Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы коюлган ачык жалаалар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы коюлган ачык жалаалар

Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы коюлган ачык жалаалардын дагы бири

Кээ бир молдокелер жана айрым каршылаштарыбыз мындай деп айтышат:

«Курани каримдеги бир дагы аятта же Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын бир дагы хадисинде Алла таала «кун фа йакуун», (бол, ошондо ал болот) деген кудуретти Мухаммад Пайгамбар(сав)га ыйгарган деген маани-мазмун баян этилген эмес, бирок Мырза Гулам Ахмад жөнүндө кадиянийлердин (Ахмадийлердин) акыйдасы төмөнкүдөй: Алла таала «кун фа йакуун» (бол, ошондо ал болот) деген кудуретти ал кишиге (Мырза Гулам Ахмадга) ыйгарган. Мисалга, Мырза Гулам Ахмадга төнөнкүдөй вахий-аян берилген:

Иннамаа амрука изаа арадта шай'ан ан такуула лахуу кун фа-якуун». («Хакыйкатуль-Вахий» 105-бет)

Иннамаа амрука изаа арадта шай’ан ан такуула лахуу кун фа-якуун». («Хакыйкатуль-Вахий» 105-бет)

Эй, Мырза Гулам Ахмад! Сенин даражаң ушундай: сен кандайдыр бир нерсеге ниет койгонуңда, ага бол, деп айтсаң, ал болуп калат».

Жогорудагы ачык дооматка жооп: урматтуу окурмандар! Молдокелер жана каршылаштарыбыз ушул жерде Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын вахий-аянын туура эле көчүрүшкѳн, бирок аны которгон убакытта өзүнүн ишенимдүүлүгүн жана ыймандуулугун талкалап салышкан. Молдокелер: «Ушул вахий-аянда Алла таала Мырза Гулам Ахмад(ас)дын өзүндө «кун фа якуун» (бол, ошондо ал болот) деген кудурет бар экенине моюндайт», – деген маанини чыгарууга аракет жасашат, чындыгында болсо, ушул ой-пикир туура эмес. Мисалга, Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) ѳзүнүн ушул вахий-аянын жазган бир дагы жайда молдолор калайык-калкты алдоо максатында которгон котормо сыяктуу которгон эмес. Ушул вахий-аяндын Алла тааланын вахий-аяны экенине кенедей да шек-күмөн жок, бирок ал Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын тилинен баяндалган жана анда Алла таалага эле кайрылган, ошондой эле «Алла тааланын Өзүндө «кун фа йакуун» (бол, ошондо ал болот) деген кудурет бар» деген маанини билдирет. Ошентип, бул вахий-аянда кудум

Иййаака наъбуду ва иййаака настаъийн. (1:5-6)

(Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз) деген аятта колдонулган ыкма эле колдонулган. Ушул аят Алла таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га карата: «Эй, Пайгамбар! Биз сага гана ибадат кылабыз жана сенден гана жардам сурайбыз» деген маанини тап-такыр билдирбейт. Тескерисинче, ушул аятта Алла таалага эле кайрылган жана пенделердин тилинен мындай деп айтылган: «Эй, Алла! Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз».

Дагы бир жерде Алла таала мындай деп айтат:

Иннамаа нутъимукум ли-важхиллаахи лаа нурийду минкум жазаа'ан валаа шукуураа (76:10).

Иннамаа нутъимукум ли-важхиллаахи лаа нурийду минкум жазаа’ан валаа шукуураа (76:10).

Ушул жерде да «йакуулууна» (алар айтышат) деген сөз жашырылган жана анын мааниси төмөнкүдөй: Алла тааланын такыба пенделери мындай дешет: «Эй, Алла тааланын пенеделери! Биз силерди бир гана Алла тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн тамактандырабыз, биз силерден кандайдыр бир кунду да сурабайбыз, силердин ыраазычылык билдирүүңөрдү да талап кылбайбыз (76:10).

Дагы бир жерде Алла таала мындай деп айтат:

Маа наъбудухум иллаа ли-юкаррибуунаа илаллаахи зулфаа (39:4).

Маа наъбудухум иллаа ли-юкаррибуунаа илаллаахи зулфаа (39:4).

