Зулумдук кылбагыла
Анан экинчи шартта ал зулумдук кылбайт деп кезигет. Курани Карим мындай дейт:
فَاخۡتَلَفَ الۡاَحۡزَابُ مِنۡۢ بَیۡنِہِمۡ ۚ فَوَیۡلٌ لِّلَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مِنۡ عَذَابِ یَوۡمٍ اَلِیۡمٍ
Котормосу: Анан алардын араларындагы бөлүнгөн агымдар талашып-тартыш чыгарышты. Ошондуктан, зулумдук жасагандарга оор күндүн азабы түрүндө ойрондук болсун! («Аз-Зухруф» сүрөөсү: 66)
Азирети ЖаабирРА ПайгамбарСАВдын мындай деп айтканын рабаят этет: «Зулумдуктан сактангыла, анткени зулумдук кыямат күнү караңгылыктарга айланып алдыңа келет. Ач көздүк, сараңдык жана кастыктан сактангыла, анткени ач көздүк, сараңдык жана кастык мурункуларды жок кылган, аларды кан төгүүгө тукурган жана урматтуу нерселерди алардын колунан урматсыз кылдырган». («Муснад Ахмад бин Ханбал», 3-том, 323-бет)
Ошондой эле башка бирөөнүн укугун орундатпоо да зулумдукка кирет. Азирети АбдуллаРА бин Масъуд мындай деп рабаят этет: «Мен: «Эй, Алланын Пайгамбары! Эң чоң зулумдук эмне?» – деп сурадым. Ошондо ПайгамбарСАВ: «Кимдир бирөө тарабынан бир тууганынын укугунан бир карыш жерди тартып алуусу – эң чоң зулумдук. Эгер ал зулумдук менен ошол жердин бир ташын да алган болсо, анда анын астыңкы жердин бардык катмары моюнтурук болуп, кыямат күнү анын моюнуна асылып коюлат. Ал эми жердин тереңдигин аны жараткан Кудайдан башка эч ким билбейт», – деп айтты. («Муснад Ахмад бин Ханбал», 1-том, 396-бет, Бейрут)
Өзүнүн бир тууган эже-карындаштары менен ага-инилери же кошуналарынын укуктарын орундатпай тургандар же салгылашууларда акысыздык менен өз карамагына ала тургандар, жерлерди тартып ала тургандар буга көңүл буруулары лаазым. «Биз эч кимдин укугун тепсебейбиз, зулумдук кылбайбыз» деген шарты менен Байъат кылган соң, Ахмадий болгондон кийин дагы да көбүрөөк коркушубуз керек. Бир хадисте Азирети Абу ХурайраРА мындай деп рабаят эткен: «ПайгамбарСАВ: «Силер кедей ким экенин билесиңерби?» – деп сураган. Биз: «Колунда акча жана мал-мүлк жок киши», – деп жооп бердик. ПайгамбарСАВ: «Кыямат күнү намаз, орозо, зекет ж. б. амалдар менен келген, бирок башка бирөөгө орой сөз сүйлөгөн, бирөөгө айып таккан, бирөөнүн мал-мүлкүн жеген, кимдир бирөөнү өлтүргөн же акысыздык менен бирөөнүн канын төккөн киши менин үммөтүмдөгү кедей-бечара», – деп айтты. Ошентип, ошол зулумдук көргөндөргө анын жакшылыктары берилет. А түгүл, эгер алардын укуктары орундалбай туруп, анын жакшылыктары түгөнүп калса, алардын күнөөлөрү мунун мойнуна жүктөлүп коюлат. Ошентип, ал бейиштин ордуна тозокко ташталып жиберилет. Чындыгында, ошол эле адам кедей-бечара». («Сахих Муслим», Китаабул-Бирри вас-Сила, Баабу Тахриймиз-Зулми)
Эми ойлонгула, көңүл бургула. Ар бирибиз ойлошубуз керек. Ошондой иштерди жасай тургандар коркуулары керек. Арабыздагы эч бир адам ошондой кедейлик ахвалында Алла Тааланын алдында барбоосун Кудай Таала насип этсин.
