Ахмадийлердин жихад тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар]
Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде «Ахмадийлердин жихад тууралуу ишеними» жөнүндө кыскача сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:
«Ахмадият туурасындагы түшүнбөстүктөрдүн дагы бири: «Ахмадийлер «жихадды» кабыл алышпайт» имиш. Бул туура эмес. Ахмадийлер «жихадды» четке кагышпайт. Ахмадийлердин ынанымы боюнча уруш эки түрдүү болот: бири «жихад», экинчиси жалпы уруш. Бир гана динди сактап калуу үчүн, динди кылыч күчү менен жоготууну жана канжар мизи менен (диндегилердин) ишенимин зордоп өзгөртүүнү көздөгөн душмандарга каршы жасала турган уруш «жихад» деп аталат. Эгер дүйнөдө ушундай абал түзүлсө, «жихад» кылуу ар бир мусулманга парыз болуп калат. Бирок, мындай «жихаддын» бир шарты, мусулмандардан кимдир бирөө «жихадга» чыгып, кимиси кезек күтүп турарын билиши үчүн аны Имам жарыя кылуусу керек. Антпесе, ушул маалда «жихадга» катышбаган ар бир мусулман күнөөкөр болот. Бирок Имам бар болгондо, «жихадга» чакырылышына карабастан, келбеген мусулман гана күнөөкөр эсептелет.
Ахмадия Жамааты качандыр бир мамлекетте «жихадды» моюндаган эмес, себеби англичандар динди кылыч күчү менен өзгөртүүгө аракет кылышпаган. Эгер Ахмадия Жамаатынын бул пикири туура эмес болуп, чынында англичандар динди кылыч менен өзгөртүүгө аракеттенсе, албетте «жихад» парыз болмок. Бирок, «жихад» парыз болгондон кийин ар бир мусулман кылыч көтөрүп, англичандарга каршы күрөштүбү деген суроо туулат. Эгер андай кылбаган болсо, анда Ахмадийлер Алла Таалага: «Бизче, али «жихад» убактысы келе элек. Эгер бир катага жол берген болсок, ал көз-караштагы каталыгыбыз», – деп жооп беришет, бирок (Ахмадийлерге) каршы болгон молдокелер эмне жооп беришер экен? Алар: «Эй, Алла! «Жихаддын» убактысы келгенине ишенгенбиз. Аны өзүбүз үчүн парыз болгонун билгенбиз. Бирок, эй, Аллабыз! Биз «жихадды» уюштурбадык, анткени дилибизде коркуу бар эле, коркпогон кишилерди да «жихадга» катышууга жибербедик, себеби англичандар бизди туткундап алышат деген кооп бар эле», – деп жооп беришеби?
Мен ушул эки жооптун кайсынысы Алла Таалага ылайык болот деген чечимди чыгарууну ынсаптуу кишилердин көңүлүнө сунуш кыламын.
Буга чейин айтып өткөн ой-пикирлерди мен Ахмадият жөнүндө такыр окубаган, Ахмадият тууралуу анын душмандарынын оозунан уккан, же болбосо Ахмадият жөнүндө окубай туруп, анын ишенимдерин жана таалимдерин өз тарабынан чыгарууну каалай турган кишилер үчүн айттым. Эми, мен Ахмадиятты бир аз окуган, ошондой эле Ахмадийлердин Алла Тааланын бир экенине, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын пайгамбарлыгына ишенгендигине, Курани Карим жана хадисти кабыл алгандыгына, намаз окугандыгына, орозо туткандыгына, ажылык сапарга барарына, зекет беришине, кыяматта кайрадан тирилүү жана эсеп-кысап берүүгө, ошондой эле жаза-соопко ыйман келтиргендигине ынанган, бирок: «Эгер Ахмадийлер башка мусулмандар сыяктуу мусулман болсо, анда жаңы бир жамаат түзүүнүн эмне кажаты бар эле?» – деп таң кала турган адамдарга кайрылууну эп көрдүм.
Демек, алар Ахмадийлердин ишеними жана амалына каршы эмес, жаңы бир жамаат түзүүсүнө каршы. Чындыгында, башка мусулмандар менен Ахмадийлер арасында эч кандай айырма жок болсо, алардын башкалардан айырмаланышынын себеби эмнеде? Эч кандай карама-каршылык болбосо, анда башка бир «мечит» куруунун максаты эмне?»
(«Ахмадияттан кабар» 25-26-бет, Бишкек – 2006)