратка «Халифат 100 жылдыгы Залы» деген ат коюлган, ал ушул (имарат)ка кирген ар бир адам тынчтык жана коопсуздукка жетишет деп ишараат кылууда.

Азирети Имам Махдий(ас)дан кийин башталган халифат жѳнүндѳ сүйлѳп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: ал (халифат) Ахмадий мусулмандар менен Ахмадий эместер – экѳѳсүнѳ тең ар дайым «тынчтыктын булагы» болот.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатын жетектеген бардык халифалар ар дайым тынчтык, биримдик жана ѳз ара тууганчылык сезимин жаратууга аракет жасап келишкен».

Khilafat-Hall-4

Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнѳнүн азыркы акыбалына кейип, мындай деди:

«Дүйнѳнүн азыркы акыбалы биздин абдан коркунучтуу глобалдык согуштун жээгинде тургандыгыбыздан ачык-айкын кабар берүүдѳ. Ушул согушка ядролук курал бар, ошондой эле жетекчилери ѳлтүрүүнү «жактырган» жана ѳздѳрүнүн коркунучтуу амалдарынын натыйжаларына такыр кѳңүл бурбаган ѳлкѳлѳр да кошулуп кетет. Алардын ошондой кайдыгерликтеринин натыйжасында дүйнѳ абдан чоң кыйроолорго күбѳ болушу мүмкүн».

Азирети Мырза Масрур Ахмад ѳз кайрылуусунун аягында бардык тараптарды тынчтык жана бири-бирин түшүнүүнүн үстүндѳ иштѳѳ керектигине чакырды.

Khilafat-Hall-5

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү дүйнѳдѳгү кѳйгѳйлѳр жана келишпестиктерди кичинекей жана биз менен тиешеси жок деп билбегиле, жок андай эмес, силер тынчтыкты орнотуу үчүн жан-талашып аракеттенгиле жана колдон келишинче ар бир чараны кѳргүлѳ… Демек, дүйнѳнү кыйроодон сактоо максатында баарыңарды мыкаачылыктын, коррупциянын жана баш аламандыктын бардык кѳрүнүштѳрүнѳ каршы адилеттүүлүк менен үн кѳтѳрүүңѳргѳ чакырам».

Ага чейин кечеде бир топ сыйлуулар чогулган адамдарга кайрылууларын жасашты.

Сенатор Кончетта Фиерраванти-Уэлс, Премьер-министрдин ѳкүлү депутат Тони Эбботт Азирети Мырза Масрур Ахмадды Австралияга кош келиңиз деп айтты жана мындай деди: мен айрыкча ал киши Германияда адамдарды «ѳзүнүн коомуна чынчыл жана ишенимдүү болууга» чакырып, жасаган кайрылуусун угуп аябай ыраазы болгом.

Депутат Виктор Доминеллоу МП (жарандык жана жамааттар иштери боюнча министр) NSW Премьер Барри Офаррэлл мырза тарабынан Азирети Мырза Масрур Ахмадды штатка кош келиңиз деп жазылган кабарын окуп берди. Ал киши жѳнѳткѳн кабарында «ушунчалык «улуу даражадагы руханий лидерди» коноктоо Жаңы Түштүк Уэльс үчүн ѳтѳ чоң кубаныч» – деп жазылган Ошондо Азирети Мырза Масрур Ахмад токойдон чыккан өрт кырсыгынын айынан жабыркагандарга кѳмѳк кѳрсѳтүү максатында Доминеллоу мырзага жыйырма миң доллар ($ 20,000) ѳлчѳмүндѳгү суммадан турган чек тапшырды.

Khilafat-Hall-6

Беровранын федералдык мүчѳсү Филипп Раддок МП  мындай деди:

«Мен Азирети Мырза Масрур Ахмадды ишендирмекчимин: анын иш сапары жалпысынан Австралияда аябай бааланды. Бүгүнкү кечеде ушул жерде ушунчалык кѳп МПлердин (депутаттар) чогулгандыгы Ахмадий мусулмандардын Австралияда бар экенинен кабар берүүдѳ. Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад! Биз Сизди кайра-кайра кош келиңиз деп айтууга курсант болобуз».

