Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
Кедейлердин даражасы-орду Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында кандай экенин ушул хадистен байкоого болот. Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Кедейлерди сүйгүлө!» – деп айтканын рабаят эткен. Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Аллаахумма ахйиний мискийнан ва амитний мискийнан вахшурний фий зумратил масаакийн», – деп дуба кылып жатканын укканын рабаят кылат.
Котормосу: Эй, Алла! Мени жардылык ахвалында тирүү калтыргын, мени кедейлик ахвалында өлтүргүн жана кедейлердин тайпасынан эле мени тургузгун! («Сунан ибни Маажа», Китаабуз-Зухуд, Баабу мажаалисатил-Фукараа,а)
Демек, ар бир Ахмадий Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолдорунан эле жүрүүсү керек жана ошол эле жолдорду ээрчүүсү лаазым. Ар бир Ахмадий өзүн карапайымдар сабына кошууга аракет кылуусу керек. Анткени, ал: «Карапайымдык менен жашаймын», – деп Байъат убадасын да берген.
Бир рабаятта мындай деп кезигет: Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) төмөнкүдөй рабаят эткен: Жаъфар (разияллааху анху) бин Аби Таалиб кедейлерди абдан сүйчү. Алардын жыйындарында отурчу. Алар менен сүйлөшчү, жардылар да аны менен көп маектешчү. Ошондуктан, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Жаъфар (разияллааху анху)ну Абул-Масаакийн[1] деген лакап менен чакырчу эле. («Сунан ибни Маажа», Китаабуз-Зухуд, Баабу мажаалисатил-Фукараа,а)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Эгер Алла Тааланы изилдемекчи болсоңор, кедей-муктаждардын жүрөгүнө жакын жерден издегиле. Ошол үчүн пайгамбарлар кедейлик кийимин кийишкен эле. Ошондой эле чоң коомдогу адамдар кичине коомду шылдыңдабасын. Дагы эч ким: «Менин үй-бүлөм баарынан өйдө», – деп да айтпасын. Алла Таала мындай айтат: Менин алдыма келгениңерде: «Улутуңар эмне?» – деп сурабаймын. Тескерисинче: «Амалыңар эмне?» – деген суроо болот. Ошондой эле Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн кызына карата айтты: «Эй, Фаатима (разияллааху анхаа)! Алла Таала улутуңду сурабайт. Эгер кандайдыр бир жаман иш кылганыңда, Пайгамбардын кызы болгонуң үчүн сени кечирбейт. Ошондуктан, ар дайым байкап туруп ишиңди жасагын». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 370-бет)
Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:
«Карапайымдык жана жөнөкөйлүк менен жашоо такыба ээлери үчүн шарт болгон эле. Бул такыбанын бир тармагы болуп, аны менен биз акысыз ачууланууга каршы күрөшүбүз керек. Улуу Аарифтер[2] жана Сыддыктар үчүн акыркы жана оор-татаал баскыч – ачуудан сактануу гана болот. Текеберлик жана өзүмчүлдүк ачуулануудан пайда болот. Ошондой эле кээде ачуулануу текеберлик жана өзүмчүлдүктүн натыйжасы болот. Анткени, адам өзүн башкалардан жогору койгондо гана ачуулануу пайда болот». («Репорт Жалса Салаана», 1897-жыл, 49-бет)
Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:
«Эгер асманда Алла Таала силерге ыраазы болушун кааласаңар, өз ара бир курсактан чыккан эки бир туугандай болгула. Араңарда өз тууганынын көптөгөн күнөөлөрүн кечире турган бирөө гана – эң улук адам. Ал эми өжөрлүк кылып кечирбей турган бирөө – бактысыз. Демек, анын мени менен алакасы жок». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 12-13-беттер)
[1] «Кедей-муктаждардын атасы» дегенди туюнтат.
[2] Алла Таала жөнүндөгү нукура илим-билимге ээ болгон олуялар.