Эч кимге зыян келтирбегиле
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Төртүнчү шартта «колу менен дагы, тили менен дагы – эч жактан эч кимге зыян келтирбөө керек», – деп кезигет. Ушул шартты дагы чечмелеймин. Мен окуп берген хадистеги «көрө албастык кылбагыла» деген нерсеге көңүл бургула. Көрө албастык ушундай нерсе: ал бара-бара душмандыкка жетип барат. Ушул көрө албастыктын айынан көрө албаган кишиге зыян келтирүү ою дайыма ичинде турат. Анан көрө албастык ушундай нерсе жана ушундай илдет: туура, андан башка бирөөгө зыян жетет, бирок көрө албаган адамдын өзү дагы ошол отто күйүп турат. Баланчанын бизнеси эмнеге жакшы, баланчада менден көбүрөөк акча бар, баланчанын үйү меникинен жакшыраак, баланчанын балдары таланттуураак өңдүү майда-чүйдө нерселер көрө албастыкты жаратып турат. Аялдардын да акыбалы кызыктуу: баланчада жакшыраак сөйкө буюмдары бар дегени менен көрө албастык башталат. А түгүл дин маселесинде да бирөөнүн жакшылыгына карап, сыймыктануудан көрө кызмат кыла тургандарга бут тосуп, ага каршы арызданып, аны дин кызматынан куру калтырууга аракет жасашат. Тескерисинче, өздөрү да дин кызматы үчүн алга кадам таштоого аракет кылуулары керек болчу.

Дагы ушул хадисте: «Жаңжалдашпагыла», – деп да айтылган. Майда-чүйдө нерселерден да жаңжалдашып кетишет. Маселен: арзыбаган себептен кандайдыр бир кызмат көрсөтүп жаткан киши Жалса Салаананын учурунда бир жаш баланын тентектигинен аны токтотуп: «Эми, эгер ушундай кылсаң, мен катуу эскертемин жана жазалаймын», – деп айтты. Ошондо жанында отурган энеси же атасы дароо теригип кетишет. Бул күндөлүк тажрыйбада байкалып келинген нерселер, анан ошол кызмат көрсөтүп жаткан кызматчыны Кудай сактасын, аябай уят кылышат. Эми, ушул иш-аракетиңер аркылуу Байъат убадаӊарды бузуп, адеп-ахлактарыңарга доо кетиргениңер аз келгенсип, өз жаңы муундарыңардын дилинен (Жамаат) системасынын сый-урматын да өчүрүп жибердиңер. Аны (балаӊарды) туура менен туура эместин айырмасын айырмалоо мүмкүнчүлүгүнөн да куру калтырдыңар.

Анан: «Душмандык кылбагыла», – деп айтылган. Бирок майда-чүйдө себептерден душмандыктар башталып, жүрөктөр кек сактоо жана жек көрүүлөргө толуп кетет. «Эч кимге душмандык кылбагыла жана кек сактабагыла», – деп буюрулганы менен алар: «Мүмкүнчүлүк тапсам, өз душмандыгым үчүн өч алам», – деп буктурмалап отурушат. Хадисте мындай деп кезигет: «Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын бирөөсү ага: «Мага кандайдыр бир кыска насаат кылсаңыз, мен унутпай тургандай болоюн», – деп өтүндү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ачууланбагын», – деп айтты. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) кайталап: «Ачууланбагын», – деп айтты. Эгер ачууланбаш керек экенин дайыма эске тутсаңар, анда кек сактоо жана кастыктар өзүнөн-өзү жоголуп кетет. Бирөөгө зыян келтирүү, залал берүүнүн дагы бир адаты – кимдир бирөө кылган сооданын үстүндө соода кылышат. Ушул хадисте буга да тыюу салынган. Ырас, мындан өздөрүнө эч кандай жеке пайда да тийбейт, буга карабай көбүрөөк акча берип, бирөөнүн соодасын бузуу ниети менен бир нерсени (сатып) алууга аракет кылышат. Ушул жерде дагы бир нерсени айтып кетейин: куда түшкөн жерге куда түшүрүү да ошол эле категорияга кирет. Буга да тыюу салынган. Ошондуктан, Ахмадийлер мындан да абайлоолору керек.