Ушул жерде да «йакуулууна» (алар айтышат) деген сөз катылган жана котормосу төмөнкүдөй: мушриктер мындай дешет: «Биз өзүбүз чыгарып алган шериктерге, алар бизди Алла таалага жакындатып жиберсин деп эле ибадат кылабыз (39:4).

Ушул жерде Алла таала «Наъуузубиллаах» (Кудай кечирсин) Өзү жөнүндө «Мен мушриктер жаратып алган шериктерине ибадат кылам деп айтат» деген маани такыр чыкпайт.

Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын жогорудагы вахий-аянында дал ошол эле баяндоо ыкмасы колдонулган, ага молдокелер атайылап акылга сыйбаган сын-пикирлерди билдиришүүдө, ошондой эле ушул сыяктуу сын-пикирди билдирип, чынында алар Ислам душмандарына Курани каримге чабуул жасоо жолун ачып жаткан болушат.

Кыскасы, Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын өзү ушул вахий-аяндар менен чогуу которгон котормосу төмөнкүдөй:

«Эй, Эзелки жана Түбѳлүк Кудай! Мага жардам бергени келгин. Жер кең экенине карабастан мага тар болуп кетти. Эй, Алла! Мен жеңилгенмин. Душмандардан ѳчүмдү алгын. Ошентип, аларды эзип сал, себеби алар жашоо жүрүш-турушунан алыстап кетишкен. Сен эмнени кааласаң, ал Сенин буйругуң менен дароо болуп кетет. («Хакийкатул-Вахий», «Руханий хазааин», 22-том, 104-105-бет)

Каршылаштарыбыз сын-пикир билдирген вахий-аяндын котормосу бул: «Сен эмнени кааласаң, ал Сенин буйругуң менен дароо болуп кетет». Бирок молдокелердин фитна-чагымчылыгына карагыла, а дегенде эмне деген ачык-айкын жалааны жабышат, анан өздөрүнүн ширктен турган ой-пикирлерин Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)га таңуулоого «эр жүрөктүк» кылышат.

Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын бул жөнүндө акыйдасы (ишеними) кандай болгон, тагыраак айтканда, ал(ас) жогорудагы вахий-аяндары турганда «кун фа йакуун» (бол, ошондо ал болот) деген кудурет кимге таандык экенин билген, бул тууралуу ал(ас) мындай деп айтат:

«Мен бир жолу эле эмес, тескерисинче жыйырма ирет Алла тааланын падышалыгы жердин үстүндө бар экенин көрдүм жана Алла тааланын төмөнкүдөй аятына ыйман келтирүүгө аргасыз болдум:

Лахуу мулкус-самааваати вал-арз

Лахуу мулкус-самааваати вал-арз. (57:3)

тактап айтканда, жерде да Алла тааланын падышалыгы өкүм сүрүүдө, асманда дагы. Ошондой эле төмөнкү аятка ишенүүгө да аргасыз болдум:

Иннамаа амрухуу изаа араада шай'ан ан йакуула лахуу кун фа-йакуун

Иннамаа амрухуу изаа араада шай’ан ан йакуула лахуу кун фа-йакуун. (36:83)

тагыраак айтканда, жер менен асмандардын баары Ага эле моюн сунууда, Ал кандайдыр бир ишти жасамакчы болгондо, бол дейт, ошондо ал иш дароо аткарылып калат». («Кашти-э-Нух» 35-бет, «Руханий хазааин» 19-том, 38-бет)

Ал эми молдокелердин сын-пикирине карагыла!

