Ахмадийлердин «тагдыр» тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар] • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадийлердин «тагдыр» тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар]

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде «Ахмадийлердин «тагдыр» тууралуу ишеними» жөнүндө кеңири сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Ахмадия Жамааты туурасындагы ушул бейкабар кишилер: «Ахмадийлер «тагдырга» ишенишпейт», – деп жаңылышат. Чынында, Ахмадийлер «тагдырды» эч четке кагышпайт. Биз: «Алла Тааланын «тагдыры» бул дүйнөдө өкүм сүрүүдө жана кыяматка чейин уланып турат, аны эч ким өзгөртө албайт», – деп ишенебиз.

Чынында, биз уурунун уурулугун, намаз окубаган кишинин намаз окубаганын, калпычынын жалган сүйлөгөнүн, алдамчынын алдамчылыгын, киши өлтүрүүчүнүн адам өлтүрүүсүн жана бузукунун бузукулугун Алла Таалага жүктөөгө, б. а. өз жүзүнүн каралыгын Алла Тааланын жүзүнө сүртүүгө жасала турган аракеттерге каршыбыз. Бизче, Алла Таала бул дүйнөдө «тагдыр» жана «тадбир» деген эки дайраны бир учурда агызып койгон.

Ar-Rahman 21

«бай-на-ху-маа бар-за-хун лаа яб-ги-ян» (55:21)

деген буйрук боюнча алардын ортосунда кандайдыр бир чек араны белгилеп койгон. Алар эч качан бири-бири менен аралашпайт (55:21). «Тадбир» майданы да, «тагдыр» майданы да өз ордунда турат. Алла Таала Өз «тагдырын» зарыл деп билген иштеринде «тадбир» эч нерсе кыла албайт. Тескерисинче, Алла Таала «тадбир» жолун ачкан иштеринде «тагдырга» үмүт байлап отура бериш кишинин өз келечегин өз колу менен желге учуруу дегендик. Кыскасы, биз адамдын өзүнүн жаман амалдарын «тагдыр» пардасынын артына жашыруусуна, өз шалакылыктары, тоотпостуктары себебинен «тагдырды» айыптоосуна, ошондой эле Алла Таала «тадбирди» колдонууга буюрган жерде «тагдырга» үмүт байлап отура берүүсүнө каршыбыз. Анткени мунун натыйжасы ар дайым кооптуу болот. Мусулмандар Кудайдын «тагдырына» карай отура беришип, коомдук өнүгүүгө зарыл болгон күрөштөн четте калышты, мунун натыйжасы динден артта калганы аз келгенсип, эми дүйнөдөн да кол жуушту. Эгер алар Алла Таала «тадбир» эшигин ачкан иштеринде «тагдырга» карай отура бербей, «тадбирди» көздөй басканда, ахвалдары мынчалык жаман болбойт эле».

(«Ахмадияттан кабар» 23-24-бет, Бишкек – 2006)

Share via