Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
Демек, текеберлик аягында адамды Алла Таалага каршы чыгарып коёт. Алла Таала Мага шерик кошо турган бирөөнү кечирбеймин деп айткандан кийин өзүн кудай катары эсептеген бирөөнү кантип кечирүүгө болот? Текеберлик гана Фараонго окшогондорду чыгарган эле. Ошондой фараондордун акыбетин окудуңар жана ушул доордо дагы көрдүңөр. Бул корко турган жер. Ар бир Ахмадий кичине эле текеберликтен да сактануусу керек, анткени ал жайылып, толук бойдон адамды курчоосуна алат. Алла Таала бизге эскертме жасады. Айкындаштырып койду: бул – Менин жамынчым, Мен бүтүн ааламдардын Раббисимин, Улуктук Мага гана таандык. Аны кабыл алгыла, карапайымдык көрсөткүлө. Эгер ушул чек аралардан чыгууга аракет кылсаңар, анда азапка кирептер кылынасыңар. Эгер зыгыр данынчалык да текеберлик болсо, сөзсүз азапка кирептер болосуңар. Бирок аны менен бирге төмөнкүдөй куш кабар да берди: эгер силерде кенедей да ыйман болсо, Мен силерди от азабынан сактап каламын. Бир хадисте төмөнкүчө кезигет:
Азирети Абдулла (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Жүрөгүндө зыгыр данынчалык да текеберлик болгон бирөө бейишке кирбейт. Жүрөгүндө зыгыр данынчалык да ыйман болгон бирөө отко кирбейт». («Сунан ибни Маажа», Ал-Мукаддима, Баабу фил-Ыйман, 59-хадис)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай айтат:
«Мен чындыкты айтып кетейин: кыямат күнү Ширктен кийин текеберликтей башка эч бир балээ-илдет жок. Бул – адамды эки ааламда кордой турган балээ-илдет. Алла Таала ар бир Муваахидди[1] сактайт, бирок текеберди сактабайт. Шайтан дагы өзүнүн «муваахид» экенин айтчу, бирок анын башында текеберлик болгондуктан, ошондой эле Алла Тааланын назарында сүйүктүү болгон Адамга кордоо назар менен караган жана ага сын-пикир айтканы үчүн балээге калды жана каргыш моюнтурук анын мойнуна илинип коюлду. Демек, бир кишини түбөлүккө өлтүрүп койгон эң алгачкы күнөө – текеберлик гана». («Руханий хазаайин», 5-том, «Аайна Камаалаат-э-Ислам», 598-бет)
Дагы мындай деп айтат:
«Эгер силердин кандайдыр бир жактарыңар текеберлик же кожо көрсүндүк же өзүмчүлдүк же жалкоолук болсо, анда силер (Кудайдын алдында) кабыл болууга ылайыктуу нерсе эмессиңер. Силер: «Биз кылмакчы болгон ишти кылып алдык», – деп өзүңөрдү алдап отура бербегиле. Алла Таала силерге толук бойдон ыңкылап келтирүүнү каалайт. Ал силерден кандайдыр бир өлүмдү сурайт, анан силерди тирилтет». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 12-бет)
[1] Алла Тааланын Жалгыздыгына бекем ишенген адам.