Жалаа жабуунун ушул сыяктуу ыпылас мисалын кимдир бирөө билсе, бизге да көрсөтсүн. Чындыгында, Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) өмүр бою молдокелер жана уламалар менен төмөнкүдөй талашып-тартышып турган: силер мусулман улама болуп туруп да эмнеге Алла тааладан коркпойсуңар? Силер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) үчүн «өлүктөрдү тирилтүү» деген муъжизага ишенбейсиңер жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) топуракты жууруп, куштарды жаратып, аларга үйлөп, аларды тирилтип учуруп жиберчү деп да кабыл кылбайсыңар, бирок Азирети Ыйса(ас) Алла тааланын «кун фа йакуун» (бол, ошондо ал болот) деген сыпатына шерик болчу деген ширктен турган акыйдага ээсиңер. Аны далилдөө үчүн силер Курани каримдеги аяттарды мисал катары келтиргениңерде, Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) эле силердин көңүлүңөрдү бул жакка бурган: пайгамбар жөнүндөгү мына ошондой сөздөр каймана, өтмө мааниге ээ болот, аны сөзмө-сөз алууга болбойт. Азирети Ыйса(ас) айыктыра турган оорулар руханий оорулар эле болчу. Азирети Ыйса(ас) жаратып учурган куштар руханий куштар эле болчу. Азирети Ыйса(ас) тирилткен өлүктөр руханий өлүктөр эле болчу. Ошондо ушул молдокелер жана уламалар мындай деп айтышчу: силер Курани каримди чечмелейсиңер, а биз болсок, албетте аны сөзмө-сөз эле которобуз жана сөзмө-сөз маанилерин эле Азирети Ыйса(ас)га таандык кылууну акыйкат деп билебиз. Ошондо Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) эле узак мөөнөткө чейин ушул молдокелер жана уламаларга түшүндүрүүгө аракет жасаган: силердин тетири ойлоруңар эле Азирети Ыйса(ас)дын Кудай экендиги деген акыйдага «тирөөч» болуп жатат жана анын Кудайдын уулу экендиги деген жалган ойду чындык кылып көрсөтүп жатат. Силер такыр адилеттүү болбойсуңар, силер Азирети Ыйса(ас) жөнүндө «ал өлүктөрдү тирилтчү» деп жазылганын көргөнүңөрдө, Курани карим сөз кылган жылдардан бери көмүлүп келинген денелик өлүктөргө ишенип кетесиңер, бирок качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) тууралуу ошол эле Куранда

Истажийбуу лиллаахи ва лир-Расуули изаа даъаакум лимаа юх-йикум

Истажийбуу лиллаахи ва лир-Расуули изаа даъаакум лимаа юх-йикум. (8:25)

качан Алла таала жана Анын Пайгамбары силерди чакырганда, алардын сөзүнө жооп кайтаргыла, себеби ал силерди тирилтет жана жашоо берет, деп жазылганын көргөнүңөрдө, ушул жерге колдонулган «тирилтүү» сөзүн денелик мааниде эмес, тескерисинче руханий мааниде алууга чектелесиңер. Дагы «адилеттүүңөрдүн» абалы төмөнкүдөй: Азирети Ыйса(ас)дын денеси менен түшүүсү далилденип калды деп кыйкырып даңазалайсыңар, бирок

Кад анзалаллааху илайкум зикрар-Расуула. (65:11-12)

(албетте, Алла силерге улук бир зикирди – Пайгамбарды түшүрдү) (65:11-12) деген аятта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) жөнүндө ошол эле[نُزُوْل]  «нузуул» (түшүү) сөзү колдонулганын көрүп, ал [نُزُوْل]  «нузуул» (түшүү) сөзүн чечмелеп, андан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын денеси менен түшүүсү деген маани чыкпайт дейсиңер.

Кыскасы, бул – силердин курулай тафсирлериңер жана адилетсиздиктериңер эле, аны менен куралданып, силер Алла тааланын ыйык пендеси Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)га чабуул жасап жатасыңар. Бирок ѳзүңѳрдүн зулумдук жана фитна-чагымчылык абалыңарга карагыла, өмүр бою Азирети Ыйса(ас)дын Кудай экендиги жана Кудайдын уулу экендиги деген акыйдага каршы силер менен руханий согуштарды алып барган жана Азирети Ыйса(ас)дын кадимки эле өлүктөрдү тирилтүүсү жана топурактан кадимки эле куштарды жаратуусу деген маанини сөзмө-сөз кабыл кылуудан баш тарткан, ошондой эле бул ыкмада Азирети Ыйса(ас)ды Алла тааланын «кун фа йакуун» деген сыпатына шерик кылууга туура келет деп силерди эскертип келген инсанга, ошол ыйык инсанга, Алла тааланын жалгыздыгына ишенген инсанга: «Бул киши Алла тааланын «кун фа йакуун» деген сыпатына шерик болууда деген жалааны коюп жатасыңар. Бул – алдамчылык жана айла-амалдын туу чокусу.

Share via