Дагы: «Зулумдук кылбагыла, кимдир бирөөнү кемсинтпегиле, эч кимди кордобогула», – деп айтты. Заалим эч качан Алла Таалага жакындай албайт. Бир жактан Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн ушул доордогу Имамды[1] кабыл кылып, анын Байъатына кирип жатканыңар, экинчи жактан зулумдук жолу менен адамдардын укуктарын тартып алууңар, бир тууганыңарга укуктарын бербөөңөр, эже-карындаштарыңарга: «Ал бөлөк үй-бүлөөгө турмушка чыккандыгы үчүн ата-бабабыздан калган мурасыбыз бөлөк үй-бүлөөлөргө кетип калат», – деп мурастан алардын үлүшүн бербөөңөр (айылдарда бул жалпы таралган каада-салт), аялдарыңарга зулумдук кылып, алардын укуктарын орундатпооңор, аялдар тарабынан күйөөлөрүнүн укуктарын орундатпоосу кандайча мүмкүн? Кыскасы, күндөлүк мамилелерде зулумдук категориясына кире турган бир топ нерселер чыгып калат. Алардан башкаларды төмөн деп же башкаларды пас деп билип жаткандыгы сезилет. Бир жактан «Байъат кылдым», – деп ойлонуу, бардык жаманчылыктарды таштоого сөз берүү, экинчи жактан ушундай жоруктар? «Бир мусулмандын башка мусулманды төмөн-пас деп билүүсүнө такыр уруксат жок, ошондой эле бир мусулманга башка мусулмандын каны, мал-мүлкү жана ызаатына (кол салууга) тыюу салынган», – деп даана буюрулган. Силер: «Биз ушул доордогу Имамды кабыл алып, баарынан көбүрөөк Ислам таалимдерине амал кылабыз», – деп айтасыңар. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Жамаатына киргениңерден соң, силерден ушундай жоруктарды күтүүгө болбойт. Ушул нерселерди арзыбаган нерсе катары карабай, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын амалы кандайча болгон? Исламды кабыл кылган соң, алар өздөрүндө эмне деген өзгөртүүлөрдү жаратышкан? Бул тууралуу хадистерден дагы мисалдарды келтиремин.

Азирети Абузар Гаффаарий (разияллааху анху) мындай деп рабаят эткен: «Биздин көлмөбүздөн суу ичирилчү эле. Бир үй-бүлөнүн кээ бир кишилери келип, алардын бирөөсү: «Араңардан ким барып, Абузарды чачынан кармап суракка тартат?» – деп айтты. Бир киши: «Мен ушул ишти аткарамын», – деп жооп кылды. Ошентип, ал киши көлмөгө барып, Абузарды уруша баштады. Ошондо, Абузар турган эле, ал отуруп алды, анан жатып алды. Ал: «Эй, Абузар! Эмнеге отуруп алдыңыз, анан эмне себептен жатып алдыңыз?» – деп сурады. Ал: «Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге карата мындай деп айткан эле: «Араңардан кимдир бирөө ачууланса, турган болсо, отуруп алсын, эгер ачуусу басылып калса, жакшы, болбосо жатып алсын», – деп жооп кылды». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 5-том, 152-бет, Бейрут)

Бир рабаятчы мындай деп рабаят эткен: «Биз Урва бин Мухаммаддын жанында отурган элек. Бир адам анын алдына келип, анын ачуусуна тийген сөздөрдү сүйлөгөн. Рабаятчынын айтымында, ал абдан ачууланганда, ордунан туруп алды, даарат алып, алдыбызга кайра келип мындай деди: «Менин атам сахаабалардын бирөөсү болгон. Ал атасынын атынан мындай деп рабаят эткен: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ачуулануу шайтан тарабынан келет; шайтан оттон жаратылган жана от суу аркылуу өчүрүлөт. Ошондуктан, араңардагы ачуусу келген киши даарат алуусу керек», – деп айткан». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 4-том, 226-бет, Бейрут)

Азирети Зыяд бин Алаака өзүнүн агасы Катба бин Маалик (разияллааху анху)нун атынан мындай деп рабаят эткен: «Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Алла! Мен жаман жоруктар, жаман иштер жана жаман тилектерден Сенин паанаңды сураймын», – деп дуба кылчу». («Сунан Тирмезий», Китаабуд-Даъваат, Баабу Дуъааи Умми Салма, 3591-хадис)

Бул жөнүндө Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) эмне айтканын жана Жамааттан эмнени күткөнүн ортого таштаймын.