Азирети Масийхи МавъудАС мындай дейт:
«Ушул жерде бар болгон же өзүнүн журтунда жашай турган менин бүт баардык Жамаатым төмөнкү осуятка кунт коюп кулак салсын: алардын ушул Жамаатка кирип, мени менен сүйүү жана кулдук алакасын түзүүсүнүн максат-мүдөөсү мындай: алар жакшы жүрүм-турум, бактылуулук жана такыбанын эң жогорку даражасына көтөрүлсүн жана эч бир баш аламандык, тополоң жана бузукулук аларга жакын да келбесин. Алар беш маал жамаат намазын калтырбай аткарсын. Алар жалган сүйлөшпөсүн. Алар тили менен эч кимди какпасын. Алар эч кандай бузукулук кылбасын. Алар кандайдыр бир тополоң, зулумдук, баш аламандык жана бүлүк салууну ойго да келтирбесин. Кыскасы, алар ар түрдүү күнөөлөр, кылмыштар, айтууга ооз барбаган нерселерден, бардык кызуу кандуулуктардан жана ыңгайсыз аракеттерден оолак болсун. Алар Кудай Тааланын жүрөгү таза, зыянсыз жана карапайым пенделери болсун. Эч кандай уулуу камыр аларда калбасын. Бардык адамдарга боорукер болуу – алардын принциби болсун. Кудай Тааладан корксун, ошондой эле өз тилдерин, колдорун жана ички ойлорун ар бир таза эмес жана бүлүк чыгаруучу жолдордон жана кыянаттардан сактасын. Беш маал намазды калтырбай окусун. Зулумдук, эзүүчүлүк, кыянат менен алдамчылык, паракорлук, укукту тепсөө жана акысыз жан тартуулуктан алыс болсун. Эч бир жаман чөйрөдө отурбасын. Эгер силер менен катышып жүргөн адамдын Кудай Тааланын амирлерине амал кылуучу эместиги… же адамдык укуктарынан кайдыгер экендиги, же табияты заалим, ичи тар жана бузуку адам экендиги, же силер Байъат кылган жана сүйүү алакасын түзгөн адамга карата акысыз, себепсиз одоно сүйлөө, тилдөө, орой сөздөрдү айтуу жана айып тагуу жана жалаа жабуу адатын улантып, Кудай Тааланын пенделерин алдамакчы болгондугу кийинчерээк силерге далилденип калса, анда ошол жаманчылыкты араңардан алып таштоо жана ошондой зыяндуу адамдан оолак болуу силерге парыз. Кандайдыр бир дин, кандайдыр бир коом жана кандайдыр бир тайпанын адамына зыян жеткирүүгө эч ниет кылбагыла, ошондой эле ар бир адам үчүн чыныгы насаатчы жана оңдоочу болгула. Тополоңчулар, кылмышкерлер, козголоңчулар жана бузукулар силердин жыйындарыңарга такыр келбесин жана үйлөрүңөрдө турбасын, болбосо кандайдыр бир мезгилде силердин адашууңарга себепкер болушат».
Дагы мындай деп айткан:
«Булар – мен башынан эле айтып келген нерселер жана шарттар. Мына ушул бардык осуяттарга амал кылуу менин Жамаатымдагы ар бир кишиге парыз болот. Өз жыйындарыңарда кандайдыр бир таза эместик, маскара жана шылдың менен алектенбешиңер керек. Жерде ак көңүл, табияты таза жана таза ойлуу болуп жүргүлө. Ар бир жаманчылыкка жооп кайтаруу шарт эместигин билип койгула. Ошондуктан, көбүнчө кечиримдүү болгула. Эч кимге акысыздык менен чабуул жасабагыла. Кызуу кандыгыңарды баскыла. Эгер кандайдыр бир талашуу-тартышууга катышсаңар же кандайдыр бир диний сүйлөшүү болуп калса, жумшактык, сылыктык жана маданияттуулук, адептүүлүк менен сүйлөшкүлө. Эгер кимдир бирөө наадандык кылса, салам берип, ошондой жыйындардан туруп кеткиле. Эгер силерге тийиштик кылынса, же орой сөз айтылса жана одоно сөздөр сүйлөшүлсө, анда сак болгула, наадандыкка наадандык менен жооп берүүгө болбойт, болбосо силер да дал ошолордой болуп каласыңар. Кудай Таала силерди бүт дүйнөгө жакшылык жана чынчылдык үлгүсү боло турган Жамаат кылмакчы. Ошондуктан, жаманчылык, тополоң, баш аламандык жана бузуку напси үлгүсү болгон бирөөнү тезирээк араңардан чыгаргыла. Биздин Жамаатыбызда карапайымдык, жакшылык, такыбалык, мээримдүүлүк, сылыктык, кең пейилдик жана жакшы жүрүш-туруш менен жашай албаган бирөө тезирээк бизден ажырап кетсин, анткени ушундай кишинин арабызда туруусун биздин Кудайыбыз каалабайт. Албетте, ал бактысыздык менен өлөт, себеби ал жакшы жолду жолдогон эмес. Демек, силер сергек болгула. Чынында эле ак көңүл, карапайым жана чынчыл болгула. Силер беш маал намаздан жана моралдык ахвалдардан тааныласыңар. Кимде жаманчылык уругу болсо, ал ушул насаатка амал кыла албайт». («Кулактандыруу», 1898-жыл, 29-май, 2-бет, «Таблийг-э- Рисаалат», 7-том, 42-44-бет)