Ахмадийлердин хадистерге ишеними [Ахмадияттан кабар]
Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде «Ахмадийлердин хадистерге ишеними» жөнүндө кыскача сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:
«Айрым бирөөлөр: «Ахмадийлер хадистерди кабыл алышпайт», – деп сөз таратышат, дагы башкалары болсо: «Ахмадийлер «фикх илиминин» Имамдарын моюндашпайт» – деген айып тагышат. Бул эки нерсе туура эмес. Чындыгында, Ахмадият «таклийд» (ээрчүү) жана «адми таклийд» (ээрчибөө) маселеси боюнча орточо жолду кармайт. Ахмадияттын таалими боюнча, бул же тигил сөздөр Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрү деп аныкталса, андан кийин башка бирөөнүн сөзүнө кулак салуу – бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата урматсыздык болот. Кожоюну бар жерде кандайдыр бир кулдун чакыруусуна кулак салууга болбойт, устаз бар жерде анын шакиртинен сабак алынбайт. «Фикх илиминин» Имамдары канчалык улуу болушбасын, баары бир алар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шакирттери жана кызматчылары. Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га баш ийүү жолу аркылуу гана алар ушунчалык кадыр-барк, урмат-сыйга ээ болушкан, ошондой эле Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кул болгондуктан гана алар ушунчалык салтанатка жетишкен.
Кыскасы, бир маселе Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атынан далилденип калса жана Курани Каримге дагы туура келсе, ал акыркы чечим жана эч бир өзгөрбөс буйрук. Ушул чечимди четке кагууга жана ага каршы чыгууга эч кимдин акысы жок. Бирок, хадистерди рабаят этүүчүлөр да албетте инсандар, алардын арасында жакшы-жамандары да, эске тутуусу күчтүү-күчсүздөрү да, акылы өткүрлөрү да, алсыздары да бар. Ошондуктан, эгер бир хадистин мааниси Курани Каримге каршы келсе, ал кабыл алынбайт. Анткени баардык хадистер чындыкка шайкеш келе бербейт. Ооба, хадис Имамдарынын өздөрү моюнга алышкандай, айрым хадистер анык, кээ бирлери жалпы деңгээлде, айрымдары шектүү, бириси жасалма. Ошондуктан, маани-мазмуну Курани Карим сыяктуу анык-кемчиликсиз Китепке каршы болгон хадис кабыл алынбайт. Эгер алсак (ушундай хадис тууралуу) Курани Каримде дагы айкын далил болбосо жана хадистин дагы ишенимдүү, акыйкат булактардан экени далилденбесе же белгилүү хадисте жазылган сөздөр бир нече маанини түшүндүрсө, андай учурда Курани Карим жана хадистерди изилдеп, чечмелөөгө өз өмүрлөрүн багыштаган, «фикх илиминин» Имамдары гана анын мазмуну туура же туура эмес экендигин аныктап бериши мүмкүн. Курани Карим жана хадистин маанисине көңүл бурбаган, ой жүгүртпөгөн же билим жана акыл жагынан ой жүгүртүүгө аргасыз болгон жөнөкөй кишинин Имам Абу Ханийфа, Имам Ахмад, Имам Шаафий же Имам Маалик (рахматуллаахи алайхим) жана башка дин имамдарынын сөзү эмне үчүн меникинен артык болуш керек, анткени мен да мусулманмын, алар да мусулман, – деп айтууга кенедей да акысы жок. Эгер жөнөкөй адам менен дарыгердин бир оору жөнүндөгү пикиринде кандайдыр бир келишпестик пайда болсо, анда дарыгердин сөзү туура деп кабыл алынат. Ошондой эле мыйзам боюнча талаш болсо, юрист эмес кишинин талкуусунан көрө юристтин талкуусуна маани берилет. Андай болсо, өз өмүрлөрүн Курани Карим жана хадистерди үйрөнүүгө багыштаган, акыл дарамети дагы башка жүз миңдеген адамдардан артык болгон, ошондой эле такыбалыгы жана ички тазалыгына Алла Таала мөөр баскан Имамдардын пикири эмне үчүн диний маселелерде артык эмес?
Кыскасы, Ахмадият «Ахли хадистердин» пикирине да толук кошулбайт, ошондой эле «мукаллидийндердин» (ээрчүүчүлөр) сөзүнө да толук макул болбойт. Ахмадияттын бул маселедеги татаал эмес ишеними Азирети Имам Абу Ханийфа (рахматуллаахи алайхи)нин төмөнкү ишеними менен бирдей: эң биринчи орунда Курани Карим, андан кийин ишенимдүү хадисттер, алардан соң «фикх илиминин» узтаздарынын көрсөтмөлөрү, далилдери жана «ижтихаады» турат. Мына ушул ишенимге карап, Ахмадийлер кээде өздөрүн ханафий, деп да аташат. Бул – Имам Абу Ханийфа баян кылган «мазхаб» принциптерин кабыл алуу дегендик. Кээде Ахмадийлер өздөрүн «Ахли хадис» деп да айтышат. Анткени, Ахмадийлердин пикиринче, бул же тигил сөздөр Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын осуят сөздөрү деп далилденген соң бүткүл адамзаттын сөздөрүнөн, а түгүл бардык Имамдардын сөздөрүнөн да жогору турат».
(«Ахмадияттан кабар» 21-23-бет, Бишкек – 2006)