Ал (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Ушул жерде бар болгон же өзүнүн журтунда жашай турган менин бүт баардык Жамаатым төмөнкү осуятка кунт коюп кулак салсын: алардын ушул Жамаатка кирип, мени менен сүйүү жана кулдук алакасын түзүүсүнүн максат-мүдөөсү мындай: алар жакшы жүрүм-турум, бактылуулук жана такыбанын эң жогорку даражасына жетишсин жана эч бир баш аламандык, тополоң жана бузукулук аларга жакын да келбесин. Алар беш маал жамаат намазын калтырбай аткарсын. Алар жалган сүйлөшпөсүн. Алар тили менен эч кимди кордобосун. Алар эч кандай бузукулук кылбасын. Алар кандайдыр бир тополоң, зулумдук, баш аламандык жана дүрбөлөңдү ойго да келтирбесин. Кыскасы, алар ар түрдүү күнөөлөр, кылмыштар, айтууга болбогон нерселер, бардык кызуу кандуулуктардан жана ыңгайсыз аракеттерден оолак болсун. Алар Алла Тааланын жүрөгү таза, зыянсыз жана карапайым пенделери болсун. Аларда эч кандай уулуу камыр калбасын… Бардык адамдарга боорукер болуу – алардын принциби болсун. Алла Тааладан корксун, ошондой эле өз тилдерин, колдорун жана ойлорун бардык таза эмес жана бүлүк чыгаруучу жолдордон жана кыянатчылыктардан сактасын. Беш маал намазды калтырбай окусун. Зулумдук, эзүүчүлүк, кыянатчылык, алдамчылык, паракорлук, укук тепсөө жана акысыз жан тартуудан алыс болсун. Эч бир жаман чөйрөдө отурбасын. Эгер силер менен катышып жүргөн адамдын Алла Тааланын амирлерине амал кылуучу эместиги … адамдык укуктарынан кайдыгер экендиги, же табияты заалим, ичи тар жана бузуку адам экендиги, же силер Байъат кылган жана сүйүү алакасын түзгөн адамга[2] карата акысыз, себепсиз одоно сүйлөө, тилдөө, орой сөздөрдү айтуу, айып тагуу жана жалаа жабуу адатын улантып, Алла Тааланын пенделерин алдамакчы болгондугу кийинчерээк силерге далилденип калса, анда ошол жаманчылыкты араңардан алып таштоо жана ошондой зыяндуу адамдан оолак болуу силерге парыз. Эч бир дин, эч бир коом жана эч бир тайпанын адамына зыян жеткирүүгө такыр ниет кылбагыла, ошондой эле ар бир адам үчүн чыныгы насаатчы жана оңдоочу болгула. Тополоңчулар, кылмышкерлер, бүлүк салуучулар жана бузукулар силердин жыйындарыңарга келбесин жана үйлөрүңөрдө турбасын, болбосо кайсы бир мезгилде силердин адашууңарга себепкер болушат…».

Дагы мындай деп айткан:

«Булар – мен алгачкы күндөрдөн эле айтып келген нерселер жана шарттар. Мына ушул бардык осуяттарга амал кылуу менин Жамаатымдагы ар бир кишиге парыз болот. Өз жыйындарыңарда кандайдыр бир таза эместик, маскара жана шылдың менен алектенбешиңер керек. Жерде ак көңүл, табияты таза жана таза ойлуу болуп жүргүлө. Ар бир жаманчылыкка жооп кайтаруу шарт эместигин билип койгула. Ошондуктан, көбүнчө кечиримдүү болгула. Эч кимге акысыздык менен чабуул жасабагыла. Кызуу кандыгыңарды баскыла. Эгер кандайдыр бир талашып-тартышууга катышсаңар же кандайдыр бир диний сүйлөшүү болуп калса, жумшактык, сылыктык, маданиятуулук жана адептүүлүк менен сүйлөшкүлө. Эгер кимдир бирөө наадандык кылса, салам берип, ошондой жыйындардан туруп кеткиле. Эгер силерге зыян келтирилсе, же орой сөз айтылса жана одоно сөздөр сүйлөшүлсө, анда сак болгула, наадандыкка наадандык менен жооп берүүгө болбойт, болбосо силер да дал ошолордой болуп каласыңар. Алла Таала силерди бүт дүйнөгө жакшылыктын жана чынчылдыктын үлгүсү боло турган Жамаат кылмакчы. Ошондуктан, жаманчылык, тополоң, баш аламандык жана бузуку напсинин үлгүсү болгон бирөөнү тезирээк араңардан чыгаргыла. Биздин Жамаатыбызда карапайымдык, жакшылык, такыбалык, мээримдүүлүк, сылыктык, кең пейилдик жана жакшы жүрүш-туруш менен жашай албаган бирөө тезирээк бизден ажырап кетсин, анткени ушундай кишинин арабызда туруусун биздин Кудайыбыз каалабайт. Албетте, ал бактысыздык менен өлөт, анткени ал жакшы жолду жолдогон эмес. Демек, силер сергек болгула жана чынында эле ак көңүл, карапайым жана чынчыл болгула. Силер беш маал намаз жана моралдык ахвалдардан тааныласыңар. Кимде жаманчылык уругу болсо, ал ушул насаатка амал кыла албайт». («Жарыя», 1898-жыл, 29-май, 2-бет, «Таблийг-э-Расаалат», 7-том, 42-44-беттер)

Ал (алайхиссалаам) дагы мындай дейт:

«Адам баласы ээнбаш болбосун. Бузукулук кылбасын. Элге орой мамиле кылбасын. Мээримдүүлүк жана жакшылык менен мамиле кылсын. Өзүнүн жеңил каалоолорунун айынан эч кимге кек сактабасын. Катуулук же жумшактыкты туш келген кырдаалга жараша колдонсун». («Малфузаат», жаңы басылыш, 5-том, 609-бет)

[1] Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам).

[2] Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам).

Share via