MП (Чифлинин федералдык мүчѳсү) Эд Хусик  мындай деди:

«Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад! Сиз менен чогуу убакытты ѳткѳрүү жана Сизди Австралияга кош келиңиз деп айтуу биз үчүн абдан чоң кубаныч. Сиз Австралиядан кеткенден кийин дагы ушул жердеги Жамаатыңыз менен сыймыктанууга акылуу болосуз, себеби Ахмадий мусулмандар ушул ѳлкѳнүн үлгүлүү жарандары. Сиз жасаган иш сапарыңыз унутулгус болот жана келе турган жылдарга казына болуп саналат».

МП (депутат) (Оппозиция лидери & Батыш Сиднейдин министринин жардамчысы) Джон Робертсон  мындай деди:

«Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад! Сиз менен убакытты ѳткѳрүү – бул чынында эле сый-урмат жана сыймык, себеби Сиз дүйнѳдѳ ишенимдин жана тынчтыктын эң күчтүү кабарын алып жүрүүдѳсүз. Сиз тынчтык жана гармонияга чакырып жатканыңыз үчүн бүткүл дүйнѳдѳ чоң сый-урматка ээсиз. Сиз сыяктуу лидерлер эле дүйнѳнүн келечегине ѳз таасирин тийгизе алат. Бизге Сиз сыяктуу дагы лидерлер керек, себеби, Сиздин үнүңүз сыяктуу үндѳр менен эле дүйнѳдѳ туруктуулук орун алуусу мүмкүн. Сиз – тынчтыктын, үмүттүн жана эр жүрѳктүктүн үнүсүз».

Азирети Мырза Масрур Ахмадды 2013-жылдын 1-октябрында аэропортто тосуп алган Кевин Конноли МП

Normal
0

21

false
false
false

DE
X-NONE
X-NONE

/* Style Definitions */
table.MsoNormalTable
{mso-style-name:”Normale Tabelle”;
mso-tstyle-rowband-size:0;
mso-tstyle-colband-size:0;
mso-style-noshow:yes;
mso-style-priority:99;
mso-style-parent:””;
mso-padding-alt:0cm 5.4pt 0cm 5.4pt;
mso-para-margin-top:0cm;
mso-para-margin-right:0cm;
mso-para-margin-bottom:10.0pt;
mso-para-margin-left:0cm;
mso-pagination:widow-orphan;
font-size:11.0pt;
font-family:”Calibri”,”sans-serif”;
mso-ascii-font-family:Calibri;
mso-ascii-theme-font:minor-latin;
mso-hansi-font-family:Calibri;
mso-hansi-theme-font:minor-latin;
mso-bidi-font-family:”Times New Roman”;
mso-bidi-theme-font:minor-bidi;
mso-fareast-language:EN-US;}
(Риверстоун деген жердин расмий мүчѳсү) мындай деди:

«Азирети Мырза Масрур Ахмад сыяктуу улуу инсанды тосуп алуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болуу – бул Жаңы Түштүк Уэльс үчүн унутулгус окуя. «Сүйүү баарына, Жек кѳрүү эч кимге» дегенге басым жасаган Ахмадия окуулары Австралияда кеңири кабыл алынды».

Дэвид Кларк ДОК мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар жакшы жана кудайчыл адамдар, ошондой эле кудайчыл адамдар болгондуктан гана алар жакшы адамдар. Бүткүл дүйнѳдѳ тынчтык кабарын таркатып келе жаткан Сиз – Азирети Мырза Масрур Ахмадга баа беребиз жана Сизге сый-урмат кѳрсѳтѳбүз… Австралияда дайыма Ахмадия Мусулман Жамаатына толук эркиндик берилет. Ахмадий мусулмандарга, а түгүл Ахмадий мусулмандын башындагы бир тал чачына дагы зыян кылууга жол бербейбиз. Алла таала Ахмадия Мусулман Жамаатын колдосун!»

Аземдин аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадий эмес коноктор менен жекече барлашты, алардын кѳбү ал киши жасаган эң маанилүү кайрылуусуна баа беришти жана руханий жол башчы менен сүрѳткѳ түшүүнү суранышты.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via