Масийхи Мавъуд (ас) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл

Ушул шартта Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) бизден төмөнкүдөй убаданы алууда: туура, адамдар ушул системага кирип, мени менен тууганчылык байланышын байланыштырууда, себеби бир мусулман башка мусулмандын тууганы, бирок ушул жерде байланыштырылып жаткан сүйүү жана боордоштук байланышы андан да жогору турат.

Анткени, ушул жерде теңдик байланышы жана тууганчылык орнотулбай эле. Тескерисинче, силер келе турган Масийхке[1] ыйман келтирүүгө Алла Таала жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) буюрган деп моюнга алуудасыңар. Ошондуктан, биз ушул байланышты Алла Таала үчүн орнотуудабыз. Алла Тааланын динин жогорулатуу, Исламды ааламдын четтерине чейин жеткирүү үчүн, аны жайылтуу үчүн ушул алаканы орнотуп жатабыз. Ошондуктан: «Биз Маъруф[2] иштерге баш ийүүгө да убада беребиз, анан өмүрүбүздүн аягына чейин аны орундатабыз», – деп айтсаңар, анда ушул алака-байланыш ийгиликтүү жана бекем болушу мүмкүн.

Муну да билип койгула, ушул байланыш бул жерге токтоп калбасын, тескерисинче ар күнү ал мурдагыдан да бекемирээк болушу керек. Ал ушунчалык бекем болушу керек, ушунчалык жогорку даражалуу болушу керек: анын каршысында бардык дүйнөлүк тууганчылыктар, алакалар жана достуктар төмөн деп далилдениши керек. Ушунчалык теңдеши жок жана бекем алака болушу керек: анын каршысында бардык алака-байланыштар жана тууганчылыктар максатсыз көрүнсүн. Дагы мындай айтат: «Тууганчылыктарда кээде бир нерсе алгыла, бир нерсе бергиле, кээде баш ийгиле, кээде баш ийдиргиле деген усулду колдонсо болот», – деп ойлонушуңар мүмкүн. Демек, ушул жерде ачык-айкын айтып коёюн: силердин ушул алакаңар кулдар сыяктуу жана кызматчылар сыяктуу дагы, тескерисинче андан да жогорураак болушу керек. Силер унчукпай баш ийишиңер керек. Эч качан: «Бул ишти азыр кылууга болбойт же мен азыр аны кыла албаймын», – деп айтпашыңар керек. Силер Байъат кылганыңардан кийин жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Жамаатынын системасына киргениңерден кийин (өзүңөрдөгү бардык нерселерди Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)га берип салдыңар, эми анын көрсөтмөлөрүнө гана баш ийишиңер керек жана анын таалимин ээрчишиңер лаазым. Ал (алайхиссалаам)дан кийин Хилаафат системасы[3] орнотулгандыктан учурлук Халифанын буйруктары жана көрсөтмөлөрүн ээрчишиңер лаазым. Бирок, ушул жерде мындай ойлонбош керек: кызматчы жана нөөкөрдүн иши – аргасыз кызмат кылуу гана. Кээде кызматчылар күңкүлдөп да жүрө беришет. Ошол үчүн муну жакшылап эске туткула, бул кызматчылардын ахвалындай ахвал, бирок андан жогору турат. Анткени Алла Таала үчүн тууганчылык байланышы да бар жана Алла Таала үчүн баш ийем деген убада да бар, анан ошол себептен курмандык кылуу убадасы да бар. Ошентип, адам чын жүрөктөн курмандык кылганда эле курмандыктын сообуна татыктуу болот. Бул ушундай шарт: ага канчалык терең көңүл бурсаңар, ошончолук Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын сүйүүсүнө чөмүп кетесиңер жана өзүңөрдү Жамаат системасына баш ийүүчү деп табасыңар. Курани Каримде Алла Таала мындай деп айтат:یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ اِذَا جَآءَکَ الۡمُؤۡمِنٰتُ یُبَایِعۡنَکَ عَلٰۤی اَنۡ لَّا یُشۡرِکۡنَ بِاللّٰہِ شَیۡئًا وَّلَا یَسۡرِقۡنَ وَلَا یَزۡنِیۡنَ وَلَا یَقۡتُلۡنَ اَوۡلَادَہُنَّ وَلَا یَاۡتِیۡنَ بِبُہۡتَانٍ یَّفۡتَرِیۡنَہٗ بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِنَّ وَاَرۡجُلِہِنَّ وَلَا یَعۡصِیۡنَکَ فِیۡ مَعۡرُوۡفٍ فَبَایِعۡہُنَّ وَاسۡتَغۡفِرۡ لَہُنَّ اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌКотормосу: Эй, Пайгамбар! Качан момун аялдар сенин алдыңа келип, эч нерсени Аллага шерик кылбастыкка, уурулук кылбастыкка, зына кылбастыкка, балдарын өлтүрбөстүккө, (бирөөгө) өз колдору жана аяктарынын алдында ойлоп чыгарган жалаа кылбастыкка, ошондой эле жакшы иштерде сага баш ийбестик кылбастыкка байъат кылышса, алардын байъатын кабыл эт жана Алладан алар үчүн кечирим сура. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу. АлМумтахина» сүрөөсү: 13)

Ушул аятта аялдардан төмөндөгүдөй Байъат убадасын алууга буюрулган: алар Ширк кылышпайт. Уурулук кылышпайт. Зынаа кылышпайт. Бала-чакасын өлтүрүшпөйт (бала-чакасын тарбиялоого көңүл бурушат). Эч кимге жалаа жабышпайт. Маъруф иштеринде баш ийбестик кылышпайт. Бул жерде Алла Таала тарабынан дайындалган пайгамбар дагы Маъруф эмес иштерге чакырышы мүмкүнбү? деген суроо туулат. Эгер пайгамбар ошондой кылса, анда Халифа да Маъруф эмес иштерге чакырышы мүмкүн. Бул жөнүндө ачык-айкын болсун: пайгамбар эч качан ошондой буйрук бере албайт, пайгамбар сүйлөгөндө, Маъруфту эле сүйлөйт, андан башка эч нерсе айтпайт. Ошол үчүн Курани Каримдин бир нече жеринде төмөндөгүдөй буйрук кезигет: силер Алла жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйруктарына баш ийүүңөр керек, аларды орундатууңар лаазым. Эч бир жерде Маъруф буйрукка гана баш ийүү керек деп жазылган жок. Анан эмнеге эки башка буйрук берилген? деген суроо туулат. Чындыгында, бул эки башка буйрук эмес. Кээ бирөөлөр муну түшүнүүдө жаңылышкан. Мен айтып өткөнүмдөй, пайгамбардын ар бир буйругу Маъруф эле болот. Пайгамбар эч качан Алла Тааланын амирлерине, шарият буйруктарына каршы бара албайт, себеби ал өзү ушул ишке буюрулган. Ал өзүнө буюрулган кызматка каршы барса болобу? Бул – силерге тиешелүү куш кабар: силер пайгамбарды кабыл алып, Кудайдан келгенди кабыл алып, анын Жамаатына кошулуп коргоого алындыңар. Эми силер үчүн эч бир Маъруф эмес буйрук жок, кандай буйрук болбосун, ал Алла Таала алдында жагымдуу.

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) келүүсүн алдын-ала кабарлаган убада кылынган Масийх (Мессия).

[2] Жакшы-жарамдуу.

[3] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалаам)дан кийин Ахмадия Мусулман Жамаатындагы Халифалар жетекчилик кылып келе жаткан руханий башкаруу системасы.